(Башы өткөн сандарыбызда)
Күндөрдүн биринде, күн кечтеп калган убакта Бактиярдын апасы биз жашаган жатаканага келип түштү. Периште аялдын өзү келгендей аны сыртынан урматтап, бөлмөмө жатаканада жашаган кыздар чогулушуп, улам-улам Бактиярдын бөлмөсү тарапка кулагыбызды түрүп, тынчыбыз кетет. Кыздар ой-боюма койбой чачымды жасалгалап, кийимдеримдин жарашыктуусун кийгизип коюшту.
– Апей, татынакай болуп тур да, биринчи көргөнү эсинде калат. “Уулумдун арзып сүйгөнү ушул беле?..” деп кетпесин,- деп Уулкан чачымды жасай баштады.
– Ооба да, бетке чабар мүнөзүңдү тыйып, кичине наздуу боло тур. Кантсе да ал кайненең болот. Сен жөнүндө тигил Канат менен Тилланын, дагы ким эле, жанагы жездеси менен эжесинин суук сөздөрү да жетип, ар кандай ойдо болушу мүмкүн,- деп биринен-бири өтүп акыл айта башташты.
– “Баламдын башын айланттың, улуу экенсиң!” десе да унчукпай отура бер. Апалар ар нерсени айтып сынап көрүшөт,- деди Нурай эже да орундукка жайланышып жатып.
Бир тобу бөлмөнү жыйнаштырып, иретке келтирип, алтургай сый тамак үчүн керектүү азыктарды да камдап, идиш-аяктын жакшысын ар кайсы кыздардан чогултуп коюшту. Ананчы, менин жазган катымды окуп, атайын ошон үчүн айылдан келип отурса... Мени туура түшүнүп, ал гана эмес кулагыма сөйкө салганы келбедиби.
– Эгер кайненең кулагыңа сөйкө салса, бул алтын сөйкөңдү мага бересиң, ээ?- деди Элвира тамаша-чыны аралаш.
– Апей, мен турганда сага эмнеге берет эле?! Мен алайын деп чачын жасалгалап отурам,- деди Уулкан талашып.
– Баарынан жакын эжеси менмин, мага берет. Анын артынан мен да турмушка чыгып кетсем ажеп эмес,- деп Нурай эже да аралашты.
Тилекке каршы, ал күнү Бактиярдын апасы мени менен жолугушкан жок. Мен улам Бактиярдын кабак-кашын карап, жооп күтөм. Ал мурчуюп, унчукпай башын жерге салат.
“Алыс жолдон чарчап келди. Бүгүн эс алып, эртең сөзсүз сүйлөшөт...” деп кыздар өзүбүздү жоошутуп, ал күнү тарадык. Бирок эртеси күнү да жолуккан жок. “Эми тууган-урук бар дегендей алар менен учурашып, базарга барып жоолук алып, анан келет да...” деп жакшылыкка жоруп койдук. Бактиярдан сурасам, оңдуу жооп айтпай кагып койду.
Yчүнчү күнү үмүтүбүздү таш каптырып, эч жолукпастан, абалымды, жок дегенде катымдын себебин сурабастан же оң жообун айтып кубантпастан айылга кетип калды. Мен бир чети кыздардан уялып, экинчиден, катуу ызаланып ыйлай баштадым. Кыздар менин башыма караңгы түн түшкөндөй көңүл айтышып, “шашылыш иши чыгып калгандыр...” деп дагы да болсо жакшылыктан үмүтүн үзөр эч ким жок. Ал аял менин абалыма башын оорутпай, адатынча жакшы жерден келин алуу ниети бар экендиги жөнүндөгү “лекциясын” баласына окуду. Ал эми Бактияр коркконунан, чечкинсиздигинен улам “сиз айткандай болот. Аны менен мамилемди үзгөм...” деп узатып койгонун сезип турдум. Ал азыр айылга жетет да, Бактиярдын атасына “алар кол үзүшүптүр, эми менин колумдан эмне келмек эле, өздөрү тил табышпай жатышса?..” деп сылык-сыпаа жооп айтары да анык.
Аттиң, эне мээрими бардык балдарга бирдей, баарынан аруу деп жүрбөдүк беле. Мына, эненин адилеттиги! Мына, эне жүрөгү! Мына сага, эне мээрими! Бул аял өз мээримин гана аябастан, биздин ысык сезимибизди суутканын билди бекен? Эмне үчүн мени түшүнүүгө, жок дегенде тамчы көз жашымдын себебин билүүгө аракет кылбады? Анткени мен ал аялга жат элем. Ошентсе да, өз перзентинин сүйгөн инсаны болчумун. Көз жаш төгүп төрөгөн уулун сүйдүм эле го. Эгер энелик жүрөгү зырп этип дилгирлик кылганда, биздин да перзенттерибиз, алардын туңгуч неберелери жарыкка келишер беле? Корунуп, жашынып жашап, өз билгенибизди кылбайт элек го. Биздин мамилебиз мынчалык сууп, жаман-жакшы айтышып, дилибиз кирдебейт эле.
Чындыгында, түнү бою мындай ыза кылган ойлордон кысылып, кирпик ирмебей таң атырууга туура келчү.
Жумагүл Жолматова
(Уландысы кийинки саныбызда)