Кыргыздын мыкты алпаруучуларынын бири Гүлшан Молдоева өзүнүн иш тажрыйбасын башкалар менен бөлүшөт. Башкача айтканда, Гүлшан айым көптөн берки эңсеп келген кыялы болгон окутуу борборун ачты. Бул тууралуу алып баруучу: "Окутуу борборун ачуу – менин көптөн берки максатым эле. Бул жерден окугандар туура сүйлөөнү, сахнада өзүн кандай алып жүрүү керектигин жана туура кийинүү маданиятын окуп чыгышат",- деп билдирет. Ошондой эле алпаруучу окутуу борборунан 20 бүтүрүүчү сертификат алганын кошумчалады.