Жакында жаңы сериал... «МЕНИН КЫЯЛЫМ»

– Эгерде баары башынан башкача болсо кандай болмок? Сен ата-энеңдин карызын төлөш үчүн иштеп кетпегениңде? Акча үчүн түрдүү кордук көрбөгөнүңдө, мен жалган жалаага ишенип ызам менен жиндилик кылбаганда, кичинекей мамлекетибизди курганда?..
– Хм, бул жөн гана кыял. Кыялдар ишке ашпайт.
– Кыялданганды мага сен үйрөткөнсүң.
– Демек, жакшы нерсе үйрөтпөгөн экем.
Жамиля терс бурулду. Сиңдиси Нуриляны элестетти. Эки кыздын тагдыры бир түйүнгө түйүлүп, тап жылдырбай кармап турду. Булардын башынан көп нерселер өттү. Акча үчүн баарын кечкенге даяр апасы, сөзгө келбеген момун атасы, чынжырдай чырмалган карыз, асман менен жердей айырма бар мүнөздөрү, деги көп нерселер бар эле...
Окурман, каармандарыбыздын тагдырынан акча үчүн чет жерге кеткен кыздарыбыздын тагдырын көрөсүз. Кээде жеңип, кээде жеңилип, бирок кыялдарын коё бербеген эки кыздын тагдыры сизди кызыктырса, сериалыбызды кууп окуйсуз деп ишенебиз.

Айлин Д.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан