АЛЛА ПУГАЧЁВАГА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ
68 жаштагы Орусиянын примадоннасы Алла Пугачёвага бир нече күн мурун олуттуу операция жасалды. Ырчы өзүн жаман сезип, дарыгерлерге кайрылган. Жыйынтыгында Москвадагы клиникалардын биринде кан тамырдын май түйдөкчөлөрү менен бүтөлгөн жерине стент коюлган. Мындай операцияны Пугачёва буга чейин да 2008-2010-жылдары башынан өткөргөн.
ЖОРЖ КЛУНИ ЭГИЗДЕРДИН АТАСЫ БОЛДУ
56-жайын тосуп алган актёр Жорж Клуни "Тез жардам", "Түн киргенден таң аткыча", "Тыңчынын балдары" сыяктуу тасмалары менен белгилүү. Ал 6-июнда биринчи жолу наристе жытын жыттады. Ага жубайы Амаль Аламуддин бир кыз, бир уул төрөп берди. Бакытка бөлөнгөн ата-эне уулуна Александр, кызына Элла деген ысым ыйгарышты. Учурда балдарынын жана жубайынын акыбалы жакшы экенин билдирди.
Эске салсак, Жорж Клуни 1989-жылы актриса Талия Болсамга үйлөнүп, 4 жыл бирге жашашкан. Андан кийин бир нече актриса менен сүйүү мамилесин курган деп айтылып келет. Ал эми британиялык юрист Амаль Аламуддинге 2014-жылы Венецияда укмуштуудай үйлөнүү той берип баш кошкон. Үч жыл аралыгында экөөнү "ажырашат экен" деген да сөздөр тарады. Бирок ал сөздөр чындыкка дал келбесин жаңы туулган ымыркайлар далилдешти көрүнөт. Баса, түгөйлөрдүн ортосунда 22 жаш айырма бар.