3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ

(Башталышы өткөн сандарда)

Нурдиндин өчүн алмакчы болгон Шерзат берилип алган. Эрмек бул 1-курстун студентин бир сокку менен жерге сулатмак. Узатылган соккулардан Эрмек оңой эле буйтап кетип жатты. Шерзат да өжөрлөнүп, токтоп калбай чабуулун улантат. Оор дем алып калган эки мушкердин бул беттешин 3 мүнөттөн кийин Азат Эркинбаевич бүтүргүлө деп ишарат кылды.
Залда машыгып жаткан студенттер машыгуусун токтотушту. Машыктыруучусунун жарыясы кандай болот экен деп бардыгы кызыгып калышты. Шерзат менен Эрмек рингдин эки бурчундагы канаттарда сүйөнүп туруп калышты.
– 20-апрелде өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын студенттери арасында республикалык Универсиада оюндары старт алат. Аталган мелдеште Улуттук университетибиз жогорку лигада күч сынашат. Анда бокс боюнча мелдешке ушул залда машыгып келе жатышкан балдар катышарын сыймыктануу менен жарыялайм. Азыр ар бир салмак категорияда кайсы мушкер биздин университеттин намысын коргоорун угузам.
Залдагы жигиттер кызыгуу менен агайды карап калышты. Мелдешке кимдер катышары баарына кызык. Азат Эркинбаевич 56 килограмм салмактан 81 килограмм салмакка чейинки категорияда беттеше турган студенттердин атын атады. Алардын катарында Шерзаттын аты угулган жок. Өзү дагы мага али эрте деп ойлоп турган. Бул убакытта агай сөзүн улады.
– 69 килограмм салмактагы категорияда негизги талапкер, өткөн жылдагы мелдештин жеңүүчүсү Талгат жаракатына байланыштуу быйыл бара албайт. Демек, бул салмакта мелдешке Шерзат Илимбеков аттанат...
"Шерзат Илимбеков аттанат... Шерзат Илимбеков аттанат..." бул сөздөр Шерзаттын оюнда кайра-кайра кайталанып жатты. Күтүүсүз беле?.. Жок, жок, Шерзат өзү дагы мелдешке чыгууга кызыкдар эле. Өзүнө болгон ишеним башынан эле күч болчу. Эрмек Шерзаттын жанына келип, мээлейин чечпей колун сунду.
– Кош келдиң, биздин командага. Эми биз бир командадабыз.
Шерзат мээлейге мээлейин сунуп, ыраазы болгондугун билдиргендей болду.

ххх

Эртеси кечинде Жек университетке барып, машыгууга катышты. Бир канча күн машыгууну өткөрүп жибергендигинен улам декандан сөз укту. Ага анчейин маани деле берген жок. Башкысы, балдардын даярдыгын көзөмөлдөө керек болчу. Алардын ар бирине өзгөчө маани берип, тагдырын бузуп албайын деген ойго батып жатты. Мушкерлер да Универсиадага жакын калган сайын олуттуу машыгууда. Жек Айдарды ээрчитип алган. Бул мелдештерде аны секундант катары дайындамай болду. Ишти чогуу кылгандан кийин студенттер үчүн жоопкерчиликти да чогуу алуу керек.

ххх

Дене тарбия жана спорт академиясынын спорт залы. Ортодо ринг орнотулуптур. Күйөрмандардын көптүгү дароо байкалат. Беттештер баштала элек жатып ар кайсы университеттин күйөрмандары өздөрүнүн спортчуларын колдоп сүрөөнгө алып башташты. Алгач ар бир университеттин өкүлдөрүнүн мушкерлери чыгып, гимн жаңырган соң беттештерге старт берилди. Көпчүлүк катышуучулардын арасынан Дене тарбия жана спорт академиясынын мушкерлери айырмаланып, ар бир салмак категориясында фаворит саналып жатышты.
– Биринчи жолу баарыбыздыкы ушундай болгон. Буту-колуң укпай калдыбы өзүңдү? Азыр ичиң ооруп баштайт эми.
Эрмектин бул сөздөрү Шерзатка эч кандай таасир берген жок. Ал дагы деле өзүнө келе албай жатты.
– Шерзат, өзүңдү карма! Рингдин ичине киргенде үйүңө киргендей эле бол. Өзүңдү эркин сез. Мына азыр сенин кезегиң...
Азат Эркинбаевич Шерзаттын мээлейин кийгизип, акыркы керектүү сөздөрдү айтып чыгарды. Машыктыруучусунун коштоосунда Шерзат рингдин кызыл бурчунан орун алды. Күйөрмандардын арасында мугалимдерден тарта студенттерге чейин.
Алгачкы таамай соккуну узатып алгандан кийин Шерзаттын өзүнө болгон ишеними күчөдү. Атаандашынан алда канча ыкчам болуп, активдүүлүгүн
көрсөтүп жатты. Раунддардын жыйынтыгы менен калыстар бир чечимден Шерзатты жеңүүчү деп табышты.
– Азамат! Эми бир беттешти утсаң, финалдасың. Сенин колуңдан келет.
Шерзаттын алгачкы беттешине машыктыруучусу да ыраазы болду. Анын жарым финалдагы атаандашы жаракатынан улам беттешке чыга албай калгандыктан, ал финалга карай бет алды. Чечүүчү беттешке чейин жеткенине Шерзат өзү да таң калып жатты.
Атаандашы – учурдагы өлкө чемпиону Калыс. Ал 3 жылдан бери улуттук курама команданын мүчөсү эле. Көк бурчтан орун алган бул мушкер Жек менен Айдардын коштоосунда чыкты. Шерзат аны көрүп жазбай тааныды. Ооба, бул качандыр бир жолу айылына келип, машыктырып кеткен Рустам агайы. Рустам Жекшенов! "Кызык, мени тааныды болду бекен?" Шерзат айылдын жолун сагалап, машыктыруучусун күтүп жүргөн кезин эстеп кетти. Бала кездеги таарынычы унутулган бойдон калган. Бирок баары бир өзүн көргөзгүсү келип турду. "Өзүмдү көргөзчү күн да келди. Рустам агай, көрүп ал, баягы Шерзат финалга чейин жетти..."

ххх

Жек менен Айдар үчүн бул мелдеш өздөрү ойлогондой болуп жатты. 2 салмак категориясында өзүнүн мушкерлери жеңишке жетишти. Демек, Арслан Байышбекович азыр утулуп жаткан кези. Ал да бул залга келгендигинен кабардар. Кезектеги беттеш Калыста. Бул балага ишеним күч. Учурдагы өлкөнүн чемпиону финалга чейин атаандаштарын убакытынан эрте эле жеңип чыга алды. Алдыда кайсы атаандаш экендигине маани деле берген жок. Башкысы, өзүнүн тарбиялануучусу жеңишке жетиши керек.
Гонг жаңырды. Күйөрмандардын жарымы "Шерзат!" деп алга сүрөсө, экинчи жактан "Калыс..." деген кыйкырыктар жаңырып жатты. Эки мушкер дароо чабуулга өтүп кеткен жок. Бири-бирин аңдып жатышты. Калыстын чабуулунан Шерзат ыкчам буйтап кетип жатты. 1-раунд бою эч кимиси бири-биринен кем калышкан жок.
– Көрдүңбү, буттары менен кандай иштеп жатканын? Чабуулду күчөт. Бир-эки жеб, үчүнчүсүн апперкот менен жыйынтыкта,- көк бурчта Жек менен Айдар ушундай сөздөрдү айтып жатышты.
Анын буттары менен мыкты иштеп жаткандыгы Жекке кимдир-бирөөнү эстетти... "Мыкты атаандаш экен. Физикалык даярдыгы, кыймылдары да чапчаң" деп өзүнчө күбүрөнүп алды. Раунд бүткөндөн кийин уюштуруучулар ар бир мушкерди тааныштырып өтүшөт. Кызыл бурчтагы мушкер Нарын облусунун Ак-Булуң айылынан деп угузганда гана ал өзү бокско ээрчитип келген Шерзат экендигин тааныды. Анын рингде өзүн алып жүрүшү дал өзү үйрөткөндөй. Бирде чабуулда, бирде артка качат. Ошондо айылдан суроо-жоопсуз кетип калгандыгына бир чети уялып турду. Ооба, анда жаңы эле университетти бүтүп жаткан кез болчу. Айдар экөө алгачкы "тапшырманы" аткарып, айылга барып из жашырып жүрүшкөн. Ошондо Ак-Булуңда 3 ай кармалып, машыктыруучулук кылып баштаган эле.
Аңгыча 2-раунд да башталды...

(Уландысы кийинки санда)

Алибек Алиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
originalkgz96
2017-06-05 09:10:14
ммм де агайынын суйгонун тартып алаткенда))))
+4
mekaaibek
2017-06-05 12:09:24
Эми кызыгына жеткенде бутуп калдыго дагы бир жума кутуш керек эми...
+1
Nursing.kg
2017-06-05 12:55:33
Мдаа дагы бир жума э
0
Dilbaranurdinova
2017-06-05 12:59:53
Шерзат давай
+2
dinamo7
2017-06-05 14:55:00
Сүйгөнүн тартып алса, Калысты жеңип алса ошондо нокаут.
+1
Eliza.nurjanovna
2017-06-06 13:50:37
булардын сүйүүсү башталбай жатып сериал да бүтүп калат окшойт.тиги жакта жаңы сериал кезеке туруп калыптыр
+2
№ 761, 2-8-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан