SUPER.KG порталындагы түз эфирде Асел Кадырбекова күйөрмандардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүк суроолор Нурлан Насип экөөнүн мамилеси тууралуу болду. Жылдыздуу түгөйлөр быйыл баш кошобу? Андай болсо бул окуя жылдын тою болору бышык...
– Асел, кандайсың? Нурлан экөөңөрдүн кайрадан бирге экениңерге кубанычтабыз. Мамилеңерге тыныгуу кандай таасирин берди?
- Нурлан тууралуу көп суроо берилерин билгем. Түшүмө кирип чыккан. Тыныгуу ар бир адамга жакшы таасирин берет болуш керек. Ал адамды барктоону үйрөнөсүң. Башка адамга салыштырып көрөсүң. Мен үчүн жакшы эле болду.
– Бул суроону Москвадан берип жатам. Бир көрүп сүйүп калууга ишенесиңби?
- 20 жашта болсом ишенмекмин. Чоңоюп калгандан кийин көз менен эмес, адамдын мүнөзүн жактырасың. «Аны менен түбөлүктүү жашай аламбы? Балдарымдын атасы боло алабы?» деп таразалайсың. Мурун жигит бир аз сулуу болсо, чоң машинасы болсо эле сүйүп калчубуз да. Азыр андай эмес.
– Сиз сулуусуз, эмне мынча көп косметика колдоносуз?
- Биздики күндө майрам, күндө той. Күнүгө сүрөткө түшөм. Ошондуктан боёнууга туура келет. Аялзаты сулуу болуш үчүн жаралган деп билем. Өзүн таштап, карабай койгон аялдарды түшүнбөйм.
– 10-15 жылдан кийин өзүңүздү кандай болом деп ойлойсуз?
- Мээримдү эне, сүйүктүү жубай болгум келет. Сөзсүз түрдө ишкердик менен алектенем. Аял киши үйдө отурганын туура көрбөйм. Адам бир орунда турбайт. Өсөт же деградацияга кабылат. Үйдө отурган аял күйөөсүнүн шору. Уламчалып «кайдасың? Ким мененсиң?» деген сөздөр тынымсыз болот.
– Нурлан экөөң кыз-жигит болуп жүрөсүңөр. Ушул убакка чейин ал сага кол көтөрдү беле?
- Менин оюмча, мурун жоош болгондугумдан колумду катуу кармаса чыдасам керек. Азыр кол көтөргөн адам менен эч качан сүйлөшпөйт болчумун.
– Нурлан тойканалардын биринен эмнеге чачыңдан сүйрөдү эле? Ошондон кийин сүйлөшпөй калган экенсиңер. Ушул кылыгынан кийин деле сүйүү үчүн жашай бересиңби?
- Бул жалган кеп. Андай болгон эмес. Таанымал адам болгондуктан, эл көзүнчө колуңан тартып койсо деле «ой, сүйрөп кетти» деп чымынды пил кылышат экен. Мурда сөздөргө ызаланып ыйласам, азыр кадимки көрүнүш катары кабыл алып калгам.
– Нурлан сизге Айфон белек кылганын билебиз. Бирок өткөн маекте моюнуна албай койгон. Ошондо кимиңер алдап жатасыңар? «Берди» деген сизби же «бербедим» деген Нурланбы?
- Мага мактанчаак мырзалар жакпайт. Кенедей нерсе кылып коюп, «муну кылдым, аны мен багам, кыйраттым» дегендерди түшүнбөйм. Нурландын мактанчаак сапаты жок, аябай уялчаак, ошон үчүн сыйлайм. Ар ким каалагандай түшүнсүн. Бул тууралуу эч нерсе деп айтпай эле коёюн.
– Нурлан башкага үйлөнсө эмне кыласың?
- Нурлан башкага үйлөнсө, буйрук экен деп, ага чын дилимден бакыт кааламакмын. Ар бир кыз ушундай нерсеге даяр болуш керек.
– Асел, ушул жерден ачыгын айтчы, Нурлан биринчи сүйүүңбү? Ал таарынычыңды кантип жазды?
- Биринчи сүйүү эмес, акыркы сүйүү эсте калат. Анткени ал түбөлүктүү болот. Нурлан качан таарынам, качан былтыям, качан жазылам беш колдой билсе керек. Ал көңүлүмдү жылуу сөз менен жибитти. Адамга жакшы мамиле, жылуу сөз эле жетиштүү. Кыздар «каприз» көрсөтө беребиз. Ошого карабай көзүңдү карап турган мырзаны баалайсың.
– Эгер Нурлан Насипке турмушка чыксаң, ал «айылда жашайбыз» десе макулсуңбу?
- Башка түшсө байтал жорго. Башыма ошондой түшсө жашамакмын. Айыл десе эле артта калган турмушту элестетпешибиз керек.
– Нурланга эсте калган кандай белек бергенсиз?
- Мырзага белек бербейм. Балким, эскиче ойлоноттурмун. Мырзалар эле аялзатына белек бериши зарыл. Туулган күнүндө тамак-аш даярдап, досторун күтүп алганым эле чоң белек. Ал дагы өзүнүн каражатына даярдалат.
– Нурлан экөөңдүн тоюңар качан болот?
- Муну Нурлан мырзадан сураш керек. Кыргыздар «убактың өтүп баратат, күйөөгө тий» дешет. Менин жайыма койсо дагы деле иштей бермекмин. Бирок той, менин оюмча, быйыл же эмдиги жылы болуш керек.
– Нурлан Насип көп кыздар менен сүрөткө түшүп социалдык тармактагы баракчаларына жүктөйт, андан кызганбайсызбы?
- Нурланга башка кыздар менен сүрөткө түшүп жүктөгөн жакса, түшө берсин. Мен ал нерсеге каршы эмесмин. Ортодо бири-бирине ишенүү болушу зарыл, болбосо сүйлөшпөй эле коюш керек.
– Социалдык тармактагы баракчаңда сын айткандын баарын эле «кара тизмеге» сала бересиң. Сын айткандар жакпайбы?
- Байкасаңыздар, башка ырчыларга салыштырмалуу менде негатив комментарийлер көбүрөөк. Анткени бирин да кара тизмеге салбайм. Ага убактым жок, көңүл да бурбайм. Балким, ата-энеме асылгандарды, сөгүнгөн, маданиятсыз адамдарды тазалап салам. «Сен боёно албайсың, кийингенди билбейсиң. Буга татыктуу эмессиң, муну менен жүрөсүң» дегендерге теңелбейм. Ар ким өзү кандай болсо ошондой ойлойт.
– Апаңыз катуу ооруп айыкканын билебиз. Көбүнчө апабызды ооругандан кийин барктап калабыз. Апаңызга эми кандай мамиле кылып калдыңыз?
- Чынында, жаныбызда жүргөн адамга көңүл бурбай калабыз. Ооруп калганда гана адамдын сага өзгөчө кымбат экенин сезет экенсиң. Апам аябай катуу ооруду. Азыр эстесем денем чымырап чыгат. Чоң кыйынчылыктан өттүк, азыр жакшы.
– Апалар оорубасын. Маегиңе рахмат.
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg