3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ

(Башталышы өткөн сандарда)

Раунд башталар замат Калыстын чабуулу күчөп, атаандашын бурчка такады. Шерзат чарчай түшүптүр. Бурчта коргонууга мажбур. Узатылган соккулардын кээ бирин тосконго үлгүрсө, кай бири таамай болуп жатты. Мындай абалда көп убакыт тура албай, Шерзат өзүн жоготуп баратты. Азат Эркинбаевичтин кыйкырган сөздөрү бирин-серин угулуп жатты. Калыс жеңиштин даамын сезгендей. Чабуулун күчөтүп, соккуларды жаадырууда. Анын оң колунан узатылган соккусунан буйтай бергенде, экинчиси Шерзатка таамай тийди. Канатка сүйөнгөн боюнча кулады. Ортого рефери түшүп, эсеп санын ачты. Беттешти көрүп жаткандар уу-дуу түшүп калышты. Ышкырык-сүрөөн.
Мушкер биринчи нокаутун өмүр бою унутпайт делет. Атаандашын нокаутка кетирген учурду эмес, өзү учураган нокаутту. 10го чейин санагыча Шерзат тура албай калса, анда беттеш бүтөт. Тизе бүгүп отуруп калган Шерзат Калыстын жеңдим деп көтөргөн колун көрүп, өзүнө келе түштү. "Беттеш дагы бүтө элек..." деди ичинен. Ага тийген сокку анчейин катуу деле болгон эмес. Шерзат атайын кулады. Бурчка такалган абалдан эптеп чыгуу аракетин көрүү керек болчу. Рефери 7ге чейин санагыча Шерзат беттешти улантууга даяр экендигин көргөздү.

ххх

– Бул жагы абдан кызык болуп жатат. Бизге ушундай жигиттер керек экендигин түшүнөсүң да.
– Бирок тиги машыктыруучунун балдары жеңип келе жатат. Сүйлөшкөн боюнча утулган жигиттерди бизге алып келмек да.
Арслан Байышбекович жанында отурган жардамчысын жаман көзү менен карап калды. 
– Сен али эч нерсени түшүнгөн жоксуң. Жек менен Айдар экөө тең бизге иштеп баштаган. Тигине, керектүү балдарды даярдап жатканын көргөн жоксуңбу?..
– Балдар жаш экен. Биздин жумуштарга жарайбы же?..
– Ошон үчүн экөөбүз ушул жерде отурабыз. Татыктууларын гана тандап алабыз. Аларга жумуш камсыздап беребиз. Жаркын келечек тартуулайбыз. Көрөсүң, өздөрү кийин бизге рахматын айтышат.

ххх

– Шерзат, анын оң колунан кач, буйта! Дагы ошондой бир-эки соккусун өзүңө өткөрүп жиберсең, ак сүлгүнү ыргытам! Акыркы машыгууну эстечи, оң кол менен жеб, сол менен кросс! Жеб – кросс, жеб – кросс...
"Беттештин 2-раунду бүттү. Кайдагы жеңиш?.. Жок, жок, бул беттеш меники..." тыныгууда кызыл бурчтагы Шерзаттын ойлору да рингдеги эки мушкердей бири-бири менен алпурушуп жатты. Шерзат дароо селт этти. Оң жагындагы алдыңкы орунда отурган Мединаны көрдү. Шерзат үчүн Азат агайдын сөзү эмес, Мединанын көздөрү керек болчу...
Аида экөө Шерзатты колдогону келишиптир. Мединанын аялуу көз карашы эсине келтирди. Анын көзүнчө жеңилүүгө намыс жол бербейт. "Шерзат... Шерзат..." кулагына Мединанын сөздөрү гана угулуп жаткансыйт.
– Акыркы раунд. 3 мүнөт чыдап кой. Татыктуу беттешип жатасың. Мен даяр турам, белги берсең эле ак сүлгүнү ыргытканга даярмын. Раундду чабуул менен башташың керек. Бир аракет кылып көр!
– Жарайт, агай!

ххх

3-раундга старт берилди. Шерзаттын чабуул менен баштаганы Калыс үчүн күтүүсүз болду. Ал мындайды таптакыр күткөн эмес. Бир-эки соккусунан буйтап кетсе, үчүнчүсү таамай тийди. Атаандашынын кетенчиктеп жатканын көргөн Шерзат алдыны көздөй умтулуп жатты. Машыктыруучусу айтканды аткарып, өзүнө ишене түштү. Көк бурчка такалган Калыс бат эле курман болуп кала тургандардан эмес. Эки колун Шерзаттын моюнуна асып, клинч абалга ыктады. Мындай учурда эки мушкер тең бири-бирин коё бербей, сокку узатканга аракет кылат. Бирок эч майнапсыз. Шерзат Калыстын асылган колунан бошонуп, сокку узатып жиберди. Ичке тийген сокку атаандашын өзөрттү. Коргонуусуз калган Калыска Шерзат дагы эки сокку узатты. Калыс полго суналды. Рефери дароо беттешти токтотту. Бул – нокаут!
Шерзат өзү ишене албай турду. "Азамат, азамат!" деген күйөрмандардын сөзү кулагына жаңырат.
– Азамат, Шерзат! Азамат!
Азат Эркинбаевичтин чын дилинен кубанып жатканын көрүп, Шерзат ыраазы болуп турду. Рефери ортого келип, Шерзаттын колун көтөрдү. Бул – жеңиш!
– Мыкты беттеш өткөрдүң. Куттуктайм!- Жек Калыс утулуп калганына көп деле маани берген жок.
– Сенден чоң мушкер чыгат. Шерзат, муну таштаба.

ххх

Рингге жете электе Жектин машыктыруучулук милдетин аркалап жатканын көрдү. Качантан бери өзүнө жылуу көрүнбөсүн, бүгүн ал эч кандай сезимдерди тартуулаган жок. Тескерисинче, жолугуп калганына сарсанаа болду. "Бир жоголуп кеткенден кийин ошол бойдон дайынын билгизбей койсо болмок. Балким, мени байкабай калаттыр" деп ойлогуча Жектин үнү угулду.
– Медина, сен бул жакта эмне кылып жүрөсүң? Мени издедиңби?..
Жек Мединаны көрүп сүйүнүп кетти. Кубанганынан чуркап чыгып, Мединаны кучактап калды.
– Медина, сагындым сени.
– Салам, Жек...
– Билем, көптөн бери дайынымды билгизген жокмун. Шарт ушуну талап кылды.
– Шарттар экөөбүздү чогуу болтурбайт го. Тагыраагы, сенин шарттарың.
– Мына бүгүн бүтөт, ал шарттар. Бүгүнтөн тарта сенин жаныңдан чыкпайм. Сөз берем.
– Бүгүн кеч болуп калды. Жек, эми экөөбүздүн жолубуз эки башка.
– Мен эч нерсе түшүнгөн жокмун...
Жек кызды суроолуу карады. Медина анын колунан бошонду да, түз эле рингдин ортосуна чейин кирип барды. Шерзатты бекем кучактап жиберди. Бул жеңишти Шерзаттан кем эмес күткөн Медина болчу.
– Куттуктайм, чемпион! Мен ишенгем сага, сен татыктуусуң!
– Сенсиз мен жеңишке жете алмак эмесмин.
– Кандайча? Бул сенин гана аракетиң.
– Жанымда сени көрүү, сезүү мага жетиштүү. Сен колдоп турганыңда эч ким мен үчүн атаандаш боло албайт.
Шерзат сөзүн айтып бүткүчө Медина өөп жиберди. Жеңиш мүнөттөрүнө ушул эле жетишпей турган. Шерзат эч каршылык көрсөткөн жок. Бул мүнөттөрдө андан өткөн бактылуу адам жоктой сезилип жатты. Жек көрсүн дегениби, айтор, Медина Шерзаттын кучагынан чыккысы келбей жатты.
Медина кимди тандаганы белгилүү болду. Демек, бүгүн Шерзат эки адамды нокаутка учуратты. Калысты полго сулатса, Жекти Мединасыз калтырды. Өз колунан кантип тарттырып жибергенин өзү билбей калды. "Баарына өзүм күнөөлүүмүн. Бул сүйүү беттешинде утулганымды моюнга алуу керек. Же азырынча эртеби?.." Эки жаштын бири-бирин кучактап турганын көргөн Жек өзүн бир кызык сезип жатты. "Кызык, экөө бири-бирин кантип таап алышты болду экен? Шерзат айылдык эле жигит эмес беле? Кыздарды түшүнүп болбойт" ойлонуп калган Жекти Айдар эсине келтирди.
– Жекшенов, мелдештен кийин Арслан Байышбекович бизди күтүп алат...

ххх

Шерзатты алга сүрөп кыйкырып жатып, Аиданын тамагы кырылдап калды. Шерзаттын жеңишине чын жүрөктөн кубанып турду. "Эми чындап аны жигитим кылып алайын".
Медина унчукпай отурган жеринен туруп кеткенине Аида түшүнгөн жок. Рингдин ортосуна чейин кирип барып, Шерзат экөөнүн өбүшкөнүн көрүп таң кала түштү. "Булар эчак эле табышып алышкан окшойт. Мен кечке ойлонгуча Медина аракет жасап койгон тура. Дагы Медина биринчи. Мунусун да тартып кеткенин!" Аида ызалана түштү.
Бири-биринин кучагынан чыккысы келбей жаткан кыз-жигитке барды. Мединанын бул кылыгын көрүп, Шерзатты куттуктаганды унутуп койду.
– Мага деле айтып койсоңор болмок.
– Азыр аны сүйлөшчү учур эмес. Аида, анан сүйлөшөлүчү.
– Жек дагы билеби муну?
Аида Мединанын талуу жерин баскандай, өзүнө-өзү ыраазы боло түштү. Шерзат сөзгө аралашты.
– Кайсы Жек?
– Шерзат, сага шашпай айтып берем. Сен жуунуп-тазаланып келе бер. Биз ушул жерде эле болобуз.
– Бактылуу болгула эми. Шерзатты көргөндөн бери сен соо эмес болчусуң. Аны кандай көздөр менен караганыңды да сезип турчумун.
– Ошондо Шерзатты талашпайсыңбы?
– Ал сеники, кара, кандай бактылуу болуп алганын...

(Уландысы кийинки санда)

Алибек Алиев

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Ferueg
2017-06-12 09:19:42
Ошондо мен биринчи окшойм())
-2
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2017-06-12 09:41:51
Мен экинчи
-2
Han1111
2017-06-12 13:11:38
Боксер болгум келип кетти...)
+1
Dilbaranurdinova
2017-06-12 16:04:57
Шерзатты мединадан кичине элестете берем
+2
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан