ӨЗДӨН ЧЫККАН ЖАТ ЖАМАН (фотороман)

(Башталышы өткөн санда)

– Кумарда да мага карата сезим бар экенин билип бактылуу элем. Чынын айтканда, мен бир үй-бүлөнү, болгондо дагы эң жакын курбумдун үй-бүлөсүн бузуп жатканымды оюма да алган жокмун. Бул деген бакыт үчүн күрөш деп өзүмдү алдап жаттым. Бирок болуп өткөн окуя мени толугу менен өзгөрттү.

19. – «Кумарды кантип менчиктейм?» Ушул ойдон арыла албай бара жатып, бет маңдайыма машина келип калганын байкабай калыптырмын. Көзүм тумандап эле калды.


20. – Ооруканадан эсиме келдим. Эмне болгонун, бул жерге качан келгенимди таптакыр эстей албай койдум. Дарыгерлердин айтымында, мени машина сүзүп кетиптир. Ооруканага айдоочу алып келиптир.


21. – Палатага Сезим кирип келип, менин өзүмө келгенимди көрүп жашып жиберди. Мен 2 күн эсиме келбей жатыптырмын. Курбум болсо ошондон бери жанымдан карыш жылбай, жакындарымды сооротуп жүргөн экен.


22. – Кийин Сезим менен Кумар чогуу келишти. Же Сезимдин, же Кумардын көзүн карай алсамчы. Экөө мени тургузуп, бастыра башташты. Мен да, Кумар да чоң күнөө кылганыбызды сезип жаттык. Бирок биз бардыгын сыр кылышыбыз керек, Сезим үчүн, балдар үчүн!


23. – Мен жакшы болгондо Кумар менен Сезим ооруканадан чыгарып кетишти.


24. – Уят. Сезимдин балдарын тирүүлөй жетим кылгым келгенин эстесем жерге кирип кетким келет. Ал эми Сезимчи, ал менден эч жамандык күтпөйт. Мен өздөн чыккан жат жаман болдум. Эч нерсе болбогондой, билмексен болуп жашоомду улоого акым жоктой туюлду. Мындан аркы жашоомду өзгөртөм. Түркияда иштеген агамдын кызы мени чакырып жүргөн эле. Эжеме телефон чалып, барарымды айтсам, сүйүндү.


25. – Билбейм эмнегедир Кумар менен Сезимге Түркияга кетип жатканымды айткым келген жок. Баргандан кийин Сезимге кабарлап коём дедим.


26. – Түркияга келгени өткөн күндөрдү унутуп, турмушумду жаңы барактан баштадым. Мен эми курбум Сезим сыяктуу башкаларга жакшылык каалап гана жашайм.


27. – Кумар менен Сезим мурункудай эле бактылуу жашап жатышат. Аз жерден өзүмчүлдүк кылып алардын жашоосун талкалап ала жаздаганымды жаман түш сыяктуу унутуум керек. Эми курбума бак тилейм! Ал мага кылган жакшылыгы менен мендеги карасанатай ойлордун баарын жууп таштады. Сезим, сен мени өзгөрттүң! Сага рахмат! Баса, мен сага сонун белек алып койдум, жакында салып жиберем.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
ekaterinburg
2017-06-05 09:47:19
Уууфф...Жакшы болуп бутуптур."Эсин барда этегинди жый"деген мына ушу.Улгу болчу дагы ангеме экен.Рахмат.
+8
Alibay
2017-06-05 10:18:58
Ооба,улгу алса болчудай..Азыр курбусунун жигитине,куйоосуно коз арткандар ого эле коп.ошентип уй-булолор бузулуп жатат..
+6
meni_kut
2017-06-05 11:22:12
эми Туркияда жон журсо экен)))
+9
akil.91
2017-06-05 12:36:53
Кызыксыз эле болду...
+2
Alina.lina
2017-06-05 12:50:05
Асел еже мага аябай жагат да
+1
ilgis1991
2017-06-05 13:51:13
Тез эле эсине кириптир мындайлар аз.Бир эмес 2.3 жолу авто кырсыкка кабылса да акылына келишпейт.копчулугу
+6
dinamo7
2017-06-05 14:47:49
со-онун аяктаган. Тарбиялык мааниси бар. Жакшылык кылы албасаң, жамандык кылба дегендей.
+3
Eliza9393
2017-06-05 19:36:06
Aselge igilik kaalaim!
0
admin_superstan
2017-06-06 12:53:51
pero123, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
Girl1996
2017-06-08 14:13:23
"бир жолу жамандык кылганга, он жолу жакшылык кыл"
Өзүнүн жакшылыгы менен, башка адамды жакшы жолго салыптыр, МашаАллах.
0
№ 761, 2-8-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан