Темир Сариев: "БААТЫРДЫ УЧУР ЖАРАТАТ"

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин президенттик жарышка аттанганы жалпыга белгилүү. Ачыгын айтканда, ал айрымдарга күчтүү атаандаш, элге сүймөнчүк лидер. Андыктан бул адамга берилчү суроолор да көп.

– Темир Аргенбаевич, президенттик аламанга чыгарыңыз белгилүү. Жөнөкөй эле суроо берейин, эмне үчүн президенттикке ат салышкан жатасыз?
– Мен саясатта көп жылдан бери жүрөм. Билимим, баскан жолум, тажрыйбам президенттикке ат салышууга мүмкүнчүлүк берет деп ойлойм. Мамлекет үчүн, эл үчүн өлкө башчы катары кызмат кылып берүүгө бышып жетилдим. Жоопкерчиликти сезип турам. Элдин турмушун жакшыртууга, мамлекетти өнүгүү жолуна салуу үчүн болгон аракетимди, тажрыйбамды, илим-билимимди жумшаганга мезгил келип жетти.

– Кыргызга кандай лидер керек?
– Илими, билими, тажрыйбасы болуш керек. Астына койгон улуу максаты болсун. Аны аткарууга ички өзөгү, чечкиндүүлүгү, тайманбастыгы керек. Улуу нерсени баштаганда сын-пикир толтура айтылат. Ошонун баарын көтөрүп, жол баштап, лидер болушу кажет. Мекендин милдетин эле эмес, илдетин да алсын.

– А сизде кандай улуу максат бар?
– Кыска мөөнөттө мамлекетти кубаттуу, ынтымактуу кылып, элдин башын бириктирип, элибиздин жашоосунун сапаттуу өзгөрүшүнө өбөлгө түзүүнү, ыймандуу, билимдүү, өзгөчө ойлонгон муунду өстүрүүнү максат кылгам.

– Ал максаттарга жетүү үчүн кандай курмандыктарга бара аласыз?
–Мен өз кызыкчылыгымды элдин кызыкчылыгынан өйдө койгон киши эмесмин. Басып өткөн жолумду да карап көрүңүз, эч кимди сатпадым, бирөөнүн артына жашынган жокмун, чындыкты айтпай тымпыйып бороон бүткөнчө отура турайын деген эмесмин, эл менен болгом. Качкан жокмун. Бул жөн эле сөз эмес. Муну эл билет. Баары кетип, элдин жанында жалгыз калган күнүм болгон. "Баатырды учур жаратат" деген сөз бар. Демек, элдин кызыкчылыгы үчүн керек болсо өзүмдү да курмандыкка чалууга барам дей алам.

– Сиз Кыргызстандын бажы биримдигине киришинде негизги аткаруучу болдуңуз. Азыр бажы биримдигине киргенибиз туура болуптур деп ойлойсузбу?
– Бул саясий ойлонулган, тарыхый туура чечим болгон. Бажы биримдиги мүмкүнчүлүктөрдү чоңойтот, башка мүмкүнчүлүктөрдү чектебейт. Биримдиктин жакшы жыйынтыктарын күн сайын көбүрөөк көрө баштайбыз. Албетте, адегенде кыйынчылыктар болот. Бирок бул убактылуу.

– Жакында эле КСДП Сооронбай Жээнбековду президенттик жарышка чыгарарын билдирди. Ошол жарышка катышып жаткан адам катары, экс-премьер-министр катары Сооронбай Шариповичке кандай баа бересиз? Кандай өкмөт башчы болду? Жарышта кандай атаандаш болот деп ойлойсуз?
– Баа деген иш жасалып жатканда эмес, жасалып бүткөндөн кийин берилет. Сооронбай Шарипович кандай өкмөт башчы болгонун ал кызматтан кеткен соң эл өзү таразалап баа берет. Ал эми атаандаш катары айтсам, ар бир атаандашты сыйлаш керек.

– Күчтүү атаандаштарды жарыштан чыгаруунун ар кандай ыкмалары бар. Ошондой ыкмалар сизге карата колдонулуп кетет деп чочулабайсызбы?
– Бул сапар андай ыкмалар колдонулбайт. Эгерде азыр кандайдыр бир күчтөр туура эмес ыкмаларды жасоого өтүшсө, анда мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт. Буга биздин тарых далил. Учурда саясий күчтөрдүн бардыгы шайлоону таза өткөрүүгө кызыкдар.

– Шайлоо таза өтөрүнө ишенесизби? Аны таза өткөрүү боюнча өзүңүздө сунуш барбы?
– Шайлоону таза өткөрүү боюнча көп иштер аткарылды. Биометрикалык маалымат такталып бүттү, биометрикалык паспорт бериле баштады. Заманбап шайлоо урналары келди. Бейөкмөт уюмдар, коомдук ишмерлер, саясатчылар шайлоодо борбордук серверге коомдук көзөмөл кылуу керектигин айтып жатышат. Муну БШК да туура көрүп жатат. Элдин күмөнүн таптакыр жоготуш үчүн көз карандысыз IT аудит жүргүзүүбүз керек. Муну чечип алсак, кошумча ишеним жаратат. Ошондой эле шайлоо күнү онлайн режимде жыйынтыктар үзгүлтүксүз көрсөтүлүп туруусу кажет. Ушулардын баары биригип келип таза шайлоо өткөрүүгө өбөлгө түзөт.

– Эгер бийлик тарабынан административдик ресурстар колдонулса, бюджеттик мекемелердин кызматкерлери 400 миң добуш дейли, калган добуштар башка талапкерлердин арасында чачырап калышы мүмкүнбү?
– Эми андай маселе бар. Пендечиликте ар түрдүү жагдай болот экен. Бирок шайлоого эл активдүү катышып берсе, андай ресурстун деле таасири азайып калат.

– Акыркы убакта "биригүүбүз керек, акаевчил, бакиевчил дегенди токтотолу" деген чакырыгыңызды угуп баштадык. Бир кезде сизди куугунтуктап жүргөн акаевчилер, бакиевчилер менен болгон нерсени унутуп, иштешүүгө даярсызбы?
– Биз алакандай эле элбиз. Жакшы адис болуп, ак ниет менен иштеп берем деген адамдар саналуу эле. Алардын баары бир адамга эмес, мамлекетке иштеп берели дешкен. Мисалы, Акаев кетсе алыскы райондо ак эмгегин кылып жаткан адисти бошотуш керек беле? Анын кандай тиешеси бар? Же министрликтеги жөнөкөй жумушчунун эмне тиешеси бар? Мейли, ошол башчынын жанында иштесе да, биз анын профессионалдуулугуна карашыбыз керек го? Биз бөлүнүп бүттүк. Лимитибиз түгөндү. Эгер биз бийик максаттарга жетебиз десек, адамдын кесипкөйлүгүнө, жөндөмүнө, ак ниеттигине, ыйманына басым жасообуз кажет. Эгер кылмыш кылган же коррупционер болсо анда бир жөн.
Азыр бир гана акаевчи, бакиевчи эмес, уруу-урууга бөлүнүп жатпайбызбы. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жердешчилик, бөлүнүп-жарылууга эмес, биригүүгө багыт алышыбыз керек. Азыр мына "Бирге!" деген ураан менен бирге экономиканы оңдойлу, бирге келечекти түзөлү, бирге мамлекетти өнүктүрөлү, бирге ынтымакка келели деп айтып жатканымдын себеби ушул.

– Көрүнүктүү лидерлер менен биригүү аракетинен жыйынтык барбы?
– Мамлекетти кыска мөөнөттүн ичинде өзгөртүү идеялары бар. Мына ошол идеялар, көз караштар төп келсе, саясий күчтөр менен биригүү аракетин кылабыз.

– Маегиңиз үчүн рахмат!

"ТЕМИШ, ТЕКИНИМ ДЕП ЭРКЕЛЕТИШЕТ ЭЛЕ..."

– Акыркы жолу кайсы китепти окуп бүттүңүз?
– Олжобай Шакирдин "Куюн доор" китебин бүткөнү калдым.

– Жол салган жакшыбы же жол тандабас алган жакшыбы?
– Эң чоң сооп – бул жол салуу деген хадис бар экен.

– Кайсы спорттун күйөрманысыз?
– Көп спортко күйөрмандык кылам. Футбол, теннис, күрөш жана башка.

– Ата-энеңиз эмне деп эркелетчү эле?
– Текиним, Темиш дешет эле...

– Жетпей калган кыялыңыз?
– Кыялдар жаңыланып турат да. Бир кыялыңа жетсең, экинчиси пайда болот.

– Аргымак алган жакшыбы же ак бата алган жакшыбы?
– Жооп бирөө эле. Ак бата алган жакшы.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан