ЖЫЛДЫЗДАР НАРИСТЕЛЕРИНЕ КАТ ЖАЗЫШТЫ

Акбар Сүйүнбаев: "СИЛЕРГЕ ИШЕНЕМ!"



– Эр жүрөк кичинекей баатырларым! Силер төрөлгөндө маңдай жарыла сүйүнгөм. Азыр бал тилиңер менен чоң адамдардай ой бөлүшкөнүңөрдү, өзгөчө кылыгыңарды көрүп алып эзилем да, менде ушунчалык жакшы көрө билүү жөндөмү бар экенине таң калып кетем. Мурда кайда катып жүрдүм экен? Ооба, алтындарым, силерди чексиз жакшы көрөм! Силер мага бакыт алып келдиңер. Келечекте акылдуу, намыстуу, ыймандуу кыргызымдын кыраандары болоруңарга ишенем! Кандай болсо да силерге болгон атаңардын ал ишеними мокобойт. Унутпагыла! Акылдууларым менин, балалыктын эң таттуу күндөрүн өткөрүп, кашыбызда аман жүргүлө. Эл сыйлаган уулдардан болушуңарга тилектешмин!

Акбата менен Актилек,
Силерге келем бак тилеп.
Жашоого жарык нур төгүп,
Ойноп дайым бир жүрөт.
Актилек менен Акбата
Үмүтүбүздү актаса,
Апасын сыйлап ар дайым,
Атанын сөзүн сактаса!

Актан Рыскелдиев: "МЕНИН ОЙГОТКУЧУМ, ОЙНОТКУЧУМ"



– Менин Жантай баатырым! Сени күзүндө "заказ" кылсак, 9 айдан кийин, орозо айында жеткирип беришкен. Сенин жүрөктү эзген ар бир кылыгыңды эсибизде сактап калгыбыз келет. Азыртадан аракетчилсиң, зээндүүсүң, таланттуусуң. Сен бийлегенде айланада баары тынчып, ырдаганда сайрап жаткан булбулдар тыңшап калат. Жаратканым ден соолугуңду бекем кылып, келечегиңди кең кылсын! Биз дайыма жаныңда болобуз! Менин ырчым, бийчим, ойготкучум, ойноткучум, жарыгым, берекем, көлөкөм, өмүрүң узун болсун!

Атай Өмүрбеков менен Марал Койчукараева: "БААРЫ БИР СЕНИ ТАНДАМАКПЫЗ"



– Искендер, эгер бизге дүйнөдөгү каалаган наристени танда дешсе, миллион балдардын арасынан баары бир сени тандамакпыз. Биз жаңы таанышканда эле уулдуу болсок деп кыялданганбыз. "Экөөбүздөн йо-йо тобундай бала жаралса керек, ээ?" деп тамаша аралаштырып ойлоп койгон элек. Тилегендей уулубузсуң! Атыңа затың жарашкан наристебизсиң. Бактылуу, өмүрлүү жана ден соолукта бол! Ата-эне баласына чоң үмүттөрдү коёт, бирок бул дүйнө кызык дүйнө, ар кандай кырдаал болот. Биз эмнени ойлобойлу, эмнени сенден үмүт кылбайлы, бул дүйнөдө өз бактыңды таап кетишиңди гана каалайбыз. Балким, инженер болом дейсиң, мүмкүн, дарыгер, ал сенин тандооң. Биз ар дайым сени колдойбуз! Ар дайым сени жакшы көрөбүз!

Замира Молдошева: "ЭҢ ТАЗА СҮЙҮҮ ЭМНЕ ЭКЕНИН БИЛДИМ"



– Жашоомдун жарыгы, Кудайдан күндө сурап, күтүп алган наристем. Атаң экөөбүздүн таалайыбызга сени бергенине Кудайыма миң мертебе рахмат. Сен жашообузга болуп көрбөгөндөй кубаныч алып келдиң. Сен менин ыйык туткан медеримсиң. Мен сен гана деп жашайм, чырагым, ылайым сага Кудайым узун өмүр жана ыйман берсин, абийирин ойлогон кыргыздын татыктуу инсаны болушуңду каалайм, жалгызым менин. Мен сени жарыкка алып келгенден тарта ааламдагы эң таза сүйүү эмне экенин билдим. Мен сени аябай сүйөм, менин Саадам!

Айнура Салахидинова: "МЕНИ СҮЙӨСҮҢБҮ ДЕГЕНИҢ ЭЛЖИРЕТЕТ"



– Кичинекей эркетайым, берекем, жыргалым, акылдуум, жашоомдун жарыгы болгон уулум Дари! Келечекте энеңдин ак сүтүн актаган, атаңдын намысын сактаган кыргызымдын чыгаан жигиттеринен болуп өссөң экен. Атаң экөөбүздүн сенден үмүтүбүз чоң! Жүрөгүңдө ыйман болсун! Өмүрлүү бол, алтыным! Бактылуу балалык каалайм! Биздин үй-бүлөдө тун уулубуз болдуң. Сенден кийинки эркебиз Бекхан иниң менен ынтымактуу ойноп, бири-бириңерди урматтаганыңарды байкайм. Ошол эле убакта балалык кылып чурулдашып уруша кеткен да учурларыңар болбой койбойт. Буюрса, сенин артыңдан дагы көп ини-карындаштарың болот деген үмүттөбүз. Мен сени чексиз жакшы көрөм. Айрыкча кечкисин жатарда, же болбосо үйдөн бир жакка чыгып бара жатканда "Апа, мени сүйөсүңбү?" деп сураганың жүрөгүмдү элжиретет. Берекем, Алла Таалам сага узун өмүр берсин!

Жазгүл Кенжеева
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
clay
2017-06-05 10:02:42
Атай менен Маралдын баласы кийин "Ээнсинген үй" тасмасын көрүп калса эмне болот болду экен?
+5
Eliza.nurjanovna
2017-06-05 11:09:55
clay,эмне болмок эле менин ата энем ушундай артисттер деп коет да
+7
janymjamal
2017-06-05 11:16:58
clay,бул муун чонойгондо тошок мамилеси ачыктан ачык бп калат го дейм бул кетиште
+8
Tyty1990
2017-06-05 11:56:05
clay,во во во деп койот
0
tasnim
2017-06-05 13:31:24
clay,Эми наристелер жонундо соз болуп жатканда ушул созду козгош керек белэ?
+5
VIK
2017-06-05 10:03:32
Ширинтайлар:-)
+4
Alibay
2017-06-05 12:33:17
Акбар сонун жазыпсын..
+2
gulperi.kg
2017-06-05 16:13:36
Бала балам демекчи дуйнодогу балакайлардын баардыгы аман болуп омурлору узуууун болсун.
0
akil.91
2017-06-05 18:52:01
Айнуранын уулунун созу жакты.
0
IskenDer.Ali
2017-06-05 22:51:06
Атай менен Марал бир киного тартылганбы
0
akil.91
2017-06-06 13:30:53
IskenDer.Ali,
Билбейсинби эмне?! "Пустой дом" деген тарбиялык мааниси да жогорку денгээлдеги бир фильмде башкы рольду ойношкон.
+1
rizolda
2017-06-06 03:38:18
Мениң уулум:мама сиз тамактарды көөп жей берип, балага айланып кеткен десе,кызым андай эмес аларды кудай берген дейт двойняларды.....
+2
rnazik
2017-06-09 17:07:12
Акбар байкенин балдары сонун тушкон го суротко микрафон кыяк менен. Баарынын балдары бактылуу болушсун
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2017-06-10 22:19:40
Актандын баласы өзүнүн эле копиясы го...
0
love.me.again
2017-06-11 20:19:10
Хахха атай менен маралдын баласы жаны таанышканда эле уулдуу болгусу келген го
0
№ 761, 2-8-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан