МИНИСТРЛЕРДИН ОРУН БАСАРЛАРЫ ДА БИЗНЕС-КЛАСС ТАНДАП КАЛГАНБЫ?

24-майда парламенттин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова мамлекеттик кызматкерлердин чет өлкөгө иш сапар менен чыгуусун сынга алды. "2016-жылы Экономика министрлигинин кызматкерлери чет мамлекетке 204 жолу, Бажы кызматынын өкүлдөрү болсо 147 жолу иш сапары менен чыгып келишкен. Мындан сырткары айрым мамлекеттик мекеме өкүлдөрү бюджеттин эсебинен жылына 40-50 жолудан иш сапар менен чет өлкөгө чыгышууда. Министрлердин орун басарлары бизнес-класс менен учуп жатышат. Эгерде бюджеттик каражатка болуп жатса, анда ким аларга акча чачууга уруксат берди?",- деп айтты Өмүрбекова. Ал иш сапар менен чыккан чиновниктер иш-чараларга катышпастан эле турист сыяктуу жүргөнүн сынга алды.
Ушул сыяктуу мамлекеттик казынанын эсебинен сыртка көп чыккан бийлик өкүлдөрү сынга кабылып, кызматтан кол жууган учурлар катталган. Мисалга алсак, Жогорку Кеңештин аппаратынын мурунку жетекчиси Абдыманап Кутушев "чет өлкөгө көп чыгат" деп сындалып, ушул жылдын март айында кызматтан кеткен. Андан сырткары экс-спикер Ахматбек Келдибековдун 2011-жылдагы Түштүк-Чыгыш Азияга болгон сапары үчүн бюджеттен 10 миллион сом сарпталганы жана аялы, жеке дарыгерине чейин алып барганы катуу сынга кабылган. Ал эми мурунку каржы министри Ольга Лаврова болсо 2013-жылы иш сапарлары үчүн учуу кызматына мамлекеттин эсебинен 630 миң сом жумшаганы коомчулуктун оозун ачырган эле. Ушул сыяктуу жакыр өлкөнүн бай чиновниктеринин салык төлөөчүлөрдүн акчасын ысырап колдонуулары көп эле кездешет. Өкүнүчтүүсү мындай көрүнүш дале уланууда.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан