Учу-кыйыры билинбеген казактын талаа чегинен алдакачан чыгып Орто Азиянын жылдызына айланган, кыргызга да, өзбекке деле өз болуп кеткен Кайрат Нуртас 26-май күнү Бишкекте концерт берди. Утурумдук, кулакка жагымдуу да, муундан-муунга өтө турган жүрөккө жакын да ырлардын аткаруучусун укканы элдин катарында мен дагы бардым. Билет кымбат экен. Бири 3000 дейт, дагы бири 4000 дейт. Бир орун үчүн анча акчаны чөнтөктөн чыгаруу Толик сынчыга деле оңой эмес болчу, 1500 сомго билет сатып алып, амфитеатрдагы орунга ыраазы болууга туура келди.
Концерттин аталышы – Кайрат Нуртас
Концерт өткөн күн – 26-май
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт ордосу
Башталышы – 19:00 (1 саат кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 105 пайызы
Мыкты номерлер – Нурлан Насип менен бирге «Туулган күн», эл менен чогуу аткарылган «Аурмайды жүрек»
«ҮЙЛӨНГӨНСҮҢБҮ ДЕП СУРАБАГЫЛА»
«Тумар» радиосу концертти уюштуруу милдетин моюнга алган экен, сахна жасалгасынан каражатты аябаптыр. Байкаганым, бул жолу үн дагы жакшы коюлду.
Баягы эле жаман адат менен концерт бир саатка кечигип башталды. Элдин сабыры түгөнүп, кол чаап, ышкырып кыйкырып киргенде анан жарыктар өчүп, лазердик шоу менен концерт старт алды. Көп өтпөй Кайрат Нуртас чыкты, казакча-кыргызча аралаш саламын, залга батпай келген элге ыраазычылыгын айтып. «Тумар» радиосу бир айдан ашуун гезит, радио, теле, интернеттен бул жигиттин концертин жарнамалап, Кайратты «феномен» атап жатты. Концерт көрүп жатып чын эле бул ырчы мынчалык көп элдин сүйүүсүнө кантип арзыды деп ойлонуп отурдум. Кайраттын Бишкекте Нурлан Насип менен чогуу койгон концерти да эсимде, өткөн эле жылы болчу. Кыздар өзүн жоготуп, Кайраттын колун кармайм деп асылып жатып алдыңкы катардагы элди басып жыгылып, «ит» болушкан. Бүгүнкү концерт андан да чыңалган атмосферада өттү. Мынчалык гүлдү эч бир концертте көрө элек болчумун. Бишкектин сулуулары, жаш балдар, жигиттер, апалар, эжелер Кайратты гүлгө ороп салышты. Гүл сатуучу дүкөндөр да ырчыга ыраазы болушту көрүнөт. Ар бир гүлдесте Кайрат менен сүрөткө түшүүгө, селфи жасоого мүмкүнчүлүк берди. Кайтаруучулардын кой дегенине болбой жулкунган кыздар ырчы жигитти өөп, кучактап, сүрөткө түшүп, кулагына шыбырап... айтор ырына да, өзүнө да ыраазы болушту. Ырчы жигит да аларды шыктандырып, кайтаруучуларды токтотуп «тоспой тур баурым, гүл алууга деле акчасы кетти гой, тапшырып алсын» деп, анча-мынча сулууларды кетирбей, белинен имере тартып, өзү сүрөткө тартып, көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөп, залдагы эл менен жандуу байланыш түзүүгө аракет кылып жатты. Атүгүл «гүл берсеңер да болот, сүрөткө түшсөңөр да болот, суроо берсеңер да болот, баарына мүмкүн. Болгону бир гана суроону узатпагыла, «үйлөнгөнсүңбү?» деген суроого баары бир жооп бербейм» деп элди күлкүгө бөлөдү.
НУРЛАНДЫН «БАЛАПАНЫ», АЛПАРУУЧУНУН ЖОРУГУ...
Тердеп-кургап, жандуу үн менен элди аралап ырдап жүргөн жигит чарчабай коймок беле? Ал бир аз эс алып, кийим которгончо элди биздин ырчылар эриктирбей алаксытып турушту. Биринчи эле сахнага «Нон Стоп» дуэти чыгып, удаасынан эки ыр аткарышты. Үндөрү тууралуу эч нерсе айткым келбейт, бирок бул дуэт сахнага ар бир чыкканына жоопкерчиликтүү мамиле кылат. Жаңы ыр деп учурдагы кыздар менен жигиттердин жоруктарын мазактаган тамашалуу ырды бийчилердин коштоосунда, өзгөчө шоу менен алып чыгышты. Булардан соң жакында эле күтүүсүз Эмгек сиңирген артистке айланган Гүлжигит Калыков чыкты. Андан соң Анжелика... Бул ырчы кыз эжекеси менен талашып жаткан ырын ырдап киреби деп күтсөм, жок, башка эле ырды аткарды. «Аячы мени» деген эки сөздөн башка бир дагы сөзү угулбады. Жөн гана компьютерден кошулуп коюлган дүңк, дүңк... Келбетине куп жарашкан кооз көйнөгүн карап, номеринин аягын күтүп отурдум. Анан элдин сүймөнчүгү Нурлан Насип чыкты, жымыйып. Бул жигитти эл өзгөчө жакшы көрөрүн билдирип, кол чаап, эргүү менен тосуп алышты. «Балапаным, татынакайым, сени сүйөмүн» деп ырдап жатты. Балапаны Асел Кадырбекова да концертке келгенин көрдүм эле, элдин арасында жыргап угуп отурганын элестеттим. Концертти алып баруучу кылып Бакыт Байсариевди дайындашкан экен, башында жакшы эле баштаган, анан аягы «казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса» болду. Эки саатка жетип-жетпей аяктаган концерттин 20 мүнөтүн Бакыттын аялы менен Кайраттын сүрөткө түшүүсүн тиктеп отуруп өткөрдүк. Сахнага чыгып, Кайратты көшөгө артына кетирбей токтотуп алган Бакыт залдан аялын чакырып, «сени менен аялым сүрөткө түшүп алсын» деп, келинчеги маалкатып келгиче канча убакыт өттү. Элдей болуп жок дегенде сый үчүн гүл ала чыкса да мынчалык одоно көрүнүш болмок эмес. Анан экөө, үчөө болуп сүрөткө түшүштү. Байсариевдердин үй-бүлөсү инстаграмга жарактуу сүрөткө түшүп бүткүчө эл үн-сөзсүз күзөтүп отурду. Алпаруучунун минтип элди сыйлабаган жоругун эч бир концертте жолуктурган эмесмин. Байсариевдин келинчеги ошончолук эле сүрөткө түшкүсү келсе, максатына сахнанын артынан деле жетмек.
ЫРЧЫ ЭЛДИ ЫРААЗЫ КЫЛДЫ
Концерттеги мыкты номерлер деп Нурлан Насип менен Кайрат Нуртастын аткаруусундагы «Туулган күн» ырын жана Кайраттын көрүүчүлөр менен чогуу аткарган «Аурмайды жүрек» ырын айтар элем. Кайрат дайыма жасай келген адатын улантып, «Аурмайды жүректи» өзү менен кошо ырдаган жаш ырчы балага үстүндөгү костюмун чечип белекке деп карматты. Жашы алтымыш, жетимишти таяп калган ак жоолукчан апаларыбыз келип, Кайрат менен кошо ырдап отурушту. Бул элдин сүйүүсү дебегенде эмне? Казактын баласы ыр десе ыры, сөз десе маани-мазмундуу сөзү, бий десе бийи менен элди ыраазы кылып, концерт башталган мүнөттөн эле зал толо эл алакан чаап, аягына чейин шаңдуу отурушту. Биздин ырчылар да ошентип коңшу өлкөлөрдө сыйга татып жатышат болду бекен? Мени эки-үч күн ушул суроо кызыктырып жүрдү. Кайрат Нуртастын концерти тууралуу айтайын дегеним ушулар, кийинки концерттерден көрүшкөнчө, урматтуу окурманым.
Толик сынчы