– Ооба, башымдан өткөргөн тагдырды баяндоо мен үчүн жеңил эмес. Бир ыйлап, бир жылмайып, бир өзүмдү жемелейм. Антсе да койгон максатымдан тайган жокмун. Курбумдун бактылуу жашоосуна, күйөөсүнө көз артып аралаша баштадым. Артка жол жок. Курбумдун жолдошун аяшымдай эмес, менчиктеп, жигитимдей көрүп, сагынчу да болдум.
10. – Сезимдин үйүнө коюнума котур ташымды салып алып тез-тезден каттай баштадым. Куру кол барбай 2 баласына тең белек көтөрүп алам.
11. – Алар чын эле бактылуу үй-бүлө. Бул үй-бүлөнү сырттан караган адам сөзсүз суктанат. Кызы 6 жашта, уулу 2де. Сезим эки баласын карап үйдө отурса, Кумар бир компанияда пиар менеджер болуп эмгектенет.
12. – Ичимдеги бороон-чапкынды Кумарга кантип билгизем? Мурун учурашканда жөн гана кол алышып койсок, эми өбүшүп учурашканга өтүп алдык. Мендеги уйгу-туйгу Кумарда да болуп жаткандай туюлду.
13. – Сезим менин тез-тез каттап калганымдан шек санаган жок. Алып барган белектериме сүйүнүп, сүйлөшүп, сырдашып, мени мурункудан да жакын сезип калгансыйт.
14. – Залкарга турмушка чыкканда иштеген жеримден чыгып алгам. Ажырашкандан кийин кайра эле ошол тигүү цехине кирип алдым. Жумушум жакшы, маянамды апта сайын алам. Акчам өзүмдүн керектөөмө кеңири жетет.
15. – Кумар менен Сезимдин үйүнө дайым жасанып барчу болдум. Мен Кумарды арбап алуум керек. Менин кылыктарым ага таасир бергендей...
16. – Туура эле байкаптырмын. Кумардын көздөрү менин далымды теше тиктеп тургандай туюла берди. Көздөрүбүз чагылыша түшкөндө анда да мага карата жылуулук бар экенин толук түшүндүм.
17. – Бул күн жекшемби эле. Курбумдун "тамак жасайын" дегенине көнбөй, "кеч кирип баратат, бир жакка шашылыш барышым керек" деп Кумарды машинасы менен жеткирип коюусун сурандым.
18. – Баары ушинтип башталды.
АСЕЛ МЕНЕН КУМАРДЫН МАМИЛЕСИ ЭМНЕГЕ АЛЫП КЕЛЕТ? СУРООНУН ЖООБУН КИЙИНКИ САНДАН АЛАСЫЗ.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
lira@super.kg