Быйыл орозо жылдын эң узун күндөрүнө туш келди. Алсак, 19-24-июнь күндөрү ооз жабылуу мөөнөтү 17 саат 50 мүнөткө чейин созулат. Күндүн узактыгынан сырткары эң аптаптуу аба ырайында орозо кармап жүрүү адамдын организми үчүн да, анын эрки үчүн да чоң сыноо. Мындан улам ооз жабууда кандай тамак жесе курсакты ток кармайт, кайсы тамак менен оозду ачса ден соолукка пайда жана башка ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдүк.
Орозо учурунда туура тамактануу боюнча Улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн башчысы Болот Турусбеков төмөнкүлөргө токтолду:
КАНДАЙ ТАМАК МЕНЕН ООЗДУ ЖАБУУ КЕРЕК?
– Медицина орозо кармоону толугу менен колдойт. Анын адамдын ден соолугуна пайдасы зор. Илимий көз карашта орозо кармаган адам ар түрдүү оорунун алдын алчу иммунитетти калыптандырат. Пайгамбарыбыз "Саарлыкты жегиле. Анда береке бар" деп айткан. Орозо кармап жаткан адам оозду жабар учурда күндүзү чаңкатпай турган тамак менен азыктанышы керек. Ошол эле учурда мурунку жеп жүргөн тамактануу тартибин бузбаганы дурус. Ар кимдин шарты ар түрдүү болгондуктан, бир тамакты сунуштоо туура эмес. Андыктан өтө туздуу, майлуу эмес, куурулбаган жана эскирбеген тамактардын баарын жесе боло берет. Уйкудан тургандан кийин ач карын бир стакан суу ичип алган оң. Кийин гана тоюп тамактануу туура болот.
КАНДАЙ ТАМАК МЕНЕН ООЗДУ АЧУУ КЕРЕК?
– Учурда көпчүлүк адамдарды чакырып ооз ачар уюштуруу көп кездешүүдө. Анда жөнөкөй тамактарга караганда оор, аш болушу кыйын тамактар көп коюлат. Мындан улам эттүү, куурулган, майлуу тамактарды ач карын көп жеп алып, жүрөгү иштебей, ашказаны жабыркап, өтү кыйналып ооруканага адамдар көп түшөт. Орозо учурунда адам тамак жебей жүргөндөн сырткары өзүнүн ооз жапкандагы жана ачкандагы тамактарына көңүл буруусу абзел. Ооз ачып жатканда алгач суу же жашылча, жер-жемиштер менен баштоо керек. Андан жарым саат өткөн соң калориялуу тамактарды жегени оң. Эн негизгиси тамактануудагы мурунку тартибин бузбоосу керек. Күнү бою суу ичпей жүргөндүктөн ооз ачарда жөнөкөй сууга караганда суюк тамактарды ичсе денеге кубат болот.
Орозонун негизги эрежелери боюнча муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Акжигит Көкөев төмөнкүлөргө токтолду:
ОРОЗО КАЧАН БУЗУЛБАЙТ?
ОРОЗО КАЧАН БУЗУЛАТ?
Быйыл орозо айында берилчү битир-садаканын баасы киши башына 30 сомдон туура келет. Башкача айтканда, 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Мындан сырткары 1 килограмм 600 грамм ун, мейиз же 3 килограмм 200 грамм салмактагы арпа, курма берсе болот.
ОРОЗО КАЛЕНДАРЫ
Көрсөтүлгөн убакыт Бишкек шаарына жана Чүй облусунун аймагына тиешелүү
Эскертүү: Орозо айы Айдын чыгышына карап бир күнгө эрте башталышы мүмкүн.
Кыргызстандын аймактарындагы убакыттын Бишкек шаарынан жана Чүй облусундагы аймактардан айырмачылыгы:
Каракол – 10 мүнөт эрте
Балыкчы – 5 мүнөт эрте
Нарын – 6 мүнөт эрте
Талас – 8 мүнөт кийин
Ош – 12 мүнөт кийин
Чоң-Алай – 17 мүнөт кийин
Токтогул – 10 мүнөт кийин
Жалал-Абад – 15 мүнөт кийин
Кадамжай – 20 мүнөт кийин
Чаткал – 25 мүнөт кийин
Баткен – 25 мүнөт кийин
Исфана – 30 мүнөт кийин
Кадыр түн – 21-июндан 22сине караган түн,Орозо айт – 26-июнь, Курман айт – 1-сентябрь
Эскертүү: Орозо айт, Курман айт жана Кадыр түн Айдын чыгышына карап бир күнгө эрте болушу мүмкүн.
Бектур Токтоноев
koom@super.kg