БЛЕНДЕРДИ ОҢОЙ ЖУУ
Блендерди колдонгон соң жуугандан эриксеңиз, ичине жылуу суу менен идиш жуучу каражаттан куюп, иштетип койсоңуз блендер өзүн-өзү жууйт.
САРГАЙГАН СҮЛГҮНҮ ӨҢҮНӨ КЕЛТИРҮҮ
Лимон ширеси агартуучу касиетке ээ. Өңү саргая баштаган сүлгү, ак көйнөктөрдү жууганда үстүнө 50 граммдын тегерегиндеги лимон ширесин куюп коюу менен алардын өңүн баштапкы өңүнө келтире аласыз.
ГҮЛДҮ ӨСТҮРҮҮ ҮЧҮН ИДИШ
Гүлдөрдүн кичинекей көчөтүн өстүрүү үчүн идиш жок болуп жатса, идиш ордуна балдардын эски оюнчуктарын колдонсоңуз болот. Чоңоё түшкөндө башка идиш таап, которуп аласыз.
ВАННА ТАР БОЛСО...
Эгер ванна тар, ал эми тюбиктер көп болуп жатса, анда ваннадагы пардага чөнтөкчөлөрдү тигип, ага шампунь, тарак, жышкыч сыяктуу нерселерди салып койсоңуз болот.
ФАРШТЫ ПОРЦИЯЛАРГА БӨЛҮҮ
Фаршты тоңдургучка салардан мурда аны порцияларга бөлүп койсоңуз жакшы. Мисалы, котлет үчүн фарштын үстүнөн узун таякча менен узунунан-туурасынан бастырып, бирдей өлчөмдөгү порцияларга ээ боло аласыз.
ИЧИМДИКТЕР ҮЧҮН ИДИШТЕР
1-2-шампан, 3-кызыл шарап, 4-ак шарап, 5-портвейн жана шарап, 6-ликёр, 7-херес жана вермут, 8-коньяк, 9-виски, 10-арак