HI-TECH NEWS

ДРОН МЕНЕН УЧКАН АДАМ ФУТБОЛ ОЮНУН БАШТАП БЕРДИ

28-майда Португалияда футбол боюнча өлкөнүн кубогунун финалдык оюну болуп өттү. Анда футболдук беттештин өзү эмес, оюн башталарда башкы калыска топту алып келген дрон менен учкан адам кызыгуу жаратты. Социалдык тармактарда "биз айтып жаткан келечек келди", "заманбап технологиялардын заманы" сыяктуу түрдүү комментарийлер жазылган.
Адамды учура турган дрон мультиротор же мультикоптер деп аталат. Ал кадимки дрон сыяктуу, бирок адамды бир канча алыстыкка чейин учурат. Алгачкы жолу 2015-жылы канадалык инженерлер тарабынан өз алдынча адамды учура алган мультикоптер иштелип чыккан. Алгачкы учуусунда 2 метр бийиктикте 275 метр аралыкты багынткан.

WANNACRY ВИРУСУ РЕКОРДДУК ЧЫГЫМ АЛЫП КЕЛДИ

Бир жума ичинде дүйнө жүзүндөгү компьютерлерди каптаган WannaCry вирусу рекорддук чыгым алып келди. Серепчилер аталган вирус интернет тарыхындагы эң ири вирустук чабуул экендигин билдиришти. Хакерлер тарабынан Windows системиндеги компьютер үчүн даярдалган бул вирус алгачкы 4 күн ичинде 1 миллиард доллар чыгым алып келген. Маалымат коопсуздугу боюнча иш жүргүзгөн "KnowBe4" компаниясынын директору Стью Сьювермандын айтымында, 300 миңге чукул компьютер аталган вирустун айынан жабыркаган. Кызыгы, бул вирусту даярдаган хакерлер аны жокко чыгаруу үчүн 300 доллар гана сурап, жалпы 126 742 доллар табышкан.

КАНАДАДА РОБОТ ЫЛААЧЫНДАР АЭРОПОРТТО ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ

Аэропортто учактын кыйроолоруна ар кандай канаттуулар себеп болушу мүмкүн. Андыктан айрым аэропорттордо аларды жолотпоо үчүн ар кандай үндөрдү, лазердик аспаптарды же "эреже бузган" канаттууларды кармоочу "ылаачындар кызматын" колдонуп келишет. Канаданын Эдмонтон аэропортунда "Clear Flight Solutions" компаниясы чыгарган робот ылаачындар иштеп башташты. Робот ылаачындар чыныгы ылаачындыкындай түскө боёлгон жана учуусу да дал өзүнүкүндөй. Жүргүзүлгөн эксперименттердин алкагында канаттуулар алардан кооптуу жырткычтан качкандай качышары аныкталган. Робот ылаачындар саатына 80 чакырым менен уча алышат, алар атайын аспап менен башкарылат.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 761, 2-8-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан