ЧЕМПИОН ЖҮК ТҮШҮРГҮЧ БОЛУП ИШТЕП ЖҮРӨТ. МОСКВАДАГЫ СПОРТТУК КЛУБДАР ТУУРАЛУУ РЕПОРТАЖ

Маалыматтарга караганда, Орусиянын борбору Москва шаарында эле кыргыздар ачып иштетип жаткан отуздай спорт зал бар. Бул спорт залдарда машыгып, Кыргыз желегинин алдында мелдештерге чыгып, байгелүү орунду алып жүргөн мекендештерибиз көп. Көпчүлүгү күндүзү оор жумуштарда иштеп, жумуштан соң спорт менен машыгышат. Москвага болгон иш сапар учурунда мына ошондой спорт клубдардын бирине барып, таанышып кайттык.

"ЖАШТАРДЫ ЖАКШЫ ЖАККА ТАРБИЯЛАГЫМ КЕЛИП СПОРТ КЛУБ АЧКАМ"

Нургазы Амиракулов, "Айкөл Манас" спорт клубунун негиздөөчүсү:
– Үй-бүлөм менен көп жылдан бери Москвада жашайм. 3 балам бар. Өзүм 22 жылдан бери спортто жүрөм. Окуучу, студент кезимде эле бокс, кикбоксинг боюнча эл аралык мелдештерге катышып жүрчүмүн. 2001-жылы турмуш мени Москвага алып келди. Бул жакта жүрүп деле спорт менен машыгып, беттештерге катышып жүрдүм. 2007-жылы көчөдөн катуу жаракат алып, дарыгерлер андан ары спорт менен машыгуума тыюу салды.
Өзүм билгенди башкалар менен да бөлүшүүнү кааладым. Ошондуктан спорт клуб ачып, жаштарды жакшы жакка тарбиялагым келди, бирок каражат жок эле. Ошол убакта фитнес клубда кармашып урушуу боюнча машыктыруучу болуп иштеп жүргөм. Ал жерде иштеп жүргөндө машыгууга келип жүргөн Ринат деген улуту татар жигит менен таанышып, кийин дос болуп калдык. Бир жолу ага спорт клуб ачкым келип жүргөндүгүн, бирок акча жок болуп жаткандыгын айтсам, ал колдоо көрсөтүп жардам берди. Ошентип 2008-жылы 1-апрелде спорт клуб ачтым. Ачылган күнү эле машыгууга 30 адам келди. Андан бери биздин клубдан ар кандай эл аралык мелдештердин, Кыргызстандын, Азиянын, Евразиянын Дүйнө чемпиондору чыкты. Алардын баары Кыргыздын атын чыгарып, желегин көтөрүп жүрүшөт.
Биз спорттун кармашып урушуу, күжүрмөн самбо, жиу-житсу түрлөрү менен машыктырабыз.

"БИР ДА СПОРТЧУБУЗГА СТИПЕНДИЯ ТӨЛӨНБӨЙТ"

– Спорт криминал дүйнөсүнө жакын болот, ошондуктан аймактардагы спорт залдарга машыктыруучулукка криминалга аралашпаган, спорт деп күйгөн, түшүнгөн жигиттерди койгонбуз. Бизде машыккан жигиттердин бирөө-жарымы криминалга аралашканын угуп эле калсак, четтетип салабыз. Спорт менен криминал дүйнөсү дос боло албайт.
Спорт менен бизнес жасабайм, спорт – мен үчүн жашоо. Бул жерде иштеп жүрүп байып кеткен жокмун, башка да иштерим бар, ошол менен нан таап жеп жатам. Спорт клубду түптөгөндөн кийин анын тарыхта жакшы ат менен калышын каалайм. Алыстан туруп Кыргызстандын атын чыгарып жүрөбүз.
Мелдештерде жеңүүчү болуп, медаль тагынган бир да спортчубузга мамлекет тарабынан стипендия төлөнбөйт. Буюрса, Кыргызстанга барып жашап калсак, чет өлкөлөрдө Кыргыздын атын чыгарып жүргөн, чемпион болгон жигиттерибизге мамлекет тарабынан стипендия чыгартып бергенге аракет кылабыз. Эгер мамлекет тарабынан кичине көңүл бөлүнсө, алардын демине дем, күчүнө күч кошулмак деп ойлойм.

"МЕКЕНИБИЗГЕ ӨЗ САЛЫМЫБЫЗДЫ КОШКУБУЗ КЕЛЕТ"

Кылыч Пазылов, "Айкөл Манас" спорттук клубунун машыктыруучусу:
– Москва шаарында 3, Санкт-Петербург, Тюмень, Новосибирск, Екатеринбург шаарларында бирден машыгуу залдарыбыз бар. Азыр биз машыгуу өткөрүп жаткан залыбыз эң чоңу, мында 100дөй спортчу машыгат. Кээ бир залдарда 30-40 бала машыгат. Машыгып жаткандар бизге акча төлөбөйт, спорт залдын ижара акысын гана ортодон төлөйбүз. Мен өзүм машыктыруучулуктан сырткары бир фирмада айдоочу болуп иштейм. Талаада жүрсөк да мекенибизге өз салымыбызды кошкубуз келет. Мелдештерде жеңген учурда Кыргыздын желегин көтөрүп жүрөбүз. Бул аз да болсо мекенибиз үчүн кошкон салымыбыз деп эсептейм.

"КҮНҮ-ТҮНҮ СПОРТ МЕНЕН МАШЫГЫП ЖАТАМ"

Бул клубдун дагы бир тарбиялануучусу Рыскулбек Ибрагимов кармашып урушуу боюнча 2 жолку Дүйнө чемпиону жана Дүйнө кубогунун ээси:
– Мен 1992-жылы Ноокат районундагы Көк-Жар айылында төрөлгөм. 5 бир туугандын ортончусумун. 2011-жылы Москвага жумуш издеп келип, 3 жыл курулушта иштеп жүрдүм. Москвага келерим менен эле "Айкөл Манас" спорт клубунда машыгып баштагам. Кылган мээнетимдин акыбети кайтып, кармашып урушуу, күжүрмөн самбо, ММА боюнча көптөгөн ири мелдештерде жеңүүчү болдум. Учурда күнү-түнү спорт менен машыгуудамын. 22-майда ММА боюнча Азия чемпиондугун багындырып, Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алдым. Буюрса, аны да утам деп үмүт кылып жатам.

"МЕКЕНИБИЗДИ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКЫМ КЕЛЕТ"

Ушул жылдын 6-7-майында Москва шаарында өткөн панкратион боюнча Дүйнө кубогунда 64 килограмм салмак ченинде Кылыч Садирдинов алтын медаль тагынды:
– Мен 1996-жылы Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында төрөлгөм. 9-класска чейин кыргыз күрөшү менен машыккам. Андан соң Ош шаарындагы технологиялык колледжде окуп жүргөндө бокс, кикбоксинг менен машыгып, мелдештерге катышып жүрдүм. 2015-жылы Москва шаарына иштөө үчүн келип, иш менен кошо спортту алып кеттим. 2016-жылы ноябрь айында кармашып урушуу боюнча Азия чемпиону болдум.
Өзүм курулуш каражаттарын саткан базарда жүк түшүргүч болуп иштейм. Эртең мененки 8ден кечки 6-7лерге чейин жумуш, андан соң бул жакта машыгам. Эртеден кечке оор жумуш кылып, андан соң спорт менен машыгуу өтө оор. Кээ бирлери чыдабай машыгууну таштап салышууда.
Мелдештерге барганда кетчү каражаттарды көбүнчө өзүбүз, кээде машыктыруучубуз же демөөрчү агаларыбыз төлөп берет. Келечекте Кыргызстандын желегин желбиретип, мекенибизди дүйнөгө тааныткым келет.

Машыгып жаткандардын 99 пайызы кыргыздар.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Азиянын чемпиону Москвада жүк ташуучу болуп иштөөдө
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
olek38
2017-05-29 13:02:06
Супер инфо жааматы,сиздер эмне учун бир гана "Айкол Манас" спорт клубу жонундо эле маалымат чыгарасынар?"Жаш Куч" спорт клубу мыкты го Москвада? Кыргызстандын наамысын коргогон мыкты спортчулар "Жаш Кучто"...Теледен деле "Айкол Манас" клубун улам эле корсотушо берет. Же эмне бул жерде башка маселе барбы?
+8
admin_superstan
2017-05-29 15:00:47
olek38, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
-5
olek38
2017-05-29 13:04:14
"Жаш Куч" спорт клубун негиздеген Кызыл-Кыя шаарынын спортчулары экенин унутпагыла
-24
Lakyas
2017-05-29 14:45:23
olek38, Унутуп эмес, билгибизда келбейт! Негизи кыргызбы? Биз Кыргызстан деп сыймыктанып, билип атсак. Болунуп унутпагыла дейтко. Чет олкодо Мекенибизге салым кошуп жатат дейбизда же к-кыядан экен дейлиби
+41
Komrad
2017-06-01 18:35:27
Lakyas,ачуу чындык, алар кыргызстандын желегин которуп журушот.Бирок кичинекей кыргызстандын ичинде болунуучулукту ким алып келип атат? Деп ойлонуп корбойлубу,азыркы кыргызстандын расмий спорт жетекчилери тренерлери 60-жылдары туулгандар. мурдагы мастерлер, чемпиондор Алардын муундары бири бирин жакшы таанышат. Бишкекте окуп жургондо Жалабаттагы тренерлерди айтсак, аа тааныйм дейт болчу. Эми маселе эмнеде? Ошолор азыр кабарлашпайт, мамиле кылышпай атат. Расмий дегеним былтыркы Рио догу олимпияда
+2
Komrad
2017-06-01 18:41:32
Олимпиядага кимдер барды? 27 спортчу каерден болушат, борбордобуз дее коюп региондорго кабар айтышпай, озгочо туштуко, анан алар катышпай, Риого барыш учун расмий спортко катышыш керек да. Анан кайсы жерликтер барып кандай болуп келишкенин баарыныздар жакшы билесиздер. Эмне учун Москвада миллиондогон озбек болуп 1 да спорт клубу жок, олимпиададан 4 медал алат дагы биздикилер кур жалак келишет? Подпольный бойлордо биздин балдар коншу олколордун сазайын берип келишет. Ачуу чындык 95% Ош областынан
+1
Komrad
2017-06-01 18:41:44
Ошондуктан Олек38 дин айтканы конул бураарлык соз деп эсептейм
-2
lizaliza
2017-05-29 17:25:37
Акыркы убактарда биздин жигиттерге коп сыймыктанчуу болдук. Азаматсынар! Бий ,спорт, ыр-дуйносу, медицина дегиле коп тармактан жетишип жаткан ийгиликтеринерди коруп суйунуп калабыз. Кыргыздын аял затынын атынан ыраазычылык сиздерге. Биз ушундай аракетчил, намыской жигиттерибиз менен сыймыктанып келебиз.
+9
molorbaev
2017-05-29 18:22:51
Азаматтар. Мекенчилдер. Бар болгула. Ийгилик болсун. Ар бир ийгиликтин ары жагында эмне деген эмгектер, мээнеттер жатат.
+5
kayrat1985
2017-05-29 20:21:39
Урматту админ бизге жаш куч спорт клубунан интервью алыныздар азыркы кундо эн эле популярду жаш куч.
+3
admin_superstan
2017-05-30 11:00:02
kayrat1985, саламатсызбы? Бул шилтеме аркылуу кирип көрүңүз: http://www.super.kg/article/show/36611
0
Basko94
2017-05-29 22:41:07
Рыскул молодец,Кокжар сени менен сыймыктанат. Бардык спортчуларга ийгилик, Кыргызстандын желегин желбиретип журо бергиле!
+2
poping.dance
2017-05-30 09:55:47
Кок жар
0
bosmos777
2017-05-30 14:59:26
Алга Кыргыз! Манас атабыз колдосун!
0
arimaz89
2017-05-30 15:53:38
Азаматтар! Ийгилик коштосун дайыма! Олко башына озунордой патриот адам келген кезде силердин мээнетинер бааланар.
0
Lion.
2017-05-30 23:27:21
Урматту достор. Адресин айткылачы. Кайсы метолдо
0
aiza1994
2017-05-31 01:43:13
Мамлекеттен эч кандай колдоо болбосо да желегибизди желбиретип жургон жигиттер азаматсынар, силердей жигиттери менен кыргыз эли сыймыктанат, бар болгула!
0
Zinazima
2017-05-31 18:47:33
Жагымдуу кабар онуп ОС кыргызым
0
IskenDer.Ali
2017-06-02 01:10:52
Озгондун жигиттери алга
0
asiana
2017-06-04 12:17:43
Алга Кыргыз алга
0
Samaganova
2017-09-02 05:42:40
Озгондуктор, спортко жакын болгунуздар!
0
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан