Гүлжигит Калыков үчүн быйылкы жыл жемиштүү болду. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган ырчы, эми Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүрүп жаткан чагы. Буга чейинки алган билимин бөлүшүү максатында ал 16 жаштан 21 жашка чейинки жаштарга вокалдан сабак бере баштады. Бул тууралуу ырчынын продюсери Канат Култаев: "Гүлжигиттин вокал тармагында билими күчтүү. Ошондуктан менин суранычым боюнча окутуучулук тармагын ырчылык менен бирге алып кетип жатат. Сабак берип жатканына бир айдан ашуун убакыт болуп калды",- деп билдирди. Ырчынын баштаган иши ийгиликтүү улансын дейли.