КСДП СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВДОН БАШКА ДАГЫ ТАЛАПКЕР ЧЫГАРАБЫ?

17-май күнү Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши президенттик шайлоого өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду алып чыгууну чечкен. Бирок июнь айында өтчү жана талапкер расмий жарыяланчу КСДПнын съездинде дагы бир талапкер чыгат деген кептер азыр кызуу талкуу чордонунда.

"ДАГЫ БИР ТАЛАПКЕР ДАЯРДАЛУУДА"

Парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков айткандай, КСДПда президенттикке татыктуулар көп болсо, анда Сооронбай Жээнбековдон сырткары дагы бир талапкердин сунушталышы толук ыктымал. Айрым саясий серепчилер "КСДП Сооронбай Жээнбековдон башка дагы бир талапкерди даярдоодо" дешүүдө. Алар КСДПнын атынан экинчи талапкер катары Кыргыз өлкөсүнүн түндүк аймагынан көрүнүктүү саясатчы сунушталышын божомолдошууда. Бул тизмеде спикер Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, БШКнын мурунку төрагасы Туйгунаалы Абдраимов, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматов жана Бишкектин мэри Албек Ибраимов бар. Анын үстүнө президенттикке ат салышарын күн мурунтан жарыялаган экс-премьерлер Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев КСДП үчүн өлкөнүн түндүк аймагындагы эң чоң каршылаштары болору бышык. Эгерде КСДП дагы бир талапкерди түндүк аймактын өкүлүнөн көрсөтсө, анда түндүк электоратынын добуштары ошол эле Бабанов же Сариевге каршы иштеп, бир нече көрүнүктүү талапкерге чачырап кетет.

САПАР ИСАКОВ ӨКМӨТТҮ ЖЕТЕКТЕЙБИ?

Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков коомчулукта "Атамбаевдин мураскери" деген атка конгон эле. Бирок ал "менин президенттик шайлоого катышуу планым жок" деп айтып, мындай жоромолду жокко чыгарган. Акыркы учурда Исаковдун президенттик аппараттын бөлүм башчылыгынан аппарат жетекчиси болуп чыга келгени, өкмөт башчы, парламент спикери жадакалса президентке караганда мамлекеттик телеканалдардан анын көбүрөөк көрсөтүлүп жатканы эмнени билдириши мүмкүн? Мындай аракеттер "Сапар Исаков президенттикке эмес, премьер-министрликке даярдалып жатат" деген жоромолдорду бышыктап жатат. Жээнбеков президенттик шайлоого аттанса, премьер-министрдин орду бошойт. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "өкмөт толук алмашпайт, Жээнбеков гана кетиши мүмкүн" деген оюн айткан. 2016-жылдын 11-декабрында референдум аркылуу өзгөртүү киргизилген Баш мыйзам боюнча, мындан ары президентке караганда премьер-министрдин таасири күчөп, чечүүчү фигурага айланат. Айтор, жакынкы айларда президенттик орун үчүн да, премьерлик орун үчүн да кызуу күрөш башталат.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан