ПАЙДАСЫ КӨП НАН ТҮРЛӨРҮ

БУУДАЙ УНУ КОШУЛГАН ЗАГАРА НАН



Керектелүүчү азыктар:

Буудай уну – 250 грамм
Жүгөрү уну – 150 грамм
Каймак май – 1 чай кашык
Туз – 1 чай кашык
Кумшекер – 2 чай кашык
Сүт – 250 грамм
Жумуртка – 1 даана
Ачыткы (дрожжи) – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Жылуу сүткө кумшекер, туз, ачыткы, каймак майды салып, чалуу зарыл. Эми жумуртканы салып, дагы чалсаңыз, аралашма даяр.
2. Идишке алдын ала эленген буудай жана жүгөрү унун салып, үстүнө аралашмадан куюп камыр жууруңуз. Камыр колго жабышпай калгыча жуурулат.
3. Камыр көпсүн үчүн жылуу оролуп 1 саат коюлат. Анан ачып камырды ийлеп, кайра үстүн жаап бир азга коюңуз.
4. Электр мешинин табасын майлап, камырды салып, кол менен жазылап, алдын ала 190-200 градуста ысып турган электр мешине салып 30 мүнөт бышырасыз. Нан даяр!

ЗАГАРА НАНДЫН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

+
Мындай нандын курамында B1, B2, B6, B9, B12, C, PP витаминдери жана минералдардан калий, кальций, магний, цинк, жез, темир, фосфор бар. Андыктан организмге пайдалуу. Алып айтсак, өттүн, мээнин иштешин жана теринин өңүн жакшыртат. Курамындагы темир анемиядан арылууга жардам берсе, клетчаткалар ашказан-ичегини жакшы иштетип, ич катууну четтетет.
- Ашказанында же ичегисинде жарасы барларга, ичегиси сезгенгендерге көп жегенге болбойт.

КАРА НАН

Керектелүүчү азыктар:

Кара ун – 250 грамм
Ак ун – 250 грамм
Туз – 1 чай кашык
Кумшекер – 1 аш кашык
Ачыткы – 1 чай кашык
Суу (жылуу) – 350 грамм
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Күнжүт уругу – каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Идишке ак унду, анан кара унду элеп алабыз. Кара ундун кебегин күнжүт уругуна кошуп талкалап алуу керек.
2. Унга туз, ачыткы, кумшекерди кошуп, үстүнө суудан куюп камыр жууруп, көбүшү үчүн 1,5 саат коёбуз. Көөп чыкканда өсүмдүк майын кошуп ийлеп, үстүн жаап тыныктырабыз.
3. Табанын түбүн майлап, үстүнө ундан аздан себелеп камырды салып, кол менен жазылап формага келтиребиз. Бетине күнжүт уругу аралашкан кебекти себелейбиз. Нандын бетин сүлгү менен жаап дагы тыныктырабыз.
4. Нанды 200 градуста ысып турган электр мешине салып 15 мүнөт койгондон кийин температураны 180 градуска түшүрүп 35 мүнөт бышырабыз. Нан даяр!

КАРА НАНДЫН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

+
Кара нандын курамында белок, май (өтө аз), көмүртек, натрий, калий, кальций, фосфор, темир жана A, B1, B2, PP, C витаминдери бар. Организмден шлактарды, ууларды, жаман холестеринди чыгарат. Анемиянын алдын алат. Курамындагы клетчатка ашказан-ичегини жакшы иштетип, тамак-аштын сиңишине көмөктөшөт.
- Ичегинин оорусу, ашказан жана 12 эли ичегисинде жарасы барларга, ашказанынын кычкылы жогоруларга жегенге болбойт! Ооруну күчөтөт.

ЧАБАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Ак ун
– 1 стакан
Суу (же сүттүн сары суусу) – 100 грамм
Туз – 0,5 чай кашык
Каймак (каймак май же сары май) – каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Унга туздуу суудан куюп камыр жууруп, 30 мүнөт тыныктырабыз. Анан камырды 4 бөлүккө бөлүп, жука кылып жаябыз.
2. Камырды казанга же көмөч казанга бышырууга болот (майсыз!). Жакшы бышышы үчүн отту күчтүү кылбай таптап бышыруу сунушталат. Алгач бир бети, анан экинчи бети бышырылат. Көөп, томпоюп чыккан жерлерин вилка менен сайып тешип коюу керек.
3. Бетине май сүйкөлүп желет.

ЧАБАТЫНЫН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

+
Диеталык азык. Арыктайм дегендерге сунушталат. Курамында калий, кальций, магний, цинк, жез, фосфор, темир, A, B1, B2, B5, PP витаминдери жана башкалар болгондуктан организмге пайдалуу. Ачыткысыз болгондуктан ашказан-ичегиге күч келтирбейт, бат сиңет, ичти көптүрбөйт.
- Катуураак экендиги. Ичегинин оорусу, ашказан жана12 эли ичегисинде жарасы барларга чабатыны анда-санда гана аз өлчөмдө жеш сунушталат.

БУУДАЙ КЕБЕКТҮҮ НАН

Тазаланган кебекти учурда дүкөндөн, базардан сатып алууга болот. Алтургай анын даам жана жыт берүүчү кошулмалар менен чыгарылган түрлөрү бар. Майдаланган же тоголок (гранул) түрүн колдонуу сунушталат.



Керектелүүчү азыктар:

Сүт
– 2 стакан
Жумуртка – 1 даана
Кебек – 50 грамм
Кумшекер – 4 аш кашык
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Туз – 2 чай кашык
Ачыткы – 11 грамм
Ун (1-сорт) – 600 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Бул рецепт 2 нан үчүн берилди. Бир стакан сүттү капкактуу идишке куюп, ысытып алган соң ага кебекти салып, бетин жаап, бир топко демдеп коюу кажет.
2 . Эми калган сүттү жылуу кебектүү сүттүн үстүнө кошуп, жумуртка, кумшекер, туз, ачыткыны салып чалабыз. Үстүнө ундан кошуп, камыр колго жабышпай калгычакты жууруйбуз. Камырдын бети кургап кетпеши үчүн өсүмдүк майы менен майлап, үстүн ороп, ачышы үчүн 1 саат коёбуз.
3. Камыр ачыганда ийлеп, бетин жаап бир аз тыныктырабыз.
4. Электр мешинин табасын майлап, камырды салып, кол менен жазылайбыз. Каалагандай формага келтирсеңиз болот.
5. 40-50 градуста ысып турган электр мешине нанды салып, ал бир аз көтөрүлгүчө кармайбыз. Анан 200 градуста 30 мүнөт бышырабыз.

КЕБЕКТҮҮ НАНДЫН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

+
Курамында цинк, калий, көмүртек, кальций, витаминдерден A, D, B12, B6, темир, магний жана башкалар бар. Андыктан ток кармап, тамак-аштын жакшы сиңүүсүнө таасир этет. Кебек организмдеги зыяндуу заттарды жана ууларды өзүнө сиңирип, алардын сыртка чыгуусуна өбөлгө түзөт. Зат алмашууну жакшыртып, зыяндуу холестеринди чыгарат. Ойлоону жакшыртат. Кандагы канттын деңгээлин төмөндөтөт. 15 грамм кебек организмдин 1 күндүк темирге болгон керектөөсүн камсыз кылат. Ашыкча салмакка ээ адамдарга кадимки нан ордуна сунушталат.
- Колит, геморрой, панкреатит, гастрит, ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы барларга жегенге болбойт. Ооруну курчутат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
raykray
2017-05-29 19:09:26
Акаев заманда загараны тандырга жаап жеп калган элдин баары, жугору унуда барда бар, жоктор сураган заман эле,мейиз, сызза кошуп жасайт элек ото пайдалуу даамдуу болчу,
+2
solntse95
2017-05-30 14:12:23
Ашказан жарасы барлар нан жебей эле коюш керек экен да
+1
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан