ШАЙЛОО-2017: БАБАНОВ ОППОЗИЦИЯНЫН ДА, БИЙЛИКТИН ДА ТЫНЧЫН АЛУУДА

Быйылкы жыл Кыргыз мамлекети үчүн абдан маанилүү.15-октябрда келерки 6 жылда өлкөнү башкаруучу президент шайланат, демек, келерки 6 жылга өлкөнүн басар багыты да такталат. SUPER.KG порталы президенттик шайлоого карата сурамжылоо жүргүзүүдө. Ал сурамжылоонун соңку эки апталык жыйынтыгы төмөнкүчө.

КАРАПАЙЫМ ЭЛДИН СҮЙМӨНЧҮКТӨРҮ

"Кыргыз жараны катары президенттикке талапкер болушум толук мүмкүн"
деген Чубак Жалилов биринчилик позициясында дагы эле ишенимдүү сакталды. Бул адамды президенттик кызматтан көрүүнү каалагандардын көптүгүнө карабай, ал жарышка талапкер катары аттанарын ачык айтып чыкпаганына байланыштуу сурамжылоонун кийинки айлампасына кошулган жок.
Бишкектеги №1-тергөө абагында колу жана моюну кесилгени, соттолуп кетүү мүмкүндүгү бар Садыр Жапаровго ишеним арткандардын оюн өзгөртпөй, ал экинчи орунда сакталууда.

ЖАШТЫК, ХАРИЗМА, БИЛИМ ЖАГЫНАН САПАР ИСАКОВ АЛДЫДА

Бул айлампада президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков үчүнчү орунга чыкты. Коомчулук президенттик командадан Атамбаевдин ишин улантуучу катары президенттик жарышка ушул адам чыгарына көбүрөөк ынанып турган. Бирок андай болбоду, түндүк-түштүк факторун, дагы башка жагдай-шарттарды эске алуу менен партиянын саясий кеңеши учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду тандады. Балким, мындай чечимде керек учурда, айрыкча шайлоо маалында тез мобилизацияланып, чечүүчү күчкө айлана турган кландар маселеси эске алынды. Бул жагынан алганда Жээнбековдор кланы күчтүүлүк кылат. Ал эми жаштыгын, харизмасын, билимин, эл аралык аренадагы тажрыйбасын эске алганда Сапар Исаков алдыда экендиги талашсыз. Муну сурамжылоонун жыйынтыгы да көрсөтүүдө. Жээнбеков бул сурамжылоого буга чейин да кошулуп, 1 пайызга жетерлик колдоо таппаганынан тизмеден алынган эле. Партиянын саясий кеңешинин чечиминен кийин Жээнбековго карата шайлоочулардын ою өзгөрөбү, жокпу, келерки жыйынтыктар көрсөтөт.

МАДУМАРОВДУН РЕЙТИНГИ ТҮШҮП БАРАТАТ

Соңку резонанстуу окуяларда өлкөнү башкарып жаткан топту кескин сындап, чет жердеги мекендештер, элет эли менен жолугушууну активдүү колго алганына карабай Адахан Мадумаровдун рейтинги акырындап түшүп баратат. Жапаров сыяктуу эле Мадумаров да президенттик шайлоодо чет жерде жашап-иштеп жүргөн мекендештерден таяныч күтөрү байкалууда. Бирок буга чейинки шайлоолор көрсөткөндөй, чет өлкөлөрдө жүргөндөр чечүүчү күч болуп берүүсү күмөн. Анткени биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоо, каттоо маселелери тоскоолдук жаратуусу мүмкүн.


БАБАНОВ БААРЫНАН ОБОЧОДО

Оппозициянын да, бийликтин дагы тынчын алып, эч бирине ыктабай, обочолонуп турган талапкер Өмүрбек Бабанов аталган сурамжылоонун 2 апталык жыйынтыгында алдыңкы бештикти жыйынтыктады. Президенттик жарышка катышар-катышпасы бүдөмүк болуп турган дагы бир саясатчы, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев буларга удаа келе жатса, жарышка катышарын расмий жарыялап, билек түрө иштеп жатышкан Темир Сариев менен Бакыт Төрөбаев "ата мекенчиден" кийинки орундарда. Турсунбек Акунду президенттик креслодон көргүсү келгендер болсо жокко эсе болууда.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 761, 2-8-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан