Ош облусунун Чоң-Алай районунда болгон бир нече жер титирөөдөн кийин 610 турак жай АВАРИЯЛЫК АБАЛДА деп табылды. Аталган маалыматты ӨКМ таратты.
Жыл башынан бери КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНӨ 116 адам баш калка издеп келген. Аталган маалыматты Мамлекеттик миграция кызматынан кабарлашты.
Ош облусундагы ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАРДАН жабыркагандар үчүн ачылган ӨКМнын атайын эсебине 13,6 миллион сом чогулду. Бул тууралуу ӨКМ 31-май күнү билдирди.
Мурунку билим берүү жана илим министри КАНАТ САДЫКОВ Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп шайланды.
2017-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз өлкөсүнөн 114 адам ДЕПОРТАЦИЯЛАНГАН. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
2017-жылдагы ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО 15-октябрда өтөт. Бул мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттарынын 106сы колдоп, 3-окууда жактырышты.
Кыргыз өлкөсүндөгү ар бир төртүнчү бойго жеткен жаран ЧЫЛЫМ чегет. Жыл сайын 6 миңдей адам тамекиге байланыштуу оорулардан улам көз жумат. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Орусия жана Казакстан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жаңы БИОМЕТРИКАЛЫК ПАСПОРТТОРУН тааныды. Мындан улам жаңы үлгүдөгү паспорттор менен аталган мамлекеттерге тоскоолдуксуз кирип-чыкса болорун Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Орусиянын Челябинск облустук соту 30-май күнү кримтөбөл АЗИЗ БАТУКАЕВДИН эжеси Яха Батукаева боюнча өкүм чыгарып, 17 жылга кести. Анын 28 килограмм героинди сактап жүргөндүгү сотто аныкталган.
Башкы прокуратура "АЗАТТЫККА" карата сотко жазган доо-арызын кайтарып алды. Аталган маселени карап чыгууну 12-майда президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага сунуштаган. "Азаттыкка" 20 миллион сом доо коюлуп, банк эсеби камакка алынган болчу.
Мамлекеттик кызматкерлер 2018-жылдын 1-январынан тарта МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕН сынак тапшырып калуулары мүмкүн. Аталган мыйзам долбоору учурда коомдук талкууга коюлду.
2017-жылдын 1-июнунан тарта Орусиядагы МИГРАНТТАР үчүн чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктөр менен эл, жүк ташып иштөөгө тыюу салынат.
Кыргыз өлкөсүндөгү АЙДООЧУЛАР өзү менен кошо алкотестерди алып жүрүүсү парламентте демилге болуп көтөрүлдү.
Лондондун экономика жана тынчтык институтунун чыгарган "БЕЙПИЛДИКТИ СҮЙГӨН ӨЛКӨ" рейтингинде Кыргыз өлкөсү 111-орунга жетип, АКШ менен Кытайды артта калтырды.
31-май күнү Ош-Исфана жолунда Патрулдук милициянын кызматкери 12 жашар КЫЗДЫ СҮЗҮП кетти. Жабыркаган Н.М. аттуу кыздын буту сынгандыгы анык болду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.