БИР БҮРКҮМ

  • Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын башчысы БАКЫТ ЖУМАШЕВ премьер-министрдин тапшырмасы менен жумуштан алынды.

  • Өлкөдө 2,5 миң адам диний көз караштан улам балдарын эмдетүүдөн баш тарткан. ДИНИЙ КӨЗ КАРАШТАН улам гана эмес, барган сайын эмдөөгө каршы чыккандар көбөйүүдө. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин маалымдады.

  • Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчиси БОЛОТ ОТУНБАЕВ 16-майда Дания, Норвегия жана Швеция өлкөлөрүндөгү да Кыргыз элчиси болуп дайындалды.

  • Өлкө аймагында 2016-жылы Ички иштер министрлигинин кызматкерлери катышкан 90 жол кыймылынын эрежесин бузуу катталган. Алардын 47синде МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ күнөөлүү болгон.

  • Республикада 3100дөй диний сыйынуучу жай бар. Анын 2600ү МЕЧИТ, ал эми 380и чиркөө.

  • Акыркы 3 жыл аралыгында өлкө боюнча 3072 бала багып алынган. Анын ичинен 66 баланы чет өлкөлүктөр АСЫРАП АЛЫШКАН. Бул маалыматты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен тастыкташты.

  • УКМК Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИН иши боюнча материалдарды Башкы прокуратурага өткөрдү. Андан ары сотко өткөрүү каралат.

  • Ушул жылдын 4 айынын ичинде 47 ӨСПҮРҮМ өз жанын кыйды. Өткөн жылы 4 ай ичинде 39 окуя катталган эле. ИИМдин өкүлү Азамат Абдрахмановдун айтымында, суицидге барууга себеп көбүнчө ата-энеси менен урушуп кетүү болуп саналат.

  • Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы 1 миллион 400 миң сомдук Toyota Land Cruiser 100 ЖОЛ ТАНДАБАС унаасына тендер жарыялады.

  • Өлкөдөгү МЕКТЕПТЕРДИН дээрлик ар бир үчүнчүсү жолдун жээгинде жайгашкан. Ушул жылдын 4 ай ичинде катталган 1684 жол кырсыктарынын 336сы балдардын катышуусунда болгон.

  • КАРАКОЛ КМШдагы активдүү жайкы эс алуу үчүн популярдуу курорттордун алдыңкы бештигине кирди. Мындай рейтингди "ТурСтат" аналитикалык агенттиги мейманканаларды алдын ала брондоо системи аркылуу чыгарды.

  • Казакстандын парламенти Кыргыз мамлекетине финансылык жардам көрсөтүү максатында 100 МИЛЛИОН ДОЛЛАР бөлүү тууралуу макулдашууну жактырды.

  • 18-майда паракорчулукка шектелип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты КАНАТ ИСАЕВДИН иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан