№758-САНДА ОЙНОТУЛГАН ОЮН-УТУШТУН ОШ ШААРЫ БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Алтынай Моминова: «ҮТҮР-ЧЕКИТИН КАЛТЫРБАЙ ОКУЙМ»

– Алтынай эже, байгеңиз кут болсун!
Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?
– Жашым 47де. Ошто жашайм, Облустук суу чарба башкармалыгында бухгалтердин орун басары болуп иштейм. Бул жумушта иштеп жатканыма 28 жыл болду.

– Утам деп ишендиңиз беле?
– Ооба, ишенген үчүн жөнөткөм. Суроолордун жоопторун медициналык институтта окуган студент кызым толтуруп берди.

– Гезитибиздеги кайсы темадагы макалалар жагат?
– "Супер-Инфо" гезитин үзбөй алып окуп жүргөнүмө көп жыл болду. Сатып аларым менен алгач сериалдарды, фотороманды, жылдыз төлгөнү окуйм. Андан соң калганын үтүр-чекитин калтырбай окуп бүтүрөм.

Жыргалбек Исмаилов: «КАЧАН БИЗГЕ КЕЗЕК КЕЛЕТ ДЕП КҮТҮП ЖҮРДҮМ»

– Жыргалбек, куттуктайм, сиз жеңүүчү болдуңуз! Кантип оюн-утушка катышып калдыңыз?
– Чын элеби? Рахмат! "Супер-Инфо" гезитин калтырбай такай алып окуйбуз. Оюн-утуш тууралуу окуганда "качан бизге кезек келет?" деп чыдамсыздык менен күтүп жүрдүм. Ош шаары боюнча ойнотулганда эле суроолордун жообун таап, толтуруп кат аркылуу жөнөтүп жибергем.

– Кайсы темадагы макалаларды окугуңуз келет?
– Мага баары эле жагат. Сериалдарды, саясат жаңылыктарын үзбөй окуйм. Келинчегим ашканага байланыштуу макалаларды жакшы көрөт.

– Өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз...
– Жашым 33тө. Өзүм Алай районунан болом, учурда Ош шаарында милиция кызматкери болуп иштейм.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан