Чубак ажы: «ТЕМИР САРИЕВ МУСУЛМАНДАРГА БААСЫ ЧЕНЕМСИЗ ТАБЕРИК КЫЛДЫ»

Чет өлкөлөрдүн биринде сакталып турган 18-кылымга таандык ыйык Куран китепти Темир Сариев бир топ жыл мурда тийиштүү сертификаты менен сатып алып, үйүндө сактап жүргөн. Ал жакында ошол ыйык Куранды Кыргызстан Ислам университетине белекке берип, Чубак ажынын колуна тапшырды. Китеп кол жазма менен жазылып, жазуулар алтындын буусуна жалатылган. Сырты булгаары менен шөкөттөлүп, барактары өзгөчө сапатка ээ.
Сейрек кездешкен баалуу китеп окуу жайга жалпы мусулмандардын колдонуусуна берилгенине Чубак ажы чын дилинен ыраазычылыгын билдирип, мындай деди: “Бул китеп – таберик китеп, анын мааниси ченемсиз. Адам кара жанын гана ойлоп, руханий баалуулук тууралуу эч ким ойлонбой калган учурда мына ушул китептин колубузда турганы бизге ишеним жаратат.
Темир мырзага ыраазычылык билдирем, ушул китепти башкалардай болуп бекитип, төргө илип алып мактанбастан, "жалпы эл пайдалансын, студенттер окусун" деп, китеп илим экенин, жеке адамдын эмес, элдин байлыгы экенин иши менен көрсөттү. Ошондой эле Темир мырза илимди колдоого далалат кылат деген ишенимдемин”.
Чубак ажыга китепти тапшыруу учурунда Темир Сариев ислам баалуулуктары маанилүү экенине токтолду: “Терең илим-билимдүү инсан катары сизге сый-урматым бар. Ислам университети абдан керектүү багыт. Саясатта, мамлекеттик кызматта, өкмөт башкарып жүрүп терең түшүнүп калдым. Бүгүнкү болуп жаткан багыттарды жолго салып, анын ичинде кыргыз маданиятын, салтын, тилин сактап, ошол эле убакта Мухаммед пайгамбардын хадистерин элге туура жеткирип берсек. Элибиздин жазылбаган каада-салты, нарк-насилдери болгон. Байыртадан бизди ошол баалуулуктар, эрежелер сактап келген”.
Жыйынтыгында Чубак ажы башында турган Ислам окуу жайынын жамааты ыраазычылыгын билдирип, Темир Сариевге батасын берип узатышты.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан