Кыздар, келишкен бой-мүчөнү көрсөтүүчү жай келди. Бул жайдагы актуалдуу кийимдер даңазалуу 80-жылдардын жеңи кенен тигилген көйнөктөрү, 70-жылдардын чолок шымдары болмокчу. Ошондой эле платформа такалуу бут кийимдер, ачык түстөгү өңдөр модада.
ЧОЛОК ШЫМ
Гардеробуңузда бул кийим жок болсо, сөзсүз сатып алыңыз. Ыңгайлуу, аптапта ысытпаган чолок шымдар быйыл трендде болмокчу. Бели өйдө, кең чөнтөктөр менен кооздолгон чолок шымдардын заманы.
КӨЙНӨКТӨР
Быйыл төшүндө, жеңинде бүйүрмөлөрү көп барпыраган көйнөктөр жана ийиндери ачык көйнөктөр да модада. Кош этек сымал тигилген сарафандарды тандасаңыз да жаңылбайсыз. Ал эми кеңсеге кийиле турган көйнөктөрдүн жакасы жабык болот. Кейибеңиз, анын ордуна буттарыңызды көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк бар. Анткени көйнөктөрдүн этеги санга чейин ачык болот. Ак-кара сызыктуу классика бул жайда да актуалдуу.
БУТ КИЙИМ
Бул жайда шиш такалуу бут кийимдерди ката турсаңыз болчудай. Анткени жайдын тренди – платформа. Үстүндө ар кандай боолор же жалтырак таштар чөгөрүлгөнү талапка ылайык. Балеткалар, кедалар мурдагыдай эле өкүмүн жүргүзөт.
БАШ КИЙИМ
Жайдын ысыгында баш кийимсиз жүрүү бир топ кооптуу. Түрдүү шляпалар сизди коргоп эле тим болбой, көрк да берип турат. Ошондой эле бандан (чыт жоолук) салынсаңыз болот.
АКССЕСУАРЛАР
Жайда өтө чоң жана өтө кичинекей сумкаларды алыңыз. Ошону менен бирге булгаары курлар жана тор кол каптар да модада. 90-жылдардагыдай моюнга тыкыс тагылган чокерлер (каргы сымал моюнга тага турган кооздук) да кайтып келди. Ал баркыттан, булгаарыдан, же таштардан тизилген болсо моюнуңузду көркүнө чыгарат. Бир жагы кыска, бир жагы узун сөйкөлөр, ийинге чейин салынуучу жана балтырды кооздогон бутка тагылуучу билериктер да жайдын көркүнө көрк кошмокчу.
ЖЫНСЫ
Кайсы учур болбосун жынсылар модада. Жай мезгилинде шым, көйнөк болобу, баары кооздолуп сайылган саймалар менен өзгөчөлөнөт.
ШЫМ
Бизге клёш шымдар кайтып келди. Жайкы шымдардын бул жылдагы өзгөчөлүгү – ачык өңдөрүндө. Сапсары, кыпкызыл, жапжашыл, айтор, каалаган ачык түстүү шым алсаңыз болот. Модада дагы деле бели өйдө тигилген шымдар. Баса, юбка болуп баратып шым болгон (юбка-шым) багалеги кенен келген кыска классикалык шымдарды кийсеңиз да саркечтиктен артта калбайсыз.
ЮБКА
Юбкалар ар кандай узундукта болушу күтүлөт. Өзгөрүлбөгөнү юбканын дээрлик бардыгы тилик болот. Андан тышкары тюль же ар кандай жука материал менен сыртынан капталат.
Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg