Бир кезде «Жалгызым», «Тушалган махабат», «Көлөкөм» деп обон созгон Айдин Шер продюсери Динара Эсенгулова менен иштешпей калгандан тартып чыгармачылыктан алыстап кеткен эле. Мындан бир жыл мурун кыскача маек берип, сахнаны сагынганын, мекенине кайтып келгенин билдирген. Ырчы мырза менен байланышсак, учурдагы жагымдуу жаңылыктары менен бөлүштү.
– Саламатсыңбы, Айдин? «Мекениме кайтып келсем чыгармачылыкка киришип, мурунку Айдин Шердин деңгээлинен ашам» дегенсиң. Сени качан чоң сахнадан кол чаап тосуп алабыз?
– Саламатсыздарбы? Москвадан Кыргыз жерине келгениме 1 жыл болоюн деп калды. Ооба, мурунку деңгээлимден ашам деген чоң максатым бар. Азыркы тапта чыгармачылыкка билек түрө киришкенге жүйөлүү себептер тоскоолдук кылып жатат. Бирок 4 ыр жаздырып, анын ичинен «Алга, Кыргызстан!», «Сен» деген ырларым радиолордон уктурулуп баштады. Жакынкы арада масштабдуу бир ишиме күбө болосуздар, азырынча табышмак болуп турсун.
– Бирок сахнадан алыстап кеткендейсиң...
– Эми биз чыгармачыл инсан болгондон кийин бул чөйрөдөн алыс кете албайбыз. Музыкасыз жашоонун кызыгы жок. Сахнага чыкпаганым менен, Москвада 6-7 жыл жүрүп музыкага байланышкан тармактар – клуб, ресторандарда ырдап жүрдүм. Мен ырдаганды кызмат катары көрөм. Ошондуктан ушул баскан жолума из калтырып, бийик деңгээлге жетким келет.
– Чет өлкөдө иштеп, акча табуу менен биргеликте музыкалык билимиңди бышыктап келдиң. Кандай тажрыйба топтой алдың?
– Бир эле мезгилде иштеп, буга катар Дима Биландын продюсери Яна Рудковскаянын киноакадемиясында 2 жарым жыл окуп, вокал жана актёрдук чеберчилик боюнча билим алдым. Орустардын ырдоо багыты жеңил рок болот. Бул жакка келгенден кийин ошондой жанрдагы ырлар жагып, ырдагым келди. Бирок биздин шоу-бизнесте андай жанрды колдоно албайсың. Анткени бири түшүнөт, бири түшүнбөйт дегендей. Анан дагы чет жакта жүрүп жашоого болгон көз карашым өзгөрүп, орус мүнөз болуп калдым. Эми алган тажрыйбаларымды айтпай эле, иш жүзүндө колдонсом туура болчудай.
– 7 жыл Москвада жүрдүң. Эки элдин айырмачылыгын көрө алдыңбы?
– Айырмачылык тууралуу айтсам, орустар оюндагысын кылган, киши менен иши жок калк келет. Кыргыздар болсо элпек, меймандос болобуз. Бирок айрым мигранттардын бири-бирин көрө албай атаандаш көрүшүп, бири-бирин басынта бергени кейитет. Ошол эле учурда күйүмдүү болгон патриот кыргыздар да жок эмес. Өзүбүздүн элибизге, жерибизге эч ким жетпейт.
– Үй-бүлөң тууралуу айта кетсең.
– Жубайым экөөбүздү күндө түрлүү кылыктары, өнөрлөрү менен кубандырып, бактылуу кылып жаткан кызыбыз бар. Аты Айбийке, жакында эле 1 жашка чыкты. Жакшы ата-эне болуп жатсак керек. Сезимдерди сөз менен билдире албайсың, аны өзүңдөн өткөрүш керек. Келечекте кызыбызды кайсы тармактан көргүбүз келгенин эмитен эле айтып жатабыз. Бирок бешиктеги баланын кандай таланты бар экенин билбейбиз да. Балким, чыгармачыл инсан болот. Кайсы кесиптин ээси болсо дагы колдойбуз. Эң башкысы, аман болсун.
– Жубайыңдын тасмада роль жаратканын билебиз. Эгер «тасмага тартылам» десе каршылык кылбайсыңбы?
– Келинчегим Эльвира алган билими боюнча такыр эле башка кесиптин ээси. Үй-бүлө куруп калгандан кийин тасмаларга тартылуусуна «жок» деп айтам. Эгер мени менен тартылса, анда каршылыгым жок. Бир үйдө бир эле артист болушу керек.
– Үй-бүлөнү багууга, жаңы ырларды жаздырууга чоң каражат сарпталат. Кирешени кайдан таап жатасың?
– Баягы ар бир нерсенин өз ырыскысы бар деген сөз чын экен. Биринчиден, үй-бүлөнү багуу анчалык деле оор болгон жок. Биздин деле чакан үй-бүлөлүк бизнесибиз бар. Эми аны майдалап айтуунун кереги жок. Күйөрмандарым капа болбосун. Андан тышкары тойлорго барып кызмат кылам. Негизги каражатты дале тойлордон табам.
– Рахмат! Ишиңди ийгиликтер коштосун!
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg