ЧЕТ ЖЕРДЕ БЕКЕР ОКУУ ЧОҢДОРДУН БАЛДАРЫНАН АРТПАЙБЫ?

Венгрия менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда 2016-жылы жыл сайын 25 кыргыз студентин акысыз окутуу боюнча келишим түзүлгөн. Бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу максатында жүздөгөн бүтүрүүчүлөр документ тапшырышкан. Бирок Венгрияга алардын документтери жөнөтүлбөстөн, жалаң чиновниктердин балдарынын тизмеси көрсөтүлгөн. Билим берүү жана илим министрлиги чоңдордун балдарын кайсы экзамендин негизинде, кантип тандап алганы белгисиз экенин айтат Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. "Мага ата-энелер кайрылды. Жүздөгөн балдардын документтери белгисиз себептерден улам Венгрияга жиберилген эмес. Ал аз келгенсип резервдеги 25 баланын документтери да жөнөтүлбөй калган",- деди Акаев. Депутаттын Твиттерге жарыялаган тизмесинде Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдун, парламенттин депутаты Мурадыл Мадеминовдун кыздарынын жана башкалардын ысымдары көрсөтүлгөн. Депутат "бул менен чиновниктин балдары окубасын дебейм. Болгону башкалардай адилеттүү экзамен тапшырсын" деди. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги: "Венгрия талапкерлер үчүн бир нече талаптарды койгон. Комиссиясында болсо коомдук уюмдар отурган. Сынактын 2-турун венгриялыктар онлайн түрдө алышат. Кимдин өтөрү ошондо чечилет",- деп маалымат таратты.
Коомчулукта депутаттын сөзү кызуу талкууга алынып, "мындай иштер болуп келген, дагы да боло берет, коррупция менен күрөшкүсү келген бийлик биринчи оппоненттерин эмес, ушуга окшогон иштерди ооздуктасын" деген пикирлер айтылууда. Кыргыз өлкөсү айрым өлкөлөр менен атайын келишим түзүп, гранттык орундар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан көзөмөлдөнөт. Ал эми кээ бир чет өлкөдөгү университеттер интернет аркылуу документтерди кабыл алгандыктан, тандоо адилеттүү жүргүзүлөт.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан