Асема Токтобекованын актрисалык менен катар кинорежиссёрлукту аркалап келе жатканына бир топ болду. Бул жолку тасмасын тартуу учурунда кинонун администратору болуп иштеп жаткан Хадижа Исмаилова ат чаптырып бара жатып, кулап каза болгон. Окуяны Асема өзү айтып берет.
– Кандайсың, Асема? Хадижа Исмаилова туурасындагы чындыкты өз оозуңдан угалы дегенбиз. Хадижа чын эле тасма талаасында, киного роль жаратуу учурунда каза болдубу?
– Хадижа мен тартып жаткан кинодо администратор болуп иштеп жаткан. Чыгармачыл топ cъёмкадан келгенде тамак-ашын белендеп, жатаканабызды даярдап, кыскасы, кем-карчыбызды жөнгө салып турчу. Негизи биздин кинодо ат колдонулган эмес. Ат минген эпизод да жок. Кырсык болгон күнү биз эртең менен саат 8де тоого чыгып, кезектеги тартуу иштери менен алпуруштук. Хадижа айылда үйдө калыш керек эле, бирок эмнегедир ал биз менен кошо тоого чыгыптыр. Анын тоого чыкканын деле билген эмесмин. Анткени тартуу талаасына 4 машина менен барган элек. Ал башка машинада барыптыр. Актёрлор съёмка кылып жатканда Хадижа ал жакта жүргөн аттардын бирин кожоюнунан сурап минип, чаптырып кетиптир. Көрсө, ат азоо экен. Биз анын ат минип кеткенин көргөн эмеспиз.
Кырсык болордон бир күн мурун жамгыр катуу жааган. Жер тайгалак болуп калса керек, адырдын ичине ат менен кошо тоголонуп жыгылыптыр. Өлүктү экспертизадан өткөргөндө адистер менен мен да жүрдүм. Эмне болуп каза болгонун билүү, далил мага да керек болчу. Анткени ким болбосун өзүн менин ордума коюп көрсө, бул нерсе өтө оор экенин түшүнөт. "Хадижа аттан жыгылыптыр" десе, колу-буту сынды го деп ойлогом. Машина менен алып кетели деп барганыбызда башка окуяга туш болдум. Буту-колу, денеси таптаза, башынан жаракат алыптыр. Ошондо мен нес абалында өзүмдү жоготуп коюптурмун. Хадижанын ат минип кеткенине бир жарым саат болгондо аттан жыгылганын уктук.
Менин оюмча, жыгылгандан кийин бир аз жатып калган. Төрт машина жолго чыгып, анын өмүрүн сактап калалы деп тез ылдамдыкта Кара-Балтага жетип келдик. Орто жолдон бир машинабыздын дөңгөлөгү ыргып да кетти. Башында бизге эч ким эч нерсе деген эмес. Көрсө, Хадижа жыгылганда эле каза болуптур. Бизге түшкө жакын угузушту. Себеби ал учурдагы биздин абалыбызды көрсөңөр бир башкача элек.
– Съёмка кайсы жерде болду?
– Тартуу иштери Панфилов районунун Кум-Арык айылынын тоолорунда болду. Жаштарды айылга үгүттөй турган кинобуз 10-майда тартылып баштаган, ошентип Хадижасыз 29-майда соңуна чыкты.
– Хадижанын туугандары сени күнөөлөшкөн жокпу?
– Алар менин эч кандай күнөөм жок экенин түшүнүштү. Жергиликтүү укук коргоо органдарына кайрылышса деле айтып беришет. Бул тууралуу бурмаланган маалыматтарды тараткан адамдарды сотко берем деп жатам. Анткени Хадижанын кинодон сырткары, киного тиешеси жок жерден каза болгондугу тууралуу далилдер көп.