ЖАЛАЛ-АБАДДА КАЙРАДАН ШАЙЛОО ӨТӨТ

2016-жылдын 11-декабрында шайланып келген Жалал-Абад шаардык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттары коалиция курай албай тарап кетишкен. Анын негизги себеби мэрлик жана төрагалык кызматты бөлүшө албай коюшканында болду. 11-декабрда КСДП, "Кыргызстан", "Республика–Ата Журт", "Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс" партиялары өтүп, "Республика–Ата Журт", "Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" партиялары коалиция түзүүгө жетишкен. Бирок алгачкы жыйынга КСДП жана "Кыргызстан" партиялары келбей коюп, "жыйынды жашы улуу адам ачпады" деген жүйө менен сотко беришкен. Ошентип коалиция апрелде тарап, президент тарабынан кайра шайлоо 28-майга коюлган. Ага КСДП, "Ата Журт", "Республика", "Өнүгүү-Прогресс", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары ат салышууда. "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев интернет баракчасы аркылуу аймактык шайлоо комиссиясынан шайлоонун таза өтүшүн камсыздап берүүнү суранды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан