ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (29-майдан 4-июнга чейин)

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



КОЙ (21.03-20.04)
Сиз бул аптада туугандар, кошуналар менен көбүрөөк мамиле кыласыз. Телефондук сүйлөшүүлөр көп болору күтүлүүдө. Кыска мөөнөттүү жолго чыгуу да болушу мүмкүн. Бул жумада маанайды бузган же кабатыр кылчу жумуштар жокко эсе. Болгону текшерүүчү органдар жана башка шаардык адамдар менен алака кылууда сак болуңуз. Ортодо бир аз түшүнбөстүктөр орун алышы ыктымал.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул жумада акча иштери менен алпурушасыз. Алдын ала тактикалуу болсоңуз, киреше сизге өзү келет. Андыктан азыртадан ойлонуңуз. Чыгаша болушу да турган сөз, бирок аз гана санда. Буларды ишке ашырууда бир сырдуу болсоңуз жана жакындарыңызды пайдалансаңыз өкүнбөйсүз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул аптада жеке иштериңизди ойдогудай орундатасыз. Эгер күтүлбөгөн көйгөйлөр жаралса, ойлонбостон досторго, жакындарыңызга кайрылыңыз. Алар бул мезгилде сизге жок дешпейт. Өнөктөштөр менен мамиле курууда, мыйзам иштери боюнча сак болуңуз. Апта ичинде ортодогу айрым мамилелер бузулушу ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сиз бул аптада өзүңүздү тыңчы деп элестетиңиз. Бир сырдуу, акылдуу жана кыраакы болуңуз. Ошентсеңиз жумуш жана каржы маселеси эң жакшы чечилчүдөй. Активдүү болуп көп аракет жасаңыз. Бейшембиден тарта жумушта айрым көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Ден соолукка кам көргөндү унутпаңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жуманын көпчүлүк бөлүгүн досторуңуз, жакын санаалаштардын курчоосунда өткөрөсүз. Жакшы тилек-максаттарды ишке ашыруучу жума. Канткен күндө да эс алуулар орун алса, сак болуңуз. Кызганычтар, сүйүү жаатында көйгөйлөр болушу мүмкүн. Үй-бүлөлүү болсоңуз, балдарыңызга көңүл бөлүңүз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул аптада жумушка байланыштуу ийгиликтер күтүлөт. Каржы жагы жакшы чечилет. Бул нерселер максималдуу ишке ашуусу үчүн бир сырдуу болуңуз. Антпесе, айрым көйгөйлөргө такалышыңыз ыктымал. Үй-бүлө мүчөлөрүнө аяр мамиле кылыңыз. Түшүнбөстүктөр келип чыгышы мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сиз бул аптада текшерүүчү жана юридикалык органдар менен жакшы тил табышасыз. Көйгөйлөр болсо дагы орчундуу эмес, тез өтүп кетүүчү мүнөздө болот. Башка шаардык өнөктөштөрдүн мамилеси жакшы көз карашта. Жагымдуу таанышуу жана алакалар болот. Туугандар тараптан жагымсыз кабар, сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта ичи акча иштери менен алек болосуз. Эртерээк аракет кылсаңыз, кирешелердин жыйынтыгы сизди кубантат. Андыктан бүгүндөн калбай аракетти баштаңыз. Чыгым чыгышы азыраак санда күтүлөт. Бул кирешелер негизинен жумушка байланыштуу болот. Жеке буюмдарыңызга сак болуңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул аптанын күндөрү сиз үчүн эсте калчу күндөрдүн катарына кирет. Себеби мурда бузулган мамилелер калыбына келет. Жаңы таанышуулар орун алат. Жубайыңыз менен жагымдуу кечелерди баштан кечиресиз. Өзүңүз гана олдоксон ката кетирбесеңиз, айрым юридикалык, мыйзам маселеси да жакшы чечилет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул жумада жумуш, ден соолук, каражатка байланыштуу көйгөйлөрүңүз оң жагына чечилет. Насыя акчалары тоскоолдуксуз келет. Бул каржыларды үй-бүлөңүз менен акылга салып, туура жакка иштетиңиз. Жашыруун душмандарыңыздын горизонттон бир-эки көрүнүп, кайра жок болушу күтүлөт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта ичи балдарыңыз менен көңүлдүү маанайларды баштан кечиресиз. Жубайыңыз четте калбайт. Үй-бүлөлүк экскурсия пландалышы мүмкүн. Бойдоктор үчүн капыстан таанышуу, романтикалык кечелер орун алат. Албетте, бул үйдө отурбай сыртка чыксаңыз. Досторсуз, жалгыз гана сейилдеп келүү сунушталат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Сиз бул жумада үй тиричилик маселесине көп көңүл бурасыз. Оңдоп-түзөө иштери ойдогудай бүтөт. Үй-бүлө мүчөлөрү менен жакшы мамиледе болосуз. Каржы, ден соолук багыттары да жаман болбойт. Тынч эс алуу оң жыйынтыгын берет. Жумуш жактан бир аз тынчтыкты алуулар болушу мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан