КЕЧЭЭКИ ОКУУЧУЛАР – БҮГҮНКҮ АТАКТУУЛАР...

11 жыл бир партада чогуу отурган классташтар... "Качан мектепти бүтүп кетебиз?" деген сезимдер экинчи кайталанып келбейт. Бүтүрүүчүлөр салтка айлангандай мектепти аяктаганына 10 жыл, 20 жыл болгондугун белгилешет эмеспи. Атактуулар бул белгилүү датаны кандай өткөрүшөт деп турсаңыз, макалага көз чаптырыңыз.

Гүлзада Рыскулова, ырчы (20 жылдык): "КЛАССТАШТАРЫБЫЗ БОЛУП ЧОГУЛТКАН КАРАЖАТЫБЫЗДЫ КАЙРЫМДУУЛУККА ЖУМШАЙБЫЗ"


– Өзгөн районунун Чымбай айылынан мектепти бүтүргөнүбүзгө билинбей эле 20 жыл болуптур. 10 жылдык кечеге барган элем. Классташтар быйыл да чогулабыз деп чакырышты. Бирок 20 жылдыкка шартка байланыштуу бара албай калам. Антсе да колумдан келген кошумчамды кошуп жатам. Чогулткан каражатыбызды классташтарым кайрымдуулукка жумшап, айылыбыздагы бир жигитке жардам берели деп жатышат. Ал жигит ден соолугуна байланыштуу акчадан кыйналып жаткан экен. Классташтарымдын мындан башка дагы көптөгөн пландары бар. Аларга ийгилик каалайм.

Болот Тентимишов, актёр (30 жылдык): "МААРАКЕ ТУУРАЛУУ ОЙЛОНГОН ЖОКПУЗ, АР КИМ ӨЗҮНҮН ЖАШООСУ МЕНЕН АЛЕК"


– Калп айтпасам, классыбызда 14 окуучу окусак керек. Ысык-Ата районундагы Чоң-Далы айылында мектепти аяктагам. Он жылдыгыбыз кандай өткөнү чынында эсимде калбаптыр. Ал эми 20 жылдыкта классташтар чогулуп, эл катары дасторкон жайып, мугалимдерге арнап белек даярдап өткөргөн элек. Бирок акыркы жылдары андай мааракелерге көңүл бурбай калдык. Анткени ар ким өзүнүн көр тирилиги менен алек. Бул классташтар арасында байланыш жок деген нерсе эмес. Сүйлөшөбүз, кадимкидей эле катышабыз. Ошентсе да мындай белгилүү даталарды өткөрүү үчүн атайын чогулуп, майрамды өткөрүүнү пландаштыруу зарыл. Ага ар кимдин эле убактысы туура келе бербейт экен. Анын үстүнө мектепке барып мугалимдерибизди куттуктайлы десек, алардын басымдуу бөлүгү биздин катарда жок. Көбү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери эле. Албетте, арабызда бизди окуткан мугалимдер бар, алардын өзүнө барып ал-акыбалын суроого мүмкүнчүлүк болбосо да, бирөө аркылуу сурап турабыз.

Сема, ырчы (20 жылдык): "КЛАССТАШ БАЛДАР ОКШОШ ФОРМА ТИКТИРДИК"


– Биз эки класс кошулуп алтымыштай окуучу уядан учкан элек. Кара-Кулжа районундагы орус мектепте окудум. Мактана кетейин (күлүп), бул мектептен мен-мен деген чыгаан инсандар чыккан. Эми быйыл классташтар менен чогулуп, байге сайып волейбол жана футбол оюндарын өткөрүп жатабыз. Уткандарга акчалай сыйлык берип, бир четинен элдин батасын алдык дегендей. Биздин мектеп 3 кабаттан турат, ошол жердин спорт залына, коридоруна жылыткыч коюп бердик. Классташ балдар дресс-код үчүн окшош форма тиктирдик. 80-жылдары жайкы Олимпиада өтүп жаткан жылы төрөлгөнбүз да. Элдин эсинде калсын деп футболкабызга "СССР" деген логотип, анын астына символ катары саналган мамалак бар эмес беле, анын сүрөтүн да түшүрдүк (күлүп). Андан соң салтка айлангандай эле баарыбыз үй-бүлөлөрүбүз менен жаратылыш коюнуна чыгып эс алып келебиз.

Чолпон Талипбек,"Non-Stop" дуэтинин ырчысы (10 жылдык): "МЕКТЕПТИ БҮТКӨНҮМӨ 10 ЖЫЛ БОЛГОНУН УНУТУП ДЕЛЕ КАЛЫПТЫРМЫН"


– Чынын айтканда, мектепти бүткөнүмө 10 жыл болуп кеткенин унутуп деле калыптырмын. Сиз айтканда анан эстеп жатпаймынбы (күлүп). Мен 11 жыл бою бир мектепте окуган жокмун. 9-классты аяктагандан кийин финансы техникумуна тапшырып кеттим. Ошол боюнча классташтар менен азыркыга чейин байланыш жок. Анын үстүнө ар кимиси ар кайсы өлкөгө чачырап кетишкен. Мисалы, менин курбу кыздарым Орусияда жашашат. Алар менен социалдык тармак аркылуу эле сүйлөшүп, ал-акыбалын сурап турам. Негизи 11 жыл чогуу окубай, бүтүрүү кечесине катышпай калганың деле классташтар арасындагы мамилеге таасир берет экен. Эгерде классташ балдарыбыз чогулуп, мени чакырышса, албетте барам. Ал эми техникумдагы чогуу окуган классташтар менен социалдык тармактар аркылуу анда-санда сүйлөшөм.

Нурайым Азыкбаева, ырчы (10 жылдык): "11-КЛАССТЫ ЖАЛАҢ КЫЗДАР АЯКТАДЫК"


– Классташтар менен жатаканада бир жашап, бир нанды бөлүшүп жеп калганбыз, ошондуктан биздин ынтымагыбыз бекем. 11-классты 12 кыз аяктадык, анткени балдарыбыз 8-9-класстарда кетип калышкан. Бирок эркек балдарыбыз менен да катышып турабыз. Мен акыркы коңгуроо боло турган күнү мектепке бара албай калат экенмин. Мурун эле эки-үч жерге чакыруу алып койгон элем. Бирок кошумчаларын берип койдук. Албетте, бара албай калганыма ичим ачышып турат. Музыкалык мектептеги классташ кыздарым менен консерваторияда да чогуу окудук. Бизде жолугушуу деген көнүмүш адат болуп калган. Практика өтөгөндө деле ошол музыкалык мектебимде сабак берип иштедим. Мугалимдер менен деле тез-тез жолугуп турабыз. Классташтар чогулуп мектептин ичине электр жарыгын койдуруп беребиз деген ойлор бар. Ошондой эле сырттагы отургучтардын жанына керектүү урналарды койсокпу деп жатабыз. Эгер чогулткан каражатыбыз мындан ашса, класстарды музыкалык аспаптар менен камсыз кылабыз дедик.

Жазгүл Кенжеева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Izdeim_seni.
2017-05-29 12:03:56
Орус мектепте окугам дегенди унутпай кыпчып кетиптрр Сема
+3
molorbaev
2017-05-29 18:50:01
Акыркы жылдары тогуп-чачып жеп-ичкенге караганда, кичи мекенге корунуктуу иш жасоо, жардамга муктаж жарандарга материалдык жардам кылуу инициативалары коп которулуп, ишке ашып келуудо. Ушул нерселер салтка айланса жакшы болмок.
+7
aiman1983
2017-05-30 04:44:54
Эн сонун, майрамынар менен!!!
+1
Aiiko
2017-05-30 11:35:56
Сема азаматсыз! Мектебинизди унутпай айта кетипсиз. Менда орус мектепте окугам башка бирда мектеп менин мектебиме жетпегендей тим эле.
-3
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан