ЖАХ ХАЛИБ

Толук аты-жөнү – Бахтияр Мамедов
Туулган жылы, күнү – 1993-жылы, 29-сентябрь
Туулган жери – Казакстан, Алматы шаары
Билими – Казак улуттук консерваториясынын музыка таануу жана менеджмент факультетин аяктаган
Учурда – Ырчы
Атактуу чыгармалары – "Всё что мы любим секс, наркотики", "Лейла", "Созвездие ангела"

Бул ырчынын жашоосуна бекем кулпу салынган сыяктуу. Жах Халибдин расмий сайтында анын туулган жылы, күнү тууралуу да маалымат берилген эмес, деги эле анын жашоо таржымалын баяндоого 140 гана сөз сарпталган. Бахтиярдын үй-бүлөсү тууралуу маалыматтарга көз чаптырсак, анын атасы азербайжан улутунун өкүлү, апасы казак кызы экени белгилүү.
"Мен Азербайжанда жасалып, Казакстанда төрөлгөн баламын. Ата-энем орто жашаган эле адамдар".

Бахтияр жаштайынан музыка дүйнөсүнө жакын өскөн. 6 жашында агасы ага алгачкы жолу рэп жанрындагы ырларды угузат. Ал кичинекей Бахтиярды келечекте рэп боюнча атактуу аткаруучу болот деп ойлоп да койбогон чыгар. Бирок ошол агасы угузган чыгармалар болочоктогу ырчынын жан дүйнөсүнө сиңип, андагы уктап жаткан талантты ойготкон.
"Агам берген кассетадагы ырлар англис тилинде болчу. Аларды угуп рэп менен ооруп калдым, кийин орусча рэп ырларынын жыйнагын алдым, анда жан дүйнөм дагы бир толкуду. Кассетаны коюп алып рэп ырларды кайталай берип ритмге түшө баштадым. Ошондуктан рэп айтуу стилим америкалыктар менен орусиялыктардын ортосунда болуп калган. Орусияга концерт коюп барганда көп күйөрмандар "эмнеге, биздин рэп ырчылар силердей эмес?" деп таң кала беришет".

Эл аралык атактуулукту Жах Халибге "Всё что мы любим секс, наркотики" аттуу чыгармасы алып келген. Эл алдына чыгардан мурун Бахтияр аранжировкачы болуп бир учурда 4 студияда иштеп, тапкан акчасына үй-бүлөсүн багуу менен убара болчу. Айланасындагы адамдардын ага "таланттуусуң, өзүң дагы ырда" деген кептери ырчыга дем-күч берип, акыры жогоруда аталган ырды жазып, аткарып чыккан. Ырчыны көпчүлүк "орусиялык ырчы Тиматинин канатынын алдында иш алпарат" деп ойлошот. Бирок бул маалымат чындыкка жатпайт.
"Наркотик жана секс" деген саптарды угуп, элдин баары ырдын маанисин үстүртөн түшүнүп жыргай беришет. Мен бул чыгарма аркылуу азыр адамзаты жан дүйнө, сүйүү, үй-бүлө деген баалуулуктарды унутуп, баңгизатты, мүнөттүк кумарды бийик тутуп калгандыгын айткым келген".

Жах Халиб 5-классынан тартып музыкалык мектептен саксофон боюнча кошумча билим алып, аны ийгиликтүү аяктаган. Анын саксофон ойногонун уккан адамдардын таң калган жүзүн көрө берип ырчы көнүп деле бүткөнүн айтат.
"Мектепте окуп жүргөндө Батырхан Шукеновду ушунчалык жакшы көрүп, концерттеринен калчу эмесмин. Анын ырдап бүтүп, саксофондо ойногонун көрүү, аттиң, мен үчүн арман эле. Ошондой кечелердин биринде кайдан-жайдан "апа, мен да саксофондо ойногум келет" деп оозуман чыгып кетиптир. Апам бул сөзүмө жабышты да калды. Жыйынтыгында музыкалык мектепти да аяктабадымбы".

Ырчынын жеке жашоосу тууралуу маалыматка ээ болуу мүмкүн эместей туюлат. Анткени менен ырчы чыгармаларынын көпчүлүгүн анын жашоосуна өчүрүлгүс из калтырган бийкечке арнаганын айтат.
"Албетте, ырларымдын баарын ага арнап салган эмесмин. Кээ бирлери досторумдун окуяларынан алынган. Бирок көпчүлүгү менин мурунку сүйлөшкөн кызыма арналат. Экөөбүздүн бирге өткөргөн күндөрүбүз, башыбыздан кечирген окуялар, ага болгон сезимим мага эргүү тартуулап турат".

Жах Халиб менен дуэт ырдоо сунушун киргизген орусиялык ырчылардын саны күн санап өсүүдө. Алардын бири Светлана Лобода телеканалдардын бирине интервью берип жаткан учурунда: "Жах Халиб, менин кызым сени менен дуэт жаздыруумду талап кылып жатат. Ага жок дей албайм, андыктан мага байланыш",- деген. Азырынча бул сунуш ишке аша элек.
Жах Халибдин мекенибизге болгон кезектеги сапарында ал кыргыз вайнери MС_DONCHA менен тамашалуу "Лейла-Бейба", "Слёзы тикли вверх" аттуу 2 дуэтти аткарууга жетишкен. Алардын бул эмгеги Инстаграмдагы баракчаларында жайгаштырылган.

"Сакал койгондордун баары эле Тиматинин тобундагы ырчы эмес. Ал сунуш кылса да кызматташууга макул болбойм. Анткени мен мекенимдин патриотумун".


Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Alibay
2017-05-29 09:54:18
Чоон эле киши деп ойлоптурмун.Жаш бала турбайбы.
+6
Beka95
2017-05-29 10:14:11
Тушунгон жокмун эмне учун Лобаданын суроту турат? Эмне тиешеси бар Жах Калибке? Супер?
-4
meni_gana_sui
2017-05-29 12:01:54
Beka95,жакшылап окусан "Жах Халиб менен дуэт ырдоо сунушун киргизген орусиялык ырчылардын саны күн санап өсүүдө. Алардын бири Светлана Лобода телеканалдардын бирине интервью берип жаткан учурунда: "Жах Халиб, менин кызым сени менен дуэт жаздыруумду талап кылып жатат. Ага жок дей албайм, андыктан мага байланыш",- деген. Азырынча бул сунуш ишке аша элек." деп турат.
0
mentol
2017-05-29 12:37:01
Out of my head ыры оло жагатда
+1
aytkulova
2017-05-29 13:31:27
Там, где другая галактика...
+7
AKCAHAT
2017-05-29 18:23:16
Sunshine lady жагат сонун ыр
+1
altynka95
2017-05-29 20:27:10
93 дейт го Чоон эле киши деп журдум эле
+1
clay
2017-05-31 23:44:10
ХХХ! Жан Халиб 93 деген уч уктасамда тушумо кирген эмес, мен ойлоптурмун бир болсо 83-85 жылкы окшойт деп...
+1
Aitbek0101
2017-06-02 00:04:11
Лейла деген ырын уккандан тажабайм
+2
Koshaly
2017-06-02 15:04:54
Казах бир туугандар аябай жакшы чыгышты ! Баханын баардык ырын уккам баардыгы тең аябай маанилүү !!
+1
Koshaly
2017-06-02 16:20:14
Скриптонит жөнүндө жазгыла
0
admin_superstan
2017-06-02 17:55:28
Koshaly, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Krasavica
2017-06-03 13:01:32
Ырлары жагат....
0
chubak0494
2017-07-14 14:11:42
Тен эле экенбиз
0
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан