Кыргызстандык сулуу Алина Пирматова "Miss Asia World" аталышындагы эл аралык сынакта "Дүйнөнүн жаш сулуусу" аталды. Ливан өлкөсүндө өткөн бул сынакка жалпысынан 36 өлкөнүн сулуулары катышкан. Аталган сынакта биринчи орунду Сирия өлкөсүнөн чыккан бийкеч багындырса, биринчи вице-мисс наамы казакстандык сулууга ыйгарылган. Кыргыз өлкөсүнөн барган 20 жашар бийкеч Пирматова моделдик кесиптен тышкары айрым тасмаларда роль жаратып жүрөт. Алина Пирматова: "Бул менин эл аралык деңгээлдеги алгачкы сынагым. Мен кайсы бир орунга илинем деп өзүмө ишеним арткан элем. Бирок бул титулду алганым да мага жакшы жаңылык болду. Сынакка жалпы жонунан 1 айга жакын даярдандык. Бул сынак тажрыйба топтоомо чоң өбөлгө болуп берди",- дейт. Жаш сулууга мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз.