Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "14 ЖАШАР КЫЗДЫ ЧОҢ КИШИГЕ САЛЫП БЕРГИДЕЙ БАШЫМ ЭКӨӨ ЭМЕС"

31-майда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева SUPER.KG порталынын түз эфиринде конок болуп, окурмандардан келген суроолорго жооп берди. Буга чейин шакирти Анжелика түз эфирге келип, экөөнүн ортосундагы чырдын себебин, дагы бир канча сырларды ачыкка чыгарган эле. Ал эфирге, албетте, Айчүрөк эже да чакырылган. Бирок ырчы келе албастыгын айткан. "Менин да өз чындыгым бар" деген ырчы агынан жарылды.

Алгач эле WhatsApp`тан "Сиздин буга чейинки айткандарыңызды Анжелика жокко чыгарды. Кайра-кайра айта бербей, факты менен далилдеп берсеңиз. Далилиңиз барбы?" деген суроо келди.
– Биздин кайым айтышуубуз ырбап кетти. Анжелика "мен мыйзам аркылуу сүйлөшөм" деди. Ал интервью бергенден кийин жооп берген жокмун. Фейсбуктагы баракчасына улам жаңы постторду киргизип жатат. Анысы аз келгенсип, Сапар Сопубековду да кылтакка илип кетиптир. Кудайдын ыйык күнүндө куттуу жерге келип чындыкты айтып, элге жеткирүүгө аракет кылайын дедим.
Бул жерде "Махабат көлү" үчүн мынчалык жаңжал чыккан жок. Буга чейин Анжелика экөөбүз тойдон жолугуп калдык. Мен 1 саат күттүм. Бир маалда Анжелика келди да, ырдап кетип баратат. Анан ызаланып, токтотуп "Колумдан тузумду таткансың. Ыйык сахнага мен сени тааныттым эле. Мен 1 сааттан бери күтүп жатам, сен мага 3 мүнөтүңдү ыраа көрбөй калдыңбы?" десем, "ал алпаруучунун чечими" деп басып баратат. Кайра токтотуп, "Болуптур, алпаруучу чечсе деле, сен "мени сахнага чыгарган эжекем турат" деп айтканга жарабадыңбы?" дегенде басып кетип жатпайбы. "Жар-жар" ырын бир ооз сурап койбойт белең" дегенимде "Сенин ырыңбы? Автору сенсиңби? Элдин баары эле ырдап жатпайбы, эмнеге мен ырдасам болбойт?" деп беттен алганда чекесинен өөп "мейли, барагой" деп койдум. Ошол кездеги ызамдын баарын жуттум. Кичүүлүк кылып, ызаат кылып "эжеке, сиз аткардыңыз эле" деп койгонго жарабай койду.

Ушул суроого жооп берип жатып, ортодогу чырды ал баштабаганын, чабуул шакирти тараптан болгонун айтып Анжелика менен апасы Гулина айымдын алгачкы жазгандарын далил катары окуп берди:
"Ыр талашуу боюнча рекорд койдуңуз го. Качан ырдадыңыз эле, видеоңуз, аудиоңуз барбы? Мен сиздин репертуарыңызды жатка билем го. Мейли эми, сиз жапжашсыз, сулуусуз, примадоннасыз, сизге эч ким теңеле албайт. Өзүңүз жөнүндө жазып элди жинди кылам деген позицияңызга алкыш! Менден сизге 10 миң "подписчик" (жазылуучу)". Мени устаты катары сыйлабаганы аз келгенсип, өзүнүн "подписчиктерин" мал катары санап, белек кылганы мени таң калтырды. Ал адамдар мени жактырбаса белек кылган күндө деле менин баракчамдан чыгып кетет. Бул адамдын кесирлиги.

– Айчүрөк эже, ыр талашып элге жарыя кылбай, Анжелика менен өз ара чечишип алсаңыздар болмок...
– Албетте, болмок. Мен "Анжелика, бир ооз айтып койсоң мен жок демек эмесмин" деп айттым. Ошодон кийин апасы экөө жогоруда окуп бергенимди жазып жатпайбы. Эл түшүнбөй калышы мүмкүн "Айчүрөк бир ыр үчүн ушунча чыр чыгарды" деп. Жок, бул ыр 10 жылдан бери сыздатып келген бугумду, коркунучумду чыгарууга түрткү гана болду. Бул тууралуу биздин тар чөйрө эле билчү. 10 жыл мурун жолдошум Таалай экөөбүзгө чоң кол салуу болгон. Бирок окуя көптөн кийин гезит бетине чыкканы менен, имиш-имиш болуп эле калып калган. Ошондо 6 ай эшикке чыга албай калдык. Алпаруучу Эльмара Турсуналиеванын тааныштары аркылуу жан сакчы таап, ошо менен басып калганбыз. Элдин кишисине кол көтөргөнгө ким кантип барат? Бийлик колдоо көрсөтүп турганда гана ушундай жолго барышат экен.
Кол салууну тажрыйбалуу адамдар жасаган. Концертке даярданып жатканда сырттагы унаабызды талкалап кетишти. Бир жумадан кийин телефон чалуу болуп "Сен түшүндүңбү эмне үчүн?" деди, "Эмнени?" десем, "Анда жакында түшүнөсүң" деп койду. Экинчи жолу да кол салуу болгондо "Анжеликага экинчи бир нерсе десең, үчүнчүсү башка болот" деди. Мен ал балдарды табылбай калат го деп ойлогом. Кийин табылды, бирок мен ал кармалгандардын атын атабайм деген сүйлөшүүлөр болгон.
Анжелика "Ошко гастролго барганыбызда Айчүрөк эже экөөбүз эне-кыздай кучакташып алып ыйладык" дептир. Концерт учурунда укук коргоо органдары тарабынан чалып "кол көтөргөндөр табылды" дешти. Алар "Алдагы кызыңыз кантип ушундайга барды болду экен?" деп таң калышты. Концерттен чыгып алып Сапардын үйүнө келсек, Анжеликанын күйөөсү чалып "эже, чыгып коюңузчу, Анжелика эшикте күтүп жатат" деди. Анжелика "мен эмесмин" деп жатты ошондо. "Мага азыр эле чалышты, сен экенсиң. Кантип колуң барды?" деп ыйладым. Азыркы учурда бул ишти калп деп жатышпайбы. Жок, бул иш ачылган, сотко Анжелика да келген. Кримтөбөл Чыңгыз үй-бүлөлүк досубуз Расулдун (ред.: Маматкулов) аялына "сүйлөштүрүп бериңиз" деген экен. Мага Катя чалып "Чыңгыз баягы иш боюнча жолугуп, сүйлөшөлү деп жатат" деди. Макул болуп, 3 күндүк сүйлөшүүдө Чыңгыз "Болору болду, эми сиздин унааңызды, ооруканага короткон чыгымыңызды төлөп берели. Бир ачууңузду мага бериңиз" деди.

– Анжелика "Мухтар Өмүракунов менен Айчүрөк эже өзү сүйлөштүрчү. Менин ал кезде телефонум жок болчу" деп айтты. Сиздин жообуңуз?
– Анжелика телефонду менден биринчи көтөрдү болуш керек.
Биздин коллективге ыраматылык Мухтар өзү бир телефон алып берген. Анан концерттин директору болгондон кийин мен менен сүйлөшөт. "Тигиге берип койчу" десе берем да. Бул жерде телефондун бар-жогу роль ойнобойт. Концерт, гастроль болгондо жардам сурап кайрылабыз. Бирок бул деген телефон номурун алып калып, андан ары мамиле куруш керек дегендик эмес да. Мухтар менен болгон мамилесин поездде баратканда билгем. Бул нерселерди айтпай деле коюшса болмок. Эгер айтпаганда мен мунун баарын өзүм менен кошо тиги дүйнөгө алып кетмекмин. Бирок ден соолугума байланыштуу сахнадан бир аз четтеп калсам эле, эл арасында айтылган сөздөрдү буга оодарып салабыз дештиби, түшүнгөн жокмун.

– Москвага гастролго барганда Анжеликаны Мухтар мырзанын бөлмөсүнө киргизип, өзүңүз башка бөлмөгө жайгашыпсыз. Эмнеге секелек кызды чоң кишиге салып бердиңиз?
– Мухтардын үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм сөзгө аралаштырып жатканым үчүн. Менин башым экөө эмес 14 жашар кызды чоң кишиге салып бергидей. Менин студиямда 100гө жакын кыздар окуп, иштеп кетишти. Эмне үчүн бир гана Анжелика менен апасы мени каралап жатат? Анткени өздөрүнүн дарегине карата жагымсыз сөздөр айтылса, "Айчүрөк жаздырып жатат" деп ойлойт окшойт.

"Айчүрөк кызымдын жаштыгын пайдаланды"
дейт апасы. Кечирип коюңуздар, менин үйүмдү, акчамды, даражамды, популярдуулугумду, тескерисинче, Анжелика пайдаланбадыбы?! Мен акчалуулар менен ойноп-күлгөн болсом азыр кесиптештерим келип айтмак да.
"Чет өлкөгө ырчылар барышат, кадимки эле нерсе" дейт. Бирок Швейцарияга гастролго "Камбаркан" ансамбли, филармониянын артисттери барышкан. Анжелика филармонияда иштечү беле? "Камбаркандын" мүчөсү эмес да? Ал жакка барып келгенден кийин Адыл Бакиевдин жубайы Курманжан эжеге жолугуп, "байкеге айтыңызчы, биз өз оокатыбызды өзүбүз кылабыз. Гастролго деле өзүбүз чыгабыз. Анжеликаны жайына койсун" дедим. Мен Анжеликанын Адыл Салиевич менен болгон мамилесин айткандан кийин бизге кол салуу болуп, коркутуп, ооз ачыргыс кылып кетишти.

– Анжелика менен соттошууга даярсызбы?
– Албетте, даярмын. "Чёрныйлар" аркылуу эмес, мыйзам алдында соттошконубуз туптуура болот.

– Анжеликанын "Кытайдагы кылыгы" деп эмнени айттыңыз эле?
"Айбек байке күйөөмө "Анжеликаны Айчүрөк эжеге жолотпо" деп айтыптыр" деп айтып жатат. Кечирип койгула, Анжелика Кытайга гастролго барганда Айбек менен 9 күн бир бөлмөдө жашашты. Мүмкүн, эч нерсе болбогондур. Бул абалды көргөндө чырылдап, үй-бүлөсүн сактап калыш үчүн аракет кылгам. Алар мамилесин токтотпой коюшканда Айбекке Үмүт Кушубекова аттуу эже аркылуу жеткирейин деп "Айбекке айтыңыз, мунун үй-бүлөсү бар" деп чырылдагам. Бирок, тескерисинче, "Айчүрөк эже бизди ажыраштыргысы келет" деп айтып жатышат. Эми кандай айтпасын, эмне кылбасын, өзү билсин. Анжеликанын "чёрныйларынан" да, "белыйларынан" да корко турган жерим жок. Мен андай учурдан өткөм.

– Анжеликанын цирктеги жеңиши акча менен чечилгени чынбы?
– Чын. Анткени Адыл Салиевич тараптан министрликке чейин айтылган.

Ырчы айым эфирде көзүнүн жашын араң тыйып отурду.


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айчүрөк Иманалиева өзүнүн чындыгын айтты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (83)
chakieva87
2017-06-07 02:11:48
Элди билбейм бирок эки ырчыдан ирээнжип калдым. Ушу экоону даже интернеттен эле эмес телевизордон коргум келген жок
0
mahbu.kg
2017-06-07 12:41:46
Айчурок эжени мурда сыйлайт элем,азыр жаман коруп калдым тооба!
-2
sarter-9301
2017-06-07 15:14:53
9кун бир болмодо жашашкан дейтго. Албетте Анжелика эжебизди жамандагым келбейт, бирок жолдошу-балдары бар аял башка эркек менен 9кун жашаганы албетте жаман нерсе.
+7
nurali1989
2017-06-07 19:09:38
Эки адамдын урушу, элге не кызыгы бар тушунбойм. Тарынычтары болсо, сотошуп чечишип алышсын. Бирин бири чукулашпай
-1
orxidey
2017-06-07 23:09:55
Мен Айчуроко 100 процент ишенем.Ар бир адам озунун акыл ой жугуртуусуно жараша кабыл алат бирок баканы бассада бак деген ун чыгат да .
+4
Bishkek
2017-06-08 00:17:17
Айчуроктун бир тарыхта калган ыры деле жок . Айчуроктун да Анжеликнын да ырларын укпайм, бирок Анжеликаны колдойм ал азамат, Айчуроктун коро албастыгы корунуп калды
-2
Uzakova.Z.A
2017-06-08 09:42:33
Анжеликанын куйоосу молодец экен ал да Айчуроктун созуно маани бербесе керек себеби Анжеликаны жаш алган ал жонундо баарын билет да Айчуроктун создору коро албастык экенине толук ишенет Анжеликаны озу эле колдоп алаканга салып алат молодец.
-4
admin_superstan
2017-06-08 10:25:14
laboom, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз.
-1
Beise
2017-06-09 12:45:20
Айчурок уят го эми майга жетпей сасык дегендей болуптурсун ! Кошонов Анарбек кимин болот
-4
love.me.again
2017-06-09 18:10:25
Айчуроктун кайсы ыры ьар дегендер анжеликанын армиясы го дейм. Жалан мектеп жашындагы оспурум кыздарды армиям деп журот го
0
Nur659467
2017-06-09 18:47:31
Булардын чырына чейин анча мынча ушактар чыгып жургон далили жок болсо да чындыка жакын,эл ким тарапта белгилүү болуп калды окшойт
+1
mym
2017-06-11 04:22:56
Кимиси чын суйлогонун жалгыз Кудай билет, бирок Анжеликаны жаман журот же жаман жургон деп айтууга акыбыз жок анткени далилибиз жок... Жон эле бироонун куноосун которо бербегиле...
-1
admin_portal
2017-06-12 13:57:29
raia, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынган.
0
admin_superstan
2017-06-19 09:37:54
laboom, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегр жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
aiman1983
2017-06-30 11:51:28
Чымчыктын дагы уясын коруп бузгун келбейт го. Ошончонун баарын аты белгилуу адам Айчуроктун айтканы уят эле. Озунун деле Таалайы экинчи куйоосу. Жашы улуу, устат катары Анжеликанын жаштыгын айтуунун эмне кереги бар. ХХХ Айчурок. Баарын унутуп сый коруп журо берсен жакшы болмок.
-1
№ 761, 2-8-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан