3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ

(Башталышы өткөн сандарда)

Үйгө жакындай бергенде баары тынч экен. Эч бир үн угулбайт. "Демек, бардыгы жайында" деген Жек үйдү көздөй бет алды. Дагы бир жолу телефондон Айдардын номурун терип көрдү. Өчүк. Бир эле терезе жарык көрүнүп турат, калганы караңгы. Сыягы жатып алышса керек. Акырын эшикти ачып, үйдү көздөй баса берди. Мына, Айдардын унаасы. Эми Айдар тирүү экендигине толугу менен ишенди. Ишенимдүү түрдө эшикти ачып кирди.
– Айдар, мен Жек. Барсыңбы?
– Ооба, кире бер.
Үн чыккан жакка ыктай бергенде эле, артынан катуу сокку тийди. Көзү караңгылап эс-учун жоготуп койду. Бир канча мүнөттөн кийин гана эсине келе түштү. Үстөлдө отургузулуу, эки колу артында байлануу экен. Тааныш эмес эки адам бетине суу чачып жатыптыр. Оң жагынан Айдарды көрдү. Бирок ал байланбай эле отуруптур. Жек эмне болуп жатканын азырынча түшүнгөн жок. 
– Эсиңе келе түштүңбү? Эми сүйлөшүүгө болот.
Жек кара көйнөкчөн тааныш эмес адамдын сүйлөгөнүнө анчейин маани берген деле жок. Ал Айдарга суроолуу тиктеп турду.
– Жек, мындан башка айла жок болчу. Туура түшүн. Билесиң, менин үй-бүлөм бар.
Айдар Жектин көз карашына жооп кайтаргандай болду.
– Ар бирибиздин талуу жерибиз бар эмеспи. Айдар муну туура түшүнөт экен. Эми сеникин дагы табабыз, Жек...
Буга унчуккан жок. Башынын деңгиреп жатканы эми гана басылып келе жатты.
Бөлмөдөгүлөр кимдир-бирөөнү күтүп тургандай туюлду. Ооба, Жектин сезгичтиги дагы туура иштеди. Эшиктен унаанын үнү угулуп, кадамдар үйдү көздөй келе жатты. Толугураак келген костюмчан киши эки адамдын коштоосунда кирип келди.
– Шеф, экөө тең даяр.
Жанатан бери Жекти карап турган жигит ордунан тура калып айтканга шашты. Кирип келген Арслан Байышбекович эле. Айдар менен Жек дал ушул адамдын Лексусун жок кылышкан. 30 миң доллардан жогору турган унааны талкалоо үчүн 150 миң сом акы. Эми ойлоп көрсө күлкүлүү, бирок азыр күлгөндөй абал эмес.
– Энеңди... ушулар бекен?- деп ашатып сөгүнүп кирген Арслан үстөлдө отурган Жекти бетке тээп алды. Ал үстөл менен кошо оодарылып кетти. Айдарды карай дагы бир жолу тебинди эле, ал буйтаганга жетишти.
– Тургуз кайра!- деп бакырып калды. Тиги жигиттер Жекти кайра отургузушту. Мурдунан кан кетип, оозу айрылып кетиптир. Арслан бир саамга отуруп тамекисин түтөтүп кирди.
– Бул аймак меники. Сашка Ким дегениңерди бат эле жоготтум. Кичинекей кезибизден бери ушул жерде чоңойгонбуз. Анан бир корей сөрөйгө алдырып коёт деп ойлодуңар беле? Карасаң, буларды.
– Байке, биз кимге иштеп жатканыбызды билчү эмеспиз. Бизге тапшырма келчү, аны аткарчубуз. Аймак кимге тиешелүү экендиги биз үчүн маанилүү эмес болчу.
– Эмне маанилүү эле? Акча элеби?
– Жумушуңарга канча акы төлөп берди эле? Арслан Байышбекович Айдарга тигиле карады.
– 150 миң сом.
– Канча?.. 150 миң? 30 миң долларлык Лексус үчүнбү, ээ?.. Жини кашайган Арслан Байышбекович Айдарды сокту эле, ал дубал жакка ыргып кетти.
– Мындай кылабыз, жигиттер. Териңерди сыйруунун азыр мага кереги жок. Баары бир жетишем. Мага тирүүлөй керексиңер. Эки унааңар мага тиешелүү. Калганын кантип төлөйсүңөр?
– Убакыт берсеңиз, баарын кайтарып беребиз.
Кыйратасыңар. Бул үчүн силерге жылдар керектелет. Бүгүнтөн баштап менин карамагыма өтөсүңөр.
Айдар дароо макулдугун берип жиберди. Арслан экөө Жекти суроолуу карап калышты.
– Эч качан. Бирөөнүн алдында мындай иштерге аралашпайм.
Бир чети бул жоопко жини келип кетсе да, ишенимдүү жооп бериши канааттандырды. Жек башкаларга окшобогон, өз сөзүнө бекем турган жигиттерден экенин ушундан байкады. Дагы бир тамекисин күйгүзүп, Арслан Байышбекович ойлонуп калды.
– Сен машыктыруучу белең, ээ? Жек, мындай кылабыз анда. Менин карамагыма жигиттер керек. Мага ошондой студенттериңди даярдап бересиң. 5-6 баланы тандап берсең, мен аларды жумуш менен камсыз кылам. Сен аларга жаркын келечек каалайсыңбы? Аны мен уюштуруп берем.
– Сага окшогондор кандай келечек тартуу кылат?! Аларды бул ишке аралаштыруунун кереги жок.
– Көк беттигин көр. Муну менен кечке сүйлөшүүнүн кереги жок. Айдар, үй-бүлөңө кабатыр болгон жоксуңбу?
Айдар чочуп кетти. Уктоочу бөлмөдө жубайы жана баласы бар.
– Жекшенов, ойлонсоң, сен менин үйүмдөсүң. Бизден тышкары үй-бүлөң да бар.
– Жакында болчу мелдешке студенттериңди даярдап жаткандыгың тууралуу кабарым бар. Эгерде ошол балдарың финалга чейин жетип, алтын медаль тагынышса, анда сага баа берем. Мен силерди тааныбайм, силер мени тааныбай турган болосуңар. Ал эми кимиси утулса, ал менин карамагыма өтөт. Албетте, убактылуу. Силердин карызыңар төлөнмөйүнчө. Шакирттериңе ишенесиңби? Өзүңөчү?
Арслан Байышбекович менен Жек бир саамга тиктешип калышты. Эми сүйлөштүк окшойт дегендей Арслан Байышбекович жигиттери менен үйдөн чыгып кетти. Жигиттер үстөлдөгү эки унаанын ачкычын ала кетишти.
Алар чыгып кетер замат Айдар Жектин колун чечип кирди.
– Кечир, Жек, мындан башка айла жок болчу. Алар жубайым менен баламды барымтага алышкан. Туура түшүн...
Бул биз буга чейин иштешип жүргөндөрдөй эмес экен. Экөөбүздү бир айда эле издеп таап алышыптыр. Мен жокто менин үйүмө келип, жубайымды коркутуп кеткенден кийин өзүм эле колдоруна түшүп бердим. Сага дагы кол салуу болгондугу тууралуу кабардармын. Ишен, мен эч кандай маалымат да берген эмесмин. Арслан мурун казинолор менен иштеп келген дешет. Оюнкарак экендиги көрүнүп турат. Сени менен жанагыларды сүйлөшкөнү да ошондон болушу керек.
Өзүнө эми араң келе түшкөн Жек Айдарды эми эмне болот дегендей карады. Эртерээк университетке баруусу керектигин түшүндү.
– Болору болду окшойт. Башкысы, жакындарың аман болсо болгону.

ххх

Рингде эки мушкер беттешип жатты. Бири бою узун, салмактуу келген жигит болсо, экинчиси салыштырмалуу орто келет. Бул Эрмек менен Шерзат...

(Уландысы кийинки санда)

Алибек Алиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Khanbolot98
2017-05-29 09:13:34
Биринчиби?
-4
originalkgz96
2017-05-29 09:55:57
ошол сыяктуу
0
Zeinep_gunew93
2017-05-29 10:29:39
Иий Шерзат чыгыптыр да эми дагы бир жума
0
aylin_kg
2017-05-29 14:38:10
Админ мурунку сандарына шилтеме жокко.Биринчи сериясынан баштап шилтеме берип коюнузчу
0
admin_superstan
2017-05-29 15:40:47
aylin_kg, Бул шилтеме аркылуу кирип көрүңүз: https://www.super.kg/article/show/39739
0
Ergeshev.77
2017-05-30 09:15:46
admin_superstan, жогоруда берген шилтеме биринчи бетти корсотуп башка ачпай атат.Ондоп койсонор жакшы болмок
0
admin_superstan
2017-05-30 14:35:58
Ergeshev.77, aylin_kg, https://www.super.kg/article/show/39739 аркылуу киргенде сериалдын аягында башка, кийинки сандарына шилтеме бар.
0
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан