БАБАНОВДУН БАГЫ ЖАНАБЫ?

Кыйладан бери табышмак болуп турган КСДПнын президенттикке талапкери аныкталар менен коомчулук негизги күрөш Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбековдун ортосунда болорун айтып чыкты. Парламенттеги айрым депутаттар Сооронбай мырза өкмөт башчылык орунун өткөрүп бериши керек экендигин, болбосо ал кызмат ордун өз шайлоосуна карата пайдаланганы адилетсиздик болуп каларын белгилешти. Эмитен эл эки тарапка, тактап айтканда, бабановчулар жана жээнбековчулар болуп бөлүнө баштаганы байкалып жатат. Ошол эле маалда Москва менен Астана сыяктуу коңшулар да биздеги шайлоого кайдыгер карабасы белгилүү. Көшөгө артында "Путин менен Назарбаевдин көңүлү Өмүрбек Бабанов тарапка ооп жатат" деген кептер айтылууда. Өмүрбек мырза орус президенти менен өкмөт башчы кезинде тыгыз иштешкен. Ал эми Нурсултан Назарбаев Бабановду казактын күйөө баласы деп билери белгилүү. Эл арасындагы пикирлерди жана өнөктөш өлкө жетекчилеринин мамилелерин эске алсак, Өмүрбек Бабановдун багы жанганы калган окшойт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан