ЭРКИН ЭГЕМБЕРДИЕВ КЫЗЫНЫН ЖЕНТЕК ТОЮН ӨТКӨРДҮ

"Дем" театрынын актёру Эркин Эгембердиев кызына жентек той берди. 16-апрелде жарыкка келген наристеси тууралуу: "Бул менин экинчи наристем. Биринчи кызымдын аты Айбийке. Үч жашка чыкты. Экинчи ирет ата болгонум туулган күнүмө эң сонун белек болду. Анткени кызым менин туулган күнүмдөн эки күн өткөндөн кийин төрөлдү. Быйыл Ыйман, адеп жана маданият жылы болгондуктан ушул жылдын урматына арнап кызыбыздын атын Ыйманайым деп койдум. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү аларда кызымдын атын жазсам, ал жактагы кызматкерлер "бул ысымды патенттешиңиз керек экен" деп күлүп калышты. Жентек тойго ата-энем жана өзүмдүн бир туугандарым келгени болбосо, коноктордун басымдуу бөлүгү жаштар болду. Андыктан той шаң-күлкү менен өттү",- дейт кубанган актёр. Наристеге кең келечек, бактылуу балалык тилейбиз.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aruuzatmeka
2017-05-29 12:26:41
Атына заты жарашкан ыймандуу кыз болуп чонойсун
+3
hanisa
2017-05-29 14:46:49
Ыймандуу Мээримдуу кыз болсун
+2
Aikan1966
2017-05-30 11:13:23
Ден соолугу,омуру,ыймандуу кыздардан болсун.
+1
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан