Алты жылдан бери иштелип келген сценарий эми бышып жетилди. Уламыштарга айланган окуялардын негизинде жазылган сценарийди мюзикл жанрындагы тарыхый драма кылып жаратууну Садык Шер-Нияз менен Айбек Дайырбек уулу колго алышты. Кинорежиссёр Айбек: «Мюзикл жанрындагы тасма тартууну Орто Азия боюнча биз баштадык десем болот. Буюрса, киного Казакстандын да актёрлору катышат. Тасмада билими жана тажрыйбасы бар гана актёр, ырчылар роль жаратышат. Анткени ар бир окуя ырдоо менен баяндалат. Ырлардын сөзүн акын Бактыгүл Чотурова жазса, обонун композитор Жолдош Апасов жазмакчы",- дейт.