АЛЫСТА ЖҮРҮП БАЛАҢЫЗДЫ АЛДАБАҢЫЗ. АНЫН ИШЕНИЧИНЕН ЧЫГЫП, СИЗГЕ БОЛГОН СЫЙЫН ЖОГОТОСУЗ

Учурда мекенибиздеги көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн жашоо шарты аларды чет өлкөдө иштөөгө муктаж кылууда. Алардын арасында балдарын туугандарыныкына таштап кетип жаткандары дагы аз эмес. Кеп учугу ата-энеси мигрант болуп кетип, башка бирөөнүн колунда калган жаш балдарды туура тарбиялоо тууралуу уланат.

Мигрант ата-энелерге балдардын психологу Карлыгаш Акимкулова өз кеңешин берет:
– Кайсы куракта болбосун баланын ата-энесинен алыстаганы ал үчүн чоң кайгы болот. Бул анын жан дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөргө алып келет.

2016-жылы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча учурда:

БАЛАНЫ КИМГЕ ТАШТОО КЕРЕК?

"Балдарымды кимге калтырам?" деп турсаңыз, анда чечимди жакшылап ойлонуп кабыл алыңыз. Жакшысы, аны сизден кем эмес жакшы көргөн таята, таенесине же чоң ата, чоң энесине табыштаганыңыз оң. Себеби бала кайсы куракта болбосун аны жакшы көрүп жаткандыгын билиши керек. Калп күлүп, калп эркелетип, жактырбай жаткандарды алар жакшы сезишет. Кийин балада "мага баары жакшы көргөн түр көрсөтүшөт" деп, адамдарга болгон ишенбестик пайда болот. Бул бардык курактагы жаш балдарга тиешелүү, анткени ата-энеси мигрант жаш балдар башкаларга салыштырмалуу кыйла сезимтал келип, мээримден көз каранды болуп калышат. Мындай абалда алардын жанында чындап жакшы көргөн адамдардын болуусу өтө маанилүү.

БАЛДАРДЫ АЛЫП КАЛГАН ТУУГАНДАРГА КЕҢЕШ

Эгер алысыраак тууганы болсоңуз, анда сиздин максатыңыз баланын алдында анын ата-энесинин аброюн түшүрбөө. Ага мүмкүнчүлүк болгон сайын "сенин ата-энең жакшы адамдар, алар сени абдан жакшы көрүшөт" деген сөздөрдү айтып туруңуз. Бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында баланын ата-энесине болгон сый-урматы ойгонот. Өзүнө болгон ишеним пайда болуп, аны коргоочу адамдар бар экенин сезет.
Чоң ата, чоң энеси же таята, таенеси баланы керектүү убакта кучактап, эркелетип же урушуп койсо болот. Сиздер дагы ата-энесине болгон баладагы сый-урматты ойготуп, атасы менен апасы жөнүндө жакшы сөздөрдү айтуудан аянбаңыз.

БАЛАҢЫЗДЫ АЛДЫН АЛА ДАЯРДАҢЫЗ

Балаңызды башка бирөөнүн колуна таштап кетерде аны көндүрө баштаңыз. Болгон шартты ачык айтып, "мен иштеп келишим керек болуп жатат, буга сенин күнөөң жок, сени жакшы көрөм, сенсиз мага абдан кыйын болот, сагынам, жолукчу күндү күтөм" деген сыяктуу сөздөрдү айтыңыз. Кичинекей балдарда "мен жаман болгондуктан ата-энем мени таштап кетти" деген ой пайда болбошу керек. Кааласаңыз сизди эстетип туруучу оюнчук же буюм алып берип кетиңиз. Алдын ала даярдоо баланын аң-сезиминде "ал кетем деп айткан" деген түшүнүктү пайда кылып, коштошуу учурун жеңилирээк өткөрүүгө көмөк көрсөтөт. Аны-муну алып берем, эртең эле келип калам деген жалган кептерди айтпаңыз. Себеби наристеңиз сизге ишенет, акыры алдаганыңызды түшүнүп "апам же атам алдап койду" деген ой кийин башкаларга дагы ишенбей, сүйүп калуудан коркуп "качан мени алдап кетет?" деген ой менен жашап калышына түрткү болот.
Алыска кеткен соң балаңыз ишеничтүү адамдардын колунда калган болсо, ага кайра-кайра чалып өзүңүз тууралуу эстете бербеңиз. Бирок сүйлөшкөн сайын сагынганыңызды айтып туруңуз. Кайтып келер күнүңүздү эстетип коюу абзел. Ага чынын айтыңыз, өзүңүз курактуу адам менен сүйлөшкөндөй олуттуу маек куруңуз.

НАРИСТЕ 1 ЖАШКА ЧЕЙИН ЭНЕСИНЕН АЖЫРАБАШЫ КЕРЕК

Төрөлгөнгө чейин 9 ай, төрөлгөндөн кийин 9 ай эне-бала бир бүтүн организмдей болушат. Наристе өзүнүн ким экенин билбейт, дүйнөнү эне аркылуу тааныйт. Бул учурда апасынын жытын жыттап, сүтүн эмүү өтө зарыл. Эне аркылуу наристе өзүн бирөө коргоп жатканын туят. 1 жашка жакындаганда гана наристе өзүнчө бөлөк жан экенин түшүнө баштайт. Эгер бул мүмкүнчүлүктөн баланы ажырата турган болсоңуз, кийин балада чечкинсиздик, өзүнө ишенбөөчүлүк, жалгыздык сезимдери пайда болот. Эгер ушунчалык эле зарыл болуп жатса, жок дегенде баланы 4 ай эмгизүү кажет. Бул азыр эч нерсени түшүнбөйт деген ойдон алыс болуңуз. Кайсы куракта болбосун балаңыз менен сүйлөшүңүз. Ага шарт ушундай болуп жатканын, сиз аны жакшы көрөрүңүздү айтыңыз. Бала канчалык кичинекей болбосун, аң-сезиминде ошол сөздөр сакталып калат.

ӨТКӨӨЛ КУРАКТАГЫ УЛАН-КЫЗДАР

Өткөөл курактагы кыз-балдардын ата-энеси жанында болгон мезгилде деле мүнөзү өзгөрүп, жакындарынын кемчилигин издеп, урунуп-беринип, туталанып, аларга болгон таарынычы күчөп баштайт. Ал эми мындай учурда ата-энеси алыста болуп калса, анда алардын ички сезимдерин угар киши жок, түнт мүнөздүү болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул курактагы балдарды спорт менен алектендирип, түрдүү ийримдерге катыштыруу зарыл. Бул алардын көңүлүн башка нерсеге бурат. Мүнөзүнүн туура калыптанышына түрткү болот.
Жогорудагы кеңештер өткөөл курактагы улан-кыздар үчүн да пайдаланылууга тийиш. Негизинен бала ата-энеси тарабынан болгон колдоону жана сүйүүнү сезүүсү шарт.

Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Балаңызга ар дайым жакшы көрөрүңүздү айтып туруңуз
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
wwwbaxa
2017-05-29 13:10:30
изилдөөңөргө ишениш кыйын.жок эле дегенде 50-100 миңдей болуш керек.
+4
Alibay
2017-05-29 14:13:51
Менин эжем алыс жакка кетип кызын апам карап калды эле,1жаш 2 айында.кийин апасынын суротторун чыгарып барып корсотуп анан бир сумкага салып койгон элем.Ошол сумканы корсотуп суйунуо берчу.Коргон жерден жарк этип кулуп койчу...
+7
raykray
2017-05-29 17:58:46
Менда келеримден бир ай мурда чон 5жаштагы кызыма синдисин(2,5жаш) дайындап иштеп келебиз деп келгем,азыр карайт экен тосуп кийимин кийгизип тамагына жардам берип, сагындым келиниздер деп коп айтат( менда эптеп журом,(
+3
ekaterinburg
2017-05-29 18:54:27
Мдааа....Балдар озунун ата-энесинин жанында чонойгонго не жетсин.Дунуйон тугол,телегейин тегиз,курсагын ток,кийимин бутун,туугандарын аман,заманын тынч,анан балдарын жанындаа...Мындан артык бакыт барбы?!Тилекке каршы андай эмес.Ошол балдарды багыш учун айла жок гана туугандарга таштайсын(((
+9
erlan92
2017-05-29 20:51:43
Кайдагы 33666мин бала айтып жатышат?Минстерствосу жок эле мындай эле билсе билинип турат.Кырызстандын жарымына жакыны миграцияда сыртта иштеп журот.
+2
Jaziko80
2017-05-30 08:22:46
erlan92, копчулугу балдарын оздору мн Кошо алып журушот.
+1
Va.vasm
2017-05-30 11:29:32
Окуп, балалык кез, куткон,кусалык, жамынып алып ыйлаган кундор эске келди.
+4
barbie22
2017-06-04 12:13:00
Va.vasm,ооба.Баштан откон
+1
kksovet87
2017-06-02 20:45:22
Озун менен чогуу жургонго жетпейт деп ойлойм.
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-06-03 19:29:20
Урматтуу Апалар Аталар силерден сураныч баланарды кордобогулачы таштап кетпегилечи оз канынардан жанынардан жаралганбыз кайгыртып таштап кетип кийин 10х20 жылдан кийин келсенер силерге мееримсиз болуп калышат.
-1
Paolo
2017-06-04 03:20:07
Алар не жыргаганынан таштап кетип жатабы аларга деле женил эмес
+1
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан