«БИР БОЛЧУ» ДЕПУТАТТАРГА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынан депутаттар Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго Башкы прокуратура тарабынан 29-май күнү кылмыш иши козголду. Буга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин материалдары негиз болуп берген. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, эки эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси "коррупция" боюнча иш козголгон. "Алар өкмөттө иштеп турганда 2009-2015-жылдары "Унаа сыноо станциясы" ачык акционердик коомуна 200 миллион сом бюджеттик ссуданы мыйзамсыз бөлүштүргөн жана максатсыз пайдаланган" деп айыпталууда.
Депутат Канат Исаевге карата козголгон кылмыш ишинин саясий куугунтук эместигин тактоо максатында түзүлгөн депутаттык комиссия "бир болчу" депутаттардын ишин да карамакчы.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 761, 2-8-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан