ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (5-июндан 11-июнга чейин)

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



КОЙ (21.03-20.04)
Мүнөзүңүздүн чукулдугун ооздуктаңыз. Ошондо гана бул апта сиз үчүн эң жагымдуу өтөт. Каржы жана үй-бүлөлүк маселелер жакшы чечилет. Текшерүүчү органдар, башка аймактагы адамдар менен алакалар жакшырат. Негизги маселенин баарын жан шеригиңиз менен кеңешип чечсеңиз өкүнбөйсүз. Андыктан ойлонуңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Пассивдүүлүгүңүздү жана көктүгүңүздү бул аптада унута туруңуз. Ошондо гана алдыдагы күндөр сизге өз жемишин берет. Жакындарыңыз жана кошуналар менен маанилүү маселени талкуулайсыз. Сүйлөшүүлөр көп болот. Ден соолук, жумушуңуз сиз самагандай болот. Киреше кирүүсү күтүлөт. Анын көлөмү сиздин аракетиңизге жараша болмокчу.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта ичи колуңузга акча тийиши мүмкүн. Анын суммасы сиздин сыр сактай билүү жөндөмүңүздөн көз каранды. Сүйүктүү адамыңызга кайрылсаныз, ал да жок дебейт. Балдарыңыз, жубайыңыз менен жагымдуу учурларды өткөрөсүз. Романтикалык таанышуу же жакындашуулар башталууда.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада ойлогон максаттарыңыз аз да болсо ишке ашат. Ишке ашырууда досторуңуз, кесиптештер, айрым ишканалар өз жардамын тийгизет. Үй-бүлөдөгү негизги көйгөйлөр жана жумушуңуз өз нугуна түшөт. Кесиптештер сизден жардамын аяшпайт. Ден соолукка жакшы көңүл бурунуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Шаршембиден тартып жумушуңузда ийгиликтер күтүлөт. Жетекчиликке кайрылып көрүңүз. Маселелерди жакшы чечүү үчүн бир сырдуу болуп, мүмкүн болушунча жалгыз аракет жасаңыз. Туугандарыңыз, балдарыңыз менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Каржы маселесин чогуу талкууласаңыз жаман болбойт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сиз бул аптада ойлогон максаттарыңызга жетесиз. Ага жетүүдө курбулардын, кесиптештердин жана башка адамдардын салымы чоң болот. Жолго чыгуу күтүлөт. Акча жана үй-тиричилик көйгөйлөрү жакшы чечилет. Ата-энеңизди жана үй-бүлөңүздү алдыңкы орунга коюңуз. Ошондо баары ойдогудай болот.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жума ичи жеке иштериңиз менен алек болосуз. Алардын ойдогудай ишке ашышына жакындарыңыз себепкер болот. Жол, документ, унаа маселелери да жакшы чечилет. Жумушуңузда ийгиликтер күтөт. Жетекчиликке кайрылып койсоңуз да ашыктык кылбайт. Каржы маселеңиз оң жагына бурулат. Оптимист болуңуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сизди бул аптада каржы маселесине байланыштуу ийгиликтер күтөт. Баары сиз ойлогондой болушун кааласаңыз, мүмкүн болушунча аз сүйлөңүз. Аракеттерди жалгыз өзүңүз жасаңыз. Башка адамдар, өнөктөштөр менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Жубайыңызга болгон сүйүүңүз күчөйт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада койгон максат, үмүттөрүңүз ишке аша баштайт. Булардын оң жагына чечилишине досторуңуз, өнөктөштөрүңүз себепкер болушат. Ден соолук, жумушуңуз да жаман болбойт. Кесиптештер жардамын гана бергенге даяр. Колуңузга акча тийиши күтүлөт. Бул көбүнесе насыялык акчалар болушу мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сизди бул жумада жумушуңузга байланыштуу жетишкендиктер күтөт. Ийгиликтерге максималдуу жетишүү үчүн мүмкүн болушунча бир сырдуу болуңуз. Жубайыңыз, балдарыңыз менен бактылуу көз ирмемдерди өткөрөсүз. Айрыкча балдарыңызга көп тартылып, көп сагынасыз. Романтика жагында сак болуңуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сиз бул аптада достор, кесиптештер менен бирге жакшы ийгиликтерге жетишесиз. Бөтөн шаардык адамдар, текшерүүчү органдар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Жумуштагы ийгиликтер үй тиричилик көйгөйлөрүн чечүүдө оң таасирин тийгизет. Ата-эне, жакындарыңызга болгон сүйүүңүз күчөйт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта ичи жумушуңузду ийгиликтер коштойт. Жетекчилик тарапка кайрылып көрүңүз. Өкүнбөйсүз. Колуңузга акча тиет. Айлык маянаңыз көбөйүшү мүмкүн. Туугандар, кошуналар менен жагымдуу баарлашуу болот. Жолго чыгышыңыз күтүлөт. Өз балдарыңыз же сүйгөнүңүз менен табият коюнуна эс алууга чыгышыңыз мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 761, 2-8-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан