№759-САНДА ОЙНОТУЛГАН ОЮН-УТУШТУН БИШКЕК ШААРЫ БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Зоя Алымбекова: «БУГА ЧЕЙИН БИР ДА ЖОЛУ УТА ЭЛЕК ЭЛЕМ»

– Зоя эже, байгеңиз кут болсун! Өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз...
– Рахмат! Суроолорго жооп издеген мээнетимдин акыбети кайтыптыр. Буга чейин силер ойноткон бардык утуш оюндарына катышып, бир да жолу ута элек элем. Өзүм жөнүндө айтсам, жашым 52де, 1 уулум, 3 неберем бар. Өзүм 2-топтогу майыпмын. “Супер-Инфо” гезитин көп жылдардан бери үзбөй окуп келем. Мага кабарчыңар Асхат Субанбеков жазган макалалар аябай жагат.

Жибек Койчубекова: «ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ЖАШООСУНА КЫЗЫГАМ»

– Жибек, куттуктайм, сиз жеңүүчү болдуңуз! Кантип утушка катышып калдыңыз?
– Көптөн бери “Супер-Инфонун” ар бир санын калтырбай сатып алып, үй-бүлөбүз менен окуп келебиз. Ошондуктан суроолордун жообун кыйналбай эле таптык окшойт. Бирок туура жооп жөнөткөнүмө ишенбей жаткам. Силерге чоң рахмат!

– Сизге кайсы темадагы макалалар жагат?
– Мен жылдыздардын жеке жашоосуна кызыгам. Саясатка көп кызыкпайм.

– Өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз...
– 21 жаштамын, медициналык окуу жайды бүтүргөм, кесибим – фармацевт. Азырынча жумушка орношо элекмин.

№758-санда жарыяланган Ош шаарындагы окурмандар үчүн ойнотулган оюн-утуштун жеңүүчүсү Алтынай Моминованын ордуна белегин сиңдиси Гүлзат Кыргызбаева, Жыргалбек Исмаиловдин ордуна белегин анын иниси Памирбек Исмаилов алып кетишти. Ошондой эле 756-санда жарыяланган Чүй облусундагы окурмандар үчүн ойнотулган оюн-утуштун жеңүүчүсү Бактыгүл Чоробекованын ордуна Бекжан Дүйшөналиев келип белегин алып кетти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aqua-94mema
2017-06-06 14:46:28
Не оюн
0
Kanzada97
2017-06-06 15:42:26
шарттарын кайдан окусам болот менда катышам
0
wwwww
2017-06-12 04:26:53
Эмне учун сайттан катышса болбойт
0
№ 761, 2-8-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан