СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КСДПнын ИШЕНИМИН АКТАЙ АЛАБЫ?

Ушул күздө өтө турган президенттик шайлоого бийликчил партия кимди сунуштай тургандыгын көпкө создуктуруп отуруп, 17-май күнү гана чечти. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков, КСДПнын катарында көп жыл жүрүп, бирок бийликке келбей четке сүрүлүп калган эски активисттердин сунушу боюнча Чүйдүн мурунку губернатору Сагынбек Абдрахманов... Талапкер болушу мүмкүн деп айтылып жаткандардын арасынан социал-демократтардын саясий кеңеши Сооронбай Жээнбековду тандады.

ШАЙЛООНУН 15-ОКТЯБРДА ӨТҮШҮН ДЕПУТАТТАР КОЛДОДУ

Буга чейин президенттик шайлоо конституциялык мыйзамга ылайык 19-ноябрга туура келери айтылып жаткан. Бирок "Ата Мекен" фракциясы "1-декабрга чейин жаңы президент кызматка киришкенге жетишпей калат" деген жүйө менен 27-августта өткөрүү керектигин айтып чыккан. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "шайлоону 15-октябрда өткөрсө туура болот" деген сунуш киргизген. Ошентип "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилип, анда шайлоону 15-октябрда өткөрүү көрсөтүлдү. Аталган мыйзам долбоору 17-майда парламентте талкууланып, 2-окууда депутаттардын колдоосун тапты. Алдыда дагы 3-окуу калды.

КСДПнын АТЫНАН ЧОҢ КАЗАТКА ЖЭЭНБЕКОВ АТТАНАТ

Саясий кеңеш тарабынан тандалган Сооронбай Жээнбековдун тагдыры эми партиянын курултайында чечилиши керек. Жалаң чоң кызматтагы чиновниктерден куралган саясий кеңештин чечими курултайда колдоо таппай калары күмөн. Саясий кеңеш чогулардан 2-3 күн
мурун Сапар Исаков "президенттикке аттануу планым жок" деп билдирүү таратса, Чыныбай Турсунбеков "КСДПнын ичинде президенттикке татыктуулар көп. Татыктуулардын катарында мен да болушум мүмкүн" деген оюн айтты. Ал эми КСДПнын катарында көптөн бери келе жаткан, саясий кеңештин тандоосуна макул болбогон топ альтернативдүү талапкер катары Чүйдүн мурунку губернатору Сагынбек Абдрахмановду алып чыгышарын билдиришти.
Бул аралыкта президенттин демилгеси менен башталган "Таза коом" долбооруна чет өлкөлүк донорлорду издөө, тезинен ишке киргизип баштоо аракеттери күч алды. Коопсуз өлкө, сапаттуу тейлөө сыяктуу максаттарды алдына койгон аталган долбоордун президенттик шайлоонун астында демилгеленип чыгышы шектенүүнү жаратууда. Бул боюнча экс-президент Роза Отунбаева "Таза коом" жалпы өлкөнүн кызыкчылыгында ишке ашуусу керектигин, ал кайсы бир президенттикке талапкердин платформасына айланып кетпеши керектигин айтып чыкты.

ШАЙЛОО БОСОГОСУН 7ДЕН 9 ПАЙЫЗГА КӨТӨРҮҮ СУНУШТАЛДЫ

Кыргыз өлкөсүнүн парламенттик шайлоосунун босого баллы 7 пайыздан 9 пайызга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Мындай демилге 17-май күнү парламент жыйынында "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда талкууланып, 2-окууда жактырылды. Парламенттик шайлоодогу босого баллдын жогорулашы депутаттар арасында бир топ нааразычылыктарды жаратты. "Бир бол" фракциясынан депутат Улугбек Ормонов башка өлкөлөрдө босого балл 3-5 пайыз экенин айтып, 9 пайызга көтөрүүгө эмне себеп болуп жатканына кызыкты. Демилгечилер "баллдын жогорулашы партиялардын биригишине шарт түзөт" деп жооп кайтарышты. Ошондой эле демилгечи депутаттар тобу мындай өзгөртүү 2020-жылдын январынан тарта күчүнө кирерин айтып өтүштү.

Маалымат үчүн: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу босого балл мурда 5 пайыз болсо, кийин 7 пайызга көтөрүлгөн. Республика боюнча жогорудагы босогодон өткөн партиялар гана парламенттик шайлоодо жеңүүчү аталат.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан