БАБАНОВ БААРЫНАН АЛДЫДАБЫ?

Президенттик шайлоо жакындап, КСДПнын саясий кеңеши көптөн күттүргөн талапкерин көрсөттү. Ал азыркы өкмөт башчысы С.Жээнбеков болуп чыкты. Эми Сооронбай мырза шайлоонун фаворити болуп келе жаткан Өмүрбек Бабанов менен президенттик такты талашмай болду. Буларды салыштырып көрсө "Республика–Ата Журттун" лидери жаштыгы, капчыгынын калыңдыгы, реформаларга барууга саясий эрки жетери жактарынан талапкерлерден, анын ичинде бийлик алып чыккан талапкерден да алдыга чыга алат. Социологиялык иликтөөлөр да чоң ажырым менен Өмүрбек мырзанын пайдасына чечилип келатат. "Калк айтса, калп айтпайт" дегендей, интернет булактарындагы электрондук добуш берүүлөрдүн биринде Бабановду президент болсун деп 41,15 пайыз добуш берсе, Жээнбековго 0,87 пайыз гана киши добушун берген. Ага чейин Gallup социологиялык изилдөө институту Кыргызстан боюнча сурамжылоо жүргүзүп, Бабановго 80 пайыз, Жээнбековго 45пайыз эл добуш бергенин билдирген. Ошондой эле келе жаткан жекшембиде шайлоо өтсө, Өмүрбек мырза президенттикти жеңип аларын билдиришкен. Андыктан Өмүрбек мырза күздөгү аламан байгеде татыктуу атаандашы жок экенин билип, салмактуу кадам жасап, жеңишке карай ишенимдүү бара жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан