МОСКВАДА КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИ АТ ТАПТАП, ЖАРЫШТАРДА ЧААП ЖҮРҮШӨТ

Москвага болгон иш сапарда аталган шаардын борбордук ат майданында асыл тукум аргымактарды багып, жарыштарда чаап жүргөн мекендештерибизге да жолуктук. Бул ат майданда 6 кыргыз жигити иштейт экен. Алар иштеринин күнгөй-тескейин айтып беришти.

"АСЫЛ ТУКУМ ЖЫЛКЫЛАРГА ӨЗГӨЧӨ МАМИЛЕ КЕРЕК"

Бактыбек Маматкулов, ат багуучу:
– Мен 2014-жылы мектепти аяктаган соң Москва шаарына келип, ушул ат майданда иштеп калдым. Жумушум өзүмө жагат, жаккан ишимди кылганым үчүн акча алам. Мурун деле ат менен иштеп жүргөм, бирок асыл тукум жылкыларга өзгөчө мамиле керек. Аларга жем, чөптөн сырткары чет өлкөдөн алып келинген витаминдерди да беребиз. Күлүк багуу боюнча көп нерселерди бул жерден үйрөнүп жатам.
Мага 3 таза кандуу ат бөлүнүп берилген. Менин ишим – ошол аттардын астын тазалап, жал-куйругун тарап, бастырып туруу. Эртең менен 4тө туруп, 3 атты кезеги менен бастырып, суутуп турам. 30 миң рубль айлык алам, андан тышкары баккан атыбыз жарышта утса, байгенин 10 пайызы бизге берилет. Ошондой эле аттарды такалайм, ага өзүнчө төлөнөт.

"КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИ МОСКВАДАГЫ БАРДЫК АТ МАЙДАНДАРДА ИШТЕП ЖҮРҮШӨТ"

Максим Севергин, чабандес:
– Мен Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында төрөлүп-өскөм, атам ооганстандык, апам орус. 13-14 жашымдан баштап эле жылкыларга кызыгуум башталган. Балыкчы шаарында таякем ат багып иштечү. Мен каникул сайын таякемдикине барып, ат багуунун сырларын аз-аздан үйрөнүп баштагам. 2006-жылы үй-бүлөбүз менен Орусияга көчүп келип, бул өлкөнүн жарандыгын алганбыз. Алгач Волгоград шаарындагы жылкы заводдо иштеп, кийин бул жакка келип алдым. Мен билгенден Москвадагы бардык ат майданда кыргыз жигиттери иштеп жүрүшөт. Бул жерде деле асыл тукум жылкылар менен иштейм, жеке адамдар күлүктөрүн бизге бактырышат. Учурдан пайдаланып жердештериме салам айтам!

"КҮЛҮК ДЕЛЕ СПОРТЧУ СЫЯКТУУ"

Шеримбек Байкеев, саяпкер, чабандес:
– Талас районунун Конезавод деген айылынан болом. 1986-жылы төрөлгөм. Бала чагымдан эле жылкыга кызыгам. Москвага келгиче деле ат багып, таптап иштечүмүн. Биздин айылда Союз маалында атактуу жылкы заводу бар эле. Ошол жерде иштеген Кубан Батыркулов деген саяпкерден ат таптаганды үйрөнүп, тажрыйба топтодум.
2009-жылы Москвага иштегени келип, ошондон бери ушул ат майданда күлүк багып, саяпкер, чабандес болуп иштеп жүрөм. Аялым, балдарым өзүм менен чогуу. Мен иштеген Москва борбордук ат майданында жалпы 6 кыргыз жигит иштейбиз. Ошондой эле Кыргыз жеринде төрөлүп-өскөн улуту өзбек жана ооган жигити да эмгектенип жүрүшөт.
Күлүк таптоонун да өзүнүн сырлары бар, өзүнчө илим деп койсок болот. Ар бир аттын мүнөзү ар башка, ошого жараша кылдат мамиле талап кылынат. Күлүктү күлүк кылган саяпкер. Күнүгө тарап, тазалап турабыз, денесине бир нерсе чыкса дарылайсың. Аргымакты жарышка түшүүгө даярдоого жок дегенде 4-5 ай убакыт кетет. Бул убакыт ичинде күнүгө тарбиялап, чаап, машыктыруу керек. Жумасына 2 күн атты кыйнап, кара терин чыгарып туруу кажет. Күлүк деле спортчу сыяктуу эле да, күнүгө кыйнай берсең көтөрө албай калат. Көзүнө карап иш кыласың. Бир күнү жеңил чуркаса, экинчи күнү оор тартып калышы мүмкүн.

"ЧАБАНДЕСТЕР ОРТОСУНДА АТААНДАШТЫК КҮЧ"

– Мен Арбукрус, Корнилов, Рамен деген аттарды багып, мелдештерде чабам. Корнилов АКШдан сатып алып келинген. Келгенде үйрөтүлбөгөн, азоо болчу. Ошону үйрөтүп, тарбиялап чаап келе жатам. Азыр 6 жашта. Ал өтө оор басырыктуу, эркелеткенди жакшы көргөн ат. Берген тамакты ылгабай жейт. Марбол проспект деген ат бар, ал да АКШдан алып келинген. Марат Кожомжаров деген саяпкер алып келип бизге саткан. 3 жашында чуркабай коюп, 4 жашынан баштап жарыштарга катышып баштады. 5 ирет жарышка катышып, баарында байгелүү орундарды утту. Мен чапкан Вентмуар деген күлүк 2-орунду алса, Хидерживор деген араб күлүгү 1-орунду алды.
Ат чапкан чабандестер атка жеңил, тайга чак болушу керек. Чабандестер ортосунда атаандаштык күч. Бир жолу жарышка катышуу үчүн бокско барган кезде чабандесибиздин эки буту калтырап, тырышып калып, ат чаба албай калды. Эмне кыларыбызды билбей калдык, мелдеш башталганы калды, чабандес болсо ат чапканга жарабайт. Ошондо ат багып, кыктарын тазалап эле жүргөн Санжар Маратов деген баланы кийинте коюп, таразага түшүрдүк да, Алла Владимировна деген Өзбекстандан келген саяпкер бар, ошол киши менен сүйлөшүп, ал бала жарышка катышып биринчиликти утуп алган. Аны көргөн мурунку чабандес бизге таарындыбы же уялдыбы, айтор, жумуштан кетип калган. Ал балабыз чабандес болуп ат жарыштарга катышып жүрүп, жарым жылда спорт чеберине жеткен. Ал азыр Польшада чабандес болуп иштеп жүрөт.

"АТ СПОРТУ КЫРГЫЗСТАНДА ӨНҮГҮП ЖАТАТ"

– Кыргызстанда бай адамдар күлүк баккан сыяктуу эле, бул жакта да атактуулар өз күлүктөрүн бактырышат. Мисалга, мен иштеген ат майданда Орусиянын премьер-министри Медведевдин биринчи орун басары Игорь Шуваловдун да аттары бар.
Так билбейм, бирок бир атты багууга жем-чөбү болуп 50 миң сомдой каражат кетет болуш керек. Биз багып жаткан аттардын эң арзаны эле бир, бир жарым миллион рубль турат. Көбүнчө биз 1-2 сезон гана карайбыз. Ат чабыштарда кардарлар аларды байкап көрүп эле, сатып алып кете беришет.
Ат спорту азыр Кыргыз жеринде өнүгүп жатат. Ат чабышка 20 миңдей көрүүчү келген Кыргызстанда эле болсо керек, байгелер да жакшы сайылат. Орусияда ат чабыштарда өтө чоң байгелер деле сайылбайт. "Улуттун энчиси", "Президенттин кубогу" деген гана ири ат чабыштар бар. Бул чабыштарда 5 миллион рубль баш байге сайылат.

"Ат, аттан кийин жат" деген макал бизге тиешелүү".


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Москвада асыл тукум ат таптаган кыргыз жигиттери
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
ady-88
2017-06-05 09:55:13
Азамат мекендештер экен. Бири бирин толуктап колдоп жургондоруно.
+7
eduardali
2017-06-05 10:31:10
Молодец кыргызымдын жигиттери кайда болбо аман бол.
+5
Rahmankulov.man
2017-06-05 13:50:29
Москванын кайсыл жеринде ? Дарегин жазып койунуздарчы?
+2
Nuke_A
2017-06-05 14:43:47
Rahmankulov.man,

Московский центральный ипподром. Москва шаары, Беговая кочосу 22. Беговая метросу
+2
Rahmankulov.man
2017-06-09 18:56:45
Nuke_A,Чоон рахмат.
0
Chondobo92
2017-06-05 23:09:02
Азаматсынар жигиттер.
+1
№ 761, 2-8-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан