HI-TECH NEWS

"PLOOTA" ГАДЖЕТИ СУУДА ЧӨКТҮРБӨЙТ

Адамдын суудагы коопсуздугун сактоо жаңы деңгээлге чыгат. Себеби сууда сүзүүнүн сүйүүчүлөрү үчүн жаңы "Ploota" гаджети ойлоп табылды. Аны сууга түшөр алдында моюнга тагып алуу керек. Ал адамдын кыймыл аракетинен улам анын сууга чөгүп бара жатканын сезет да, автоматтык түрдө куткаруучу каражат болуп желденген баллонго айланат. Мындай абалда гаджет 6 саат бою адамды суу бетинде кармап тура алат дешет анын негиздөөчүлөрү. Бул гаджетти жарыкка чыгаруу үчүн ойлоп табуучулар учурда каражат топтоо менен алек болуп жатышат.

ӨЗГӨЧӨ СЫНАЛГЫ – "THE FRAME"

Жыл сайын Лас-Вегаста өткөрүлүүчү электроника жана техника көргөзмөсүндө быйыл Samsung компаниясы тарабынан чыгарылган өзгөчө сыналгынын бет ачары болду. Ал "The Frame" деп аталып, кызыктуу кызматтарды камтыйт. Алсак, бөлмөдө адам жок учурда өз алдынча күтүү режимине түшүп калат. Бөлмөгө адам кирер замат иштей баштайт. Анын жасалгасы дубалга таккан сүрөт сымал. Сыналгы өчүрүлөр замат анын экранында үйдүн жасалгасына ылайык дүйнөлүк сүрөтчүлөрдүн эмгектери пайда болот. Көпчүлүктү суктандырган "The Frame" сыналгылары үстүбүздөгү жылдын аягына чейин дүйнө жүзүндөгү атактуу музейлерде кардарлар үчүн тааныштырылат.

FACEBOOK БАЛДАР ҮЧҮН МЕССЕНДЖЕР ЧЫГАРАТ

Бул кызматтын негизги милдети ата-энелерди балдарынын интернет аркылуу кандай кызматтарды колдонуп жатканын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ кылуу. Мессенджер "Talk" деп аталып, Facebook тармагына байланбайт, аны менен 16 жашка чейинки өспүрүмдөр колдоно алышат. Мессенджердин кызматы аркылуу балаңыз кандай сайтка баш бакканын, ким менен маектешкенин, эмне оюн ойногонун чоңдор үчүн ылайыкталган мессенджер аркылуу көзөмөлдөй аласыз. Азырынча ата-энелердин негизги жардамчысына айлана турган мессенджердин колдонууга берилчү күнү белгисиз.

Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан