Алтынай Эмильбекова, "Супер сулуу-2016" сынагынын "Сымбаттуу сулуу" наамынын жеңүүчүсү: "ДЕПУТАТ БОЛУШУМ МҮМКҮН"

КААРМАН ТУУРАЛУУ:

Туулган жылы, күнү
– 1995-жыл, 17-май
Туулган жери – Бишкек шаары
Параметри – 83-61-89
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 50 килограмм
Учурда – Кыргыз-Орус Славян университетинин саясат таануу факультетинде магистратурада окуйт
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Үй-бүлөдө 6 бир тууган, 1 эжеси, 4 иниси бар

– Алтынай, сени Нурлан Насиптин "Эркелетсемби?" ырынын клиби таанымал кылды окшойт. Ал кезде канча жашта элең?
– 10-класста окуп жүргөндө шоу чөйрөгө кызыгуум ойгонду. 2011-жылы клипмейкер Эрнист Сыдыков "Нурлан Насиптин клибине тартыласыңбы?"деп жазып калды. Нурлан ал кезде көп тааныла элек жаңы чыгып келаткан ырчы эле. Ноябрь айы болчу, студияга келип, Нурланды 3 саат күттүк. "Ал эмне болгон жылдыз?! Кетем, үшүп калдым, суук тийип калат" деп кетип баратсам, Нурлан келип калды. Кичинекей бөлмөдө тартылган клип элге тарап популярдуу болуп кетти. Кийин Нурлан "клиптерге түшпөй тур, меники жайылып алсын" деп чалып жүрдү. Андан соң моделдик агенттик менен келишим түзүп, байланып калдым.

– Моделдик агенттиктер менен келишим түзүп алып өкүнгөн учур болгонбу?
– Келишим бул формалдуу түрдө гана. Анчалык олуттуу документ эмес. Эң башкысы, тапкан акчаңдын жарымын моделдик агенттикке бересиң. Толбош керек, чачты кеспеш керек деген пункт бар. Мурун көргөзмөлөргө чыкканда акчамды сурай албай уялчумун. Чоңойгон сайын "карышкыр" болуп алтындай убактымды эсептеп калдым. Кээ бирөө "Алтынай акчага эле тартылып калган" дешет. Убакыт деген акча да.

– "Моделдик агенттиктер кыздарды сатат" деп айтылып келет. Бул кептердин чындыгы барбы?
– Моделдик агенттиктер кыздарга өзүн алып жүрүшүнө карата мамиле кылат. Эгер мен бир жактан коркунучту сезсем, дароо ал жактан кетип калам. Жалжактабай, ичип-чекпей, эркектерге жабышпай өзүңдү татыктуу алып жүрсөң андай сунуштар болбойт. Кыздардын андай кылыктарына шам кармаган эмесмин. Бирок бар болушу керек. Анткени шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи.

– "Атам катуу кармайт" деп көп айтасың. Өзүңдү жакшы алып жүргөнүң катуу тарбиядан болуш керек?
– Атамдын көз карашын карап эле "демек, бул кийимди чечип, башка кийиш керек турбайбы" деп түшүнөм. Ошондуктан атамдын көзүнчө лосина, чолок шым кийбейм. Ал баарыбызды катуу кармайт.Эрте иштеп калгандыктан үйгө кеч келсем атам урушпайт.Анткени анын ишеничин актагам.Эжеме бир жолу "саат 12де келесиң" десе 1де келип калып, ошондон кийин үйдөн чыга албайт.

– Учурда мамлекеттик жумушта иштеп жатасың. Чыгармачылыкка жакын адамдар кеңседе кысылып кетчү эле...
– Атам жаш кезинде өзүнүн кыялдары орундалбай калганы үчүн "кызым, акчага кызыкпа, мамлекеттик жумушка эч нерсе жетпейт" дейт. Мурун мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп жеке ишкерликке өтүп кеткен. Азыркыга чейин "кетпей эле койсом болмок" деп өкүнөт. Атам үчүн окудум, иштеп жатам десем болот. Мен үчүн да мамлекеттик кызмат идеалдуу жумуш. Улуу адамдар менен сүйлөшүп жашоого тажрыйба топтойсуң. Жумуштан тышкары башка долбоорлор менен иштейм. Өзүм чыгарган кийимдерди сатып кошумча каражат табам. Дүкөн ачууга камынып жүрөм. Жеке ишкерликти жалгыз өзүм баштай албайт болчумун. Бир күнү апама айтсам, колдоп кетти. Калп айтпасам, 3 миң сом менен баштаганбыз. 2 костюм чыгарсак бат эле сатылган. Андан кийин кийимдердин саны көбөйүп, ийгиликтүү уланып кетти.

– Мамлекеттик жумушта иштеп кайсы кызматка чейин көтөрүлүшүң мүмкүн?
– Депутат болушум мүмкүн. Шаардык кеңеште тандоо болуп жатканда "өзүңдүн аймагыңан чыгып көрбөйсүңбү, аудиторияң бар" дешкен. Бирок ага көп каражат, убакыт керек. Жөн эле узун тил менен чыгып кетпейсиң. Анын үстүнө быша элекмин, бери дегенде 5 жыл керек. Азыр бийликке деле көзүм күйө элек. Саясат таануу факультетинде окугандыктан ушул бийиктикти багындырышым мүмкүн.

– "Супер сулуу-2016" сынагынын жеңүүчүсү болгум келет" деп сынакка катышкансың. Бул тилегиң орундалбай калып капа болгон элең...
– Бул сынакка 2 жыл мурун катышайын дегем. Бирок 2 жыл уюштурулган жок. Бир ишти кылбай калсаң жүрөгүң ооруй берет го. Ошондуктан сынак старт алары менен сүрөт жөнөтүп, утам деген ой менен баргам. Көрсө, тагдыр деген нерсе бар экен да. Таажыны утканга жараша колдоно билиш керек деп ойлойм. Мен жеңсем мага башка статус бермек. Утулуп калганда катуу эле сыздадым. Ошон үчүн башка сынактарга катышпайм деп чечтим. Мен албаган таажыны кызым алсын деп тилеп койдум. Мурун утуп жүрүп көнүп калганга жаман болдум окшойт."Кечке сен эле жеңе бересиңби?! Башкаларга деле жол бербейсиңби!" деген бир кишинин сөзү жүрөгүмдү тынчтандырды. Башымдан сылап "баары жакшы болот, сен утмаксың" деген сөздөрдү жаман көрөм.

– Маегиңе рахмат!

"Нурлан Насиптин "Эркелетсемби" ырынын клибине тартылганда 10-класста окучумун".


"Мага буюрбаган таажыны кызым алсын деп тилек кылдым".


Динара Абдыкадырова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Алтынай Эмильбекова, модель: “Мен албаган таажыны кызым алсын деп тилек кылдым”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (60)
Djumaev0mur
2017-05-23 01:22:20
Атасы каттуу кармаган кыз ушундай болсо, каттуу кармабаган кыздар кочодо жыланач эле журот экенда а? Ойду чолду эле мактанатго, бул депутат болсо деле, элге кызмат кылбай, ббаарыдык кыздарды ХХХ кылат, азыр баардык моделерлер заказ мн иштейт, ошон учун баары модилер
+4
Shahrizaada
2017-05-23 01:32:45
Дагы жакшы атасы катуу кармайт экен, болбосо ХХХ башына кийип чыгып алмак ХХХ болуп.
+1
admin_superstan
2017-05-23 12:07:16
Shahrizaada, этика нормаларын сактаңыз.
0
тилек
2017-05-23 09:29:26
Ммдааа мастер участка дагы эмес же начальник участка дегин таза болбосо директор дегин сразу депутат ушундай депутаттан кийин балдарымдын келечегин ойлоп ыйлагын келип кетет. Бир соз менен айтканда куйгузбочу..........
+3
televizor
2017-05-23 10:39:07
Жылдыз оорусу менен ооруп калган го
0
aizirek88
2017-05-23 15:40:46
Бул кыз обужоктонуп мактанганын койбойт экен да. Супер Инфонун сулуулар сынагына катышаар алдында өзү жөнүндө кыскача ролик тартканда Ак үйдө депутаттын жардамчысымын, мамлекеттик кызматта иштейм деп апырткан. Калп. Мээрбек Мискенбаевдин коомдук жардамчысы болсо керек эле. Ар бир депутатта 15тен коомдук жардамчы бар жана алар мамлекеттик кызматкер болуп эсептелбейт. Алтынай депутат боло турган болсо шефи Мискенбаевден ашса ашат, бирок кем калышпайт. Көөбүрөөк оку. Деңгээлди өстүр анан кыялдан)))
+2
gulzat91
2017-05-23 17:01:36
Нурлан жонундо айтканы аша чаап кеткен го.Нурлан кантсе да мыкты ырчы,ачылып чачылбай эле эл алдында барктуу.Бул кыз эмнесине озун звезда сезип алган?!
+5
Aiiko
2017-05-23 19:12:57
Бири биринин аркасын ачып журо беришет экенда. Дайыр KG Элмуратты айтса,бул Нурланды айтса. Сен жонундо соз болуп жаткандан кийин аралаштырбай эле кой
+1
originalkgz96
2017-05-23 19:41:10
жонокойлукту уйронсок болот эле э
+1
Bella1
2017-05-24 13:53:09
Жакшы жакшы татынакай кыз.Бирок,биздин ушундай сулуу кыздарыбыз ачынып чачынбай эле аял затына жарашыктуу кийимдерди кийип эл алдына чыгышса болот.Атасынын жанында ласина кийбей жүрүп,анан эл алдына купальникчен чыгып койгону чатак экен...((
+1
mambet25
2017-05-25 08:55:43
Ийгилик каалайт элем,ит уро берет кербен журо берет,оз мандай тери менен акча таап окуп жаткан жаштарга улгу болсун дейт элем,балким депутат болуп олкобуз онолоор,тыйиндын эки бети бар дегендей жалан жаман жагын жазыпсынар жакшылыктан умут узбош керек
0
waiting
2017-05-25 12:13:08
Минус толуп кеткен го "какшык" созго!? Эмне дейбиз,акчанын кулу болбой,ыйман кирээр кун дагы келээр..
0
Tattybubu93
2017-05-25 13:50:01
ай куйгузгу ай...бул ким озу...бир клипке тартылып алып эле учуп журотко асманда...Нурлан азыр бир топ ырлары элге синип белгилуу болсо да сенден жонокой....а сен озунчо эле звездасын го...атам катуу кармайт деп кулкуну келтирип бул жактагыларга эрмек болупсун
+2
Birimdik5555
2017-05-27 03:09:49
Tattybubu93,
0
doping
2017-05-27 12:02:11
ой ким эле бул нурландын клибинде сен никто сун
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-27 15:40:06
Тообо трусий менен чыгып алып атам катуу кармайт дейтго
0
leonar
2017-06-03 16:45:06
Фигурасы сонун экен, жузу анчалык эмес.
0
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан