Сурообузга «Грация» медициналык борборунун андрологу, сексологу Мирлан Айбашов жооп бермекчи.
БЕЛ СУУНУН ЭРТЕ ТҮШҮШҮ КАНДАЙ ООРУ?
Чындыгында, кээ бирөөлөр үчүн 1 саат кумарга батуу аздык кылат, айрымдар үчүн 3 мүнөт эле жетиштүү. Дүүлүккөндөн кийин бел суунун «марага» жетпей эле же жыныстык катнаш башталгандан 1-2 мүнөт өтпөй түшүүсү эякуляциянын бузулушунан кабар берет. Бул оору көпчүлүк мырзалардын көйгөйү. Сексуалдык мамиле жана жүрүм-турум боюнча жүргүзүлгөн изилдөөгө 29 өлкөдөн 13 миң 618 мырза катышып, алардын ичинен ар бир үчүнчү респондент бул көйгөйгө кептелгендиги аныкталган. Көрсөткүчтүн 30,5 пайызы Түштүк жана Чыгыш Азиянын, ал эми 12,4 пайызы Орто Азиянын мырзаларына таандык болгон.
ООРУНУН СЕБЕПТЕРИ
Физиологиялык
Жыныс мүчөнүн алдында аны кармап туруучу жүгөн сымал тарамыш (уздечка) бар. Айрымдардыкы тубаса узун, кээ бирөөлөрдүкү кыска болот. Кыска тарамыштуулар бел суунун эрте түшүшүнө көп кабылышат;
ПСИХОЛОГИЯЛЫК
ДАРЫЛООНУ ЭМНЕДЕН БАШТОО КЕРЕК?
1. Сиз уруктугуңуздун эрте түшүүсүн качан байкадыңыз? Кечээки төшөк оюнунда элеби (1-ирет эле эрте түшкөндө)? Анда сиз дароо жакшы сексопатологго же психологго кайрылып, бул көйгөйгө эмнеге туш болгонуңуздун себебин аныктаганыңыз оң.
2. Эгер уруктугуңуздун эрте түшүүсү бир нече ирет байкалса, дары-дармек ичүүгө шашпаңыз. Андан көрө жай отуруп «жашоом ойдогудайбы? Өнөктөшүм менен мамилем кандай?» Салмак кошкон жокмунбу?» деген сыяктуу суроолорду өзүңүзгө берип, жообун таап, жашоо образыңызды бир жолу сыдыргыдан өткөрүңүз.
3. Жогорудагы саналган факторлордун бири да кездешпесе, анда дароо дарыгерге кайрылыңыз. Жакшы дарыгерге туш болсоңуз, 100 пайыз бул көйгөйдөн арылууга болот.
ДАРЫЛООНУН ЖОЛДОРУ
Башта-токтот ыкмасы
Бул ыкмада өнөктөшү мырзага мастурбация жасап, оргазмга жетерде ишарат кылып токтотуп, бел сууну түшүрбөөгө аракет кылышы шарт. Муну бир эле төшөк оюнунда 5-20 жолу жасоо керек.
Кысуу техникасы
Мырза оргазмга жетейин дегенде өнөктөшү 20-30 секундга колу менен «алигини» так ортосунан акырын кысуусу керек. Бул ыкмалар бир нече жолу жүргүзүлгөндөн кийин эркек эякуляциясын көзөмөлдөөнү үйрөнөт.
Психотерапия
Кумарга батуусун көзөмөлдөй албаган, мурунку төшөк оюндарын эрте бүтүрүп, өнөктөшүнө ырахат тартуулай албай калган эркекти «бул жолу да эрте бүтүп калбаса экен, уят болбосом экен» деген ой чулгап алат. Мындай ойдон арылуу үчүн сөзсүз жакшы психологдун кеңеши жана өнөктөштүн жардамы керек болот.
Презерватив – жардамчы
Бул каражат «алигинин» сезимталдыгын басаңдатып, жыныстык катнаштын убактысын узартат.
Дары-дармектер менен дарылоо
Дарылоонун алдында дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, тиешелүү анализдерди тапшыруу керек. Алардын жыйынтыгына карап дары-дармектер жазылат.
Атайын көнүгүүлөрдү жасоо
Мисалы, Кегелдин көнүгүүлөрү. Бул көнүгүүлөр эн безинин, куймулчак менен жамбаш сөөгүнүн алдындагы булчуңдарды бекемдейт. Айта кетчү нерсе, аталган көнүгүүлөрдү дарыгердин сунушу менен гана жасоого болот.
Хирургиялык жол
Жыныс мүчөнүн алдында аны кармап туруучу жүгөн сымал тарамыш операция жолу менен узартылат.
Астра Айдарова
erotika@super.kg