Сахнадагы устат менен шакирттин чырдашканына бир нече жуманын жүзү болду. Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика Бекболиеванын пикир келишпестиктери эл талкуусуна алынып, super.kg порталына алгач шакирти келип түз эфирде колдонуучулардын суроосуна ачык-айкын жоопторду берген болсо, бул жолу ал кадамга Айчүрөк Иманалиева дагы барды. Анжелика өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларына устатынын айткан кептерине төмөндөгүчө жообун кайтарды.
– Айчүрөк Асылбековна бүгүн эле мага каршы сөздөрдү айтып жаткан жок, мен турмушка чыккандан тартып 10 жыл аралыгында көптөгөн түрдүү кылыктарын көрсөтүп келди. Мен анын бардыгына чыдап, көз жумуп, теңелбей келдим. Маданий чөйрөгө алып келген устатыма каяша кылып, айтышкым келген эмес. Бул жолу жалган ушактарынын ар бирине токтолуп жооп берейин:
Сиз жазган кайрылууңузда "мен сени жазган китебиме киргиздим эле, сен өзүңдүн китебиңе мени жазбай койдуң" деп таарыныпсыз. Менин китепчемде чыгармачылык жолум баяндалган эмес. Келечекте ал тууралуу китеп жазсам, сизди сөзсүз жазып, салымыңыз тууралуу эскерем.
«Махабат көлү» деген ырымды уруксатсыз ырдады" деп чырдын башы башталды эле. Аталган чыгарма маркум Марат Алыбаевге таандык. Бул ырды сизден кийин деле 7-8 ырчы аткарган. Эмнеге алар менен талашкан жоксуз? Эми сиздин урушка себеп издеп, ырды шылтоо кылганыңыз белгилүү.
Үйүмдөн сага жай берип, балдарымдай кам көрдүм" дедиңиз. Аны жокко чыгарган жокмун, азыр дагы ыраазычылык айтам. Менин ийгиликке жеткеним сиздин эмгегиңиз экенин эл дагы билет, сиз аны сыймыктануу менен кабыл алыштын ордуна, кайра мага карата ушак таратып жатканыңызды кандай түшүнсөк болот? Менден башка дагы чыгармачылыкка алып келген шакирттериңиздин кимиси менен азыр сый мамилени сактап калдыңыз, алар кайда? Эмнеге алар дагы сизден алыстап кетишти же баарыбыз эле жаманбызбы?
«Адыл Бакиев баш болгон чоңдор менен Швейцарияга кеткенсиң» деп айтканыңызга да жооп берип коёюн. Сиз жакшы билесиз, мамлекеттик иш-чараларга ырчылар, маданият өкүлдөрү катышып барып келген учурлар көп болот. Мамлекеттик деңгээлде уюшулган иштерге ал жерде ким болот, биз аны тандабайбыз. Ырчылар ыр болгон, жакшылык болгон жерде ырдайбыз. Ошол иш сапарга "Камбаркан" ансамбли, Жеңиш Ысманов, Заира Раимбердиева, Дилшат Кангелдиева жана мен чакырылганбыз. Сиздин оюңузда кыргыз маданиятын чет элге таанытып келгендин баары эле "туура эмес жол" менен барып келген болуп саналабы? Же сизде бул жаатта тажрыйба барбы?
«КЫЛГАН ЖАКШЫЛЫГЫМДЫ СИЗЧИЛЕП САНАБАЙМ»
- Цирктеги долбоордон утуп чыкканымда дагы ар кайсы маалыматтарды таратып, "Анжелика биринчиликти сатып алды" деп ушак жүргүзгөн. Кызыгы, долбоордун катышуучулары же уюштуруучулары эмес, Айчүрөк эженин кеп таратканы мага түшүнүктүү эле болгон. Азыр аны катышуучулар дагы тастыктап беришет. Сиз мындай аракеттериңиз менен шакирт же кызматташууга келген жаштарга бакыт каалап, уядан учурбай, көз каранды кылып, өмүр бою байлап алгыңыз келет экен. Мен коркуп же башка үчүн эмес, устат менен шакирт катары айтышып элге уят болбойлу дедим. Сиздин ыраазычылыгыңызды алайын деп көп жардам бердим. 2013-жылы сиз жеке концерт берем деп, анын чыгымына мен акча бердим. Максатым – ошол концертте сахнада сизден бата алып, ары-бери тартышып жүргөн кептерге чекит коюу болчу. Мен Америкага кетип жатып, "мен жок деле өткөрө бериңиз" деп айттым. Бирок акчаны алып ал концертти да өткөрбөй, башка шылтоолорду айтып кеттиңиз. Андан башка канча кылган жакшылыктарымды, урмат-сыйымды сизчилеп санап бербей эле коёюн.
"Мен сени баары бир ажыраштырып тынам, аргаң жок бутума чөгөлөп келесиң. "Турмушка эрте чыгып, катачылык кылдым" деп келгенге аргасыз кылам" деп айтканыңызды эч качан унутпайм... Ошондой маалда жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы ак ишеним максатыңыздын ишке ашуусуна жол берген жок...
«КЫТАЙДА МЕНИ ОРУНСУЗ ЖОРУККА ТҮРТКҮҢӨР КЕЛГЕН»
- Кытайдагы жоругуңду айтам" деп жатасыз. Аны айттырбай эле мен өзүм айтып берейин. ТИМ аркылуу кытайлык кыргыздарга концерт берүү уюштурулуп, Айчүрөк эже "барып келели" деп калды. Чынында, баргым келген жок, ансыз дагы мамилебиз начарлап кеткен маал эле. Дагы таарынтып албайын деп макул болуп, Турусбек Жумалиев, Айчүрөк Иманалиева болуп алгач Кытайда кыргыздар жашаган Кара-Суу деген шаарчага, андан соң Үрүмчүгө бардык. Ал жерде ТИМ кызматкери Айбек деген жигит тосуп алып, иш-чараларды ал уюштуруп берди. Биринчи күнү Айчүрөк эже экөөбүз бир бөлмөгө жаттык. Эртеси "мен жүдөп кеттим, башка бөлмөгө чыгам" деп которулуп кетти. Ар кимибиз өзүнчө уктадык. Кийинки күнү ТИМдин кызматкери Айбек деген мырзаны чакырып, "шаар көрсөтүп кел" деп өтүнүштү. Ал келгенде жөнү жок тамашаларды айтып Турусбек байке экөө "эми, эки көгүчкөн, ушундай шартты пайдаланып калгыла. Мындай мүмкүнчүлүк башка болбойт" деп күлүштү. Чыгармачыл адамдар ортосунда мындай тамашалар көп айтылат, бирок Айбек байке алардын орунсуз тамашаларын угуп өзүн аябай кызыктай абалда сезип калды. Кытайдагы орунсуз жоругуңар менен мени жаман жолго түрткүңөр келген. Кийин Бишкекке келгенде дагы айтыша кеттик. Ошондо ушул окуяны башкача баяндап күйөөмө айттыңыз. Мен Айбек деген байкени таап, күйөөм менен жолугуштурдум. Орозо маалы эле, ооз ачарда жолуктук. Ал: "Тигил эженин сөздөрүнө аябай таң калдым. Ага болгон сый-урматым да кетти. Менин дагы сеникиндей болгон үй-бүлөм бар. Мен сага кеңеш берейин, Анжеликаны Айчүрөк эжеге кошпой эле кой. Колдон келсе, алыс жакка чогуу жибербе. Арам оюн ишке ашыруу үчүн ал бардык нерсеге даяр экенине ынандым. Анжеликаны көз каранды кылып алыш үчүн көп нерсеге барат",- деп айтты. Бүгүн ал байке бул ушактарды окуп калса, өз оюн дагы айтат чыгар.
Менден таланттуу шакирт өстүрүп, чыныгы устат экениңизди далилдеп алышыңызга тилектешмин!
«МЕНИ КОЛДОНО АЛБАЙ КАЛГАНЫНА АЧУУСУН ЧЫГАРЫП ЖАТКАНЫ БИЛИНДИ»
Super.kg порталына Айчүрөк Иманалиева түз эфирге келип колдонуучулардын суроолоруна жооп берүүсүнөн кийин Анжелика айым төмөндөгүдөй кеби менен бул чырга чекит коёрун маалымдады.
-Айчүрөк эже ушактарына кошумчалап кайталап бериптир. Кудай алдында акмын, жакындарым дагы актыгыма ишенет жана билишет. Эгер ал ушактын арты менен унутулуп бара жаткан өзүн таанытып, пиар кылгысы келсе, өз алдынча уланта берсин. Мен теңелбейин деп чечтим. Орозодо ушунчалыкка барыштын кереги жок болчу. Менин эжеге болгон сый-урматым бийик болчу, анын баарынан ажырап жатат. Ал ырга эмес, бир кезде максаттарына жетпей, мени колдоно албай калганына өкүнүп, ачуусун чыгарып жатканы билинип калды. Айтчу сөздү айттым, анын ушактарына далилдүү жооп бердим.
Эжеге ийгилик каалайм, аны мындан ары жалган ушактарды таратып, өзүнүн кадыр-баркын төкпөөгө чакырам.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg